ЕГИПЕТТИКТЕР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:35, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЕГИПЕТТИКТЕР – 1) Египет калкы; 2) улут, Египеттин негизги калкы (египеттик арабдар). Араб өлкөлөрүндө, Ирак, Судан, Ливия, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирликтери, Германия, Австралия, АКШда да жашашат. Саны 62 млн киши, а. и. Египетте 58,5 млндой (2007). Араб тилинде сүйлөшөт. Негизинен мусулма н-с у нни т т е р. Этностук өзөгүн копттор түзгөн. 7- к -да Е ги пет т и арабдар бас ып

алып, жерг. копт, берберлер м-н аралашкан. Негизги кесиби – дыйканчылык, мал чарбачылык. Карапа, темир, жыгач, тери (крокодил териси) иштетүү, зергерчилик өнүккөн. Е. мад-ты б-ча арабдарга жакын. Шаардыктар кыштан ж-а таштан салынган жер ортолук деӊиз тибиндеги эки кабат, кедейлери дубалы топурактан согулган үйлөрдө жашашкан. Эркектер кенен ыштан, жеӊдүү ак көйнөк, кышкысын судейри (жамынуучу жеӊсиз сырт кийим), куфтан (жеӊдүү узун чапан), башына топу кийип же селде оронушат. Аялдар кенен ыштан, кофта же жеӊдүү кенен кара көйнөк кийип, белине кездеме белбоо курчанып, шалы жоолук жамынышат.
Ад.: Васильев А. М. Египет и египтяне. 2-е изд. М., 2000.