ЕВРОРЫНОК: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:35, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЕВРОРЫНОК (англ. Euromarket) – операциялары евровалюталарда ишке ашырылуучу ссуда капиталдарынын эл аралык рыногу. Батыш Европада 1950-жылдарда пайда болгон. Е. финансылык глобалдаштыруунун бир түрү болуп саналат. Е-тун катышуучулары: карыздакорлор – көбүнчө ар түрдүү өлкөлөргө капитал салууну финансылоо үчүн кредитке муктаж улуттар аралык монополиялар‚ о. эле тартыш төлөм балансына ээ мамлекеттер; эл аралык кредит операцияларын чет өлкөлүк валютада (евровалютада) ишке ашыруучу кредиторлор – менчик коммерциялык банктар. Е. бир нече секторду камтыйт: евровалюта рыногу (кыска мөөнөттүү – бир жылга чейин – банктар аралык депозиттер)‚ еврокредиттер рыногу (кредиттик макулдашуу м-н жазылуучу 2–10 жылга орто мөөнөттүү ссудалар)‚ еврофинансы рыногу (орто ж-а узак мөөнөттүү карыздар‚ 10дон 15 жылга чейин). Е-тун экономикага таасири кош мүнөздө болот. Бир тараптан‚ ал мамлекеттер аралык масштабдарда микрочарбалык байланыштарды‚
өндүрүштүк концентрацияны ж-а капиталды борборлоштурууну өнүктүрөт. Экинчи жагынан‚ Е. өлкөгө чет өлкөлүк капиталдын өтө агып киришин‚ тескерисинче, улуттук валютанын чет
өлкөгө агып чыгышын токтотуу үчүн өкмөттү
мезгили м-н валюталык ж-а кредиттик чектөөлөрдү киргизүүгө мажбурлоо м-н, айрым өлкөлөрдүн улуттук акча-кредит системасына дезорганизациялоочу таасир көрсөтөт.