ЕГИПЕТ ТААНУУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:35, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЕГИ́ПЕТ ТААНУУ , е г и п т о л о г и я – Байыркы Египеттин археол. эстеликтерин, архрасын, мад-тын, жазуусун ж-а тилин изилдөөчү комплекстүү илим; чыгыш таануунун бир тармагы. Е. т-га фр. илимпоз Ф. Шампольон негиз салган. Ал египет иероглиф жазууларын чечмелөө б-ча изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы тууралуу Париж академиясында билдирүү жасаган 1822-ж. 27-сентябрь Е. т. илими жаралган күн деп эсептелет. Ф. Шампольон Розетта ташы ж. б. эстеликтердеги жазууларды иликтеп, египет жазуусун окуунун ачкычын тапкан, кийин египет тилинин 1-сөздүгүн ж-а грамматикасын түзгөн. 1828–30-ж. Шампольон Египет экспедициясына башчылык кылган, көптөгөн эстеликтерди жыйнап, аларды ил. жактан сыпаттап жазган. Шампольондун ишин улантышкан И. Розеллини (Италия), К. Р. Лепсиус, Г. Бругш, Г. Эберс (Германия), Э. Де Руже, Ф. Шабанын (Франция) Байыркы Египеттин тили, жазуусу ж-а тарыхы б-ча изилдөөлөрү бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жогото элек. 1851-жылдан Египетте археол. эстеликтерди изилдөө иштери системалуу жүргүзүлүп келет. 19-к-дын 90-жылдарында А. Эрман Е. т-нун берлин мектебин негиздеген. 19-к-да Россияда Е. т. б-ча алгачкы изилдөөлөр пайда болгон. Декабрист Г. С. Батеньков 1824-ж. Шампольондун «Иероглиф системасынын очерки» эмгегин кыскача баяндап чыккан. 1827-ж. 10-январда Шампольон Императордук ИАнын ардактуу мүчөсү болуп шайланган.
1826-ж. Императордук ИА Миландан байыркы Египетке тиешелүү көп коллекция алган, ал 1862-ж. Эрмитажга өткөрүлүп берилген. 19-кдын акырында орус египет таануучусу В. С. Голенищев Египетке бир нече жолу экспедицияга барып, байыркы эстеликтерди жыйнаган, жазууларды көчүрүп алган. Ошонун натыйжасында Москвадагы А. С. Пушкин атн. сүрөт музейи жаӊы коллекциялар м-н толукталган. 1887-ж. орус египет таануучусу О. Э. Лемм Петербург ун-тинде Е. т. илими б-ча курс ачкан. Ал курсту 1896-жылдан Байыркы Египеттин тарыхы ж-а ад-ты б-ча эмгектердин автору Б. А. Тураев алып барган. 20-к-дын 20-ж-нда Г. Грапов, Г. Кеес, Э. Отто, В. Хельк (Германия), А. Гардинер, Б. Ганн, Э. Пит (Улуу Британия), П. Лако, Г. Лефевр, Э. Дриотон (Франция), Г. Юнкер (Австрия), С. Донадони (Италия), Д. Уилсон, Р. Паркер, Р. Каминос (АКШ), Ж. Вергот, Ж. Капар (Бельгия) ж. б. окумуштуулар тарабынан Е. т. илими улантылган. Асуан плотинасын куруу учурунда анын аймагында жайгашкан тарыхый эстеликтерди сактап калуу максатында ЮНЕСКОго караштуу атайын эл аралык к-т түзүлүп, Египетке ж-а Суданга бир катар өлкөлөрдөн археол. экспедициялар уюштурулган. Сов. египет таануучулар Батыш Европанын жакшы салттарын өрчүткөн. Байыркы Египеттин социалдык-экон. мамилелерин сов. окумуштуулар, асыресе В. В. Струве кеӊ-кесири изилдеген. Дүйнөдөгү Е. т-нун ири борборлору болуп – Берлин, Бонн, Париж, Лондон, Москва, Санкт-Петербург, Оксфорд, Чикаго, Бостон, Милан, Женева, Вена, Прага, Каир ш-лары саналат. Каирдеги Египет музейи – дүйнөдөгү байыркы египеттин эстеликтери сакталган эӊ ири музей. Египетте өкмөттүн уруксаты м-н бир катар өлкөлөрдүн (АКШ, Улуу Британия, Бельгия, Италия, Германия, Нидерланд, Польша, Франция) туруктуу ИИИлери, мекемелери иш жүргүзүп келет.
Ад.: История отечественного востоковедения до середины XIX в. М., 1990.