ЕДИГЕЙ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:35, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЕДИГЕ́Й , И д и г у (1352, кээ бир даректерде 1360–1419/23) – маӊгыт уруусунан чыккан Ак Ордо эмирлеринин бири. «Мунтахаб ат-тауарихи Муиниди» деген эмгекте Токтомуш хандын колунан каза болгон Балтычак Е-дин атасы экени айтылат. 1396-жылдан Едил (Волга), Жайык (Урал) суулары аралыгында өз алдынча бийлик жүргүзүүгө жетишкен. Е. негиз салган Ногой Ордосу анын уулу Нураддиндин (1426–40-ж. башкарган) тушунда толук калыптанган. Кутлук-Темир м-н бирге Токтомуш ханга каршы согуш жүргүзүп, ал өлгөндөн кийин (1399) иш жүзүндө Алтын Ордодогу бийликти өз колуна алып, мурдагы Жучу улусуна караган аймакты акыркы жолу бириктирген Е. болгон. 1406-ж. Батыш Сибирде Токтомушту өлтүрүп, 1407-ж. Булгар хандыгына жүрүш уюштурган. Алтын Ордого кайрадан салык төлөтүү үчүн орустарга аттанып барып (1408), Серпухов, Дмитров, Ростов ж. б. ш-ларды талкалап, Москваны курчоого алган, бирок багындыра албай кайткан. Алтын Ордодо башталган так талашуулардын натыйжасында 1410–12-ж. Хорезмге качууга аргасыз болгон. Бирок ал жактагы Герат ханы Шахрук тарабынан куулуп чыгып (1414), Сарайчук ш-на жакын жерде Токтомуштун уулдары колдуу өлгөн. Түрк тилинде сүйлөгөн элдер (ногой, башкыр, татар, кара калпак) айткан «Едигей» эпосунун башкы каарманы. Кыргыз фольклорунда да көп кезигет.
Ад.: Жирмунский В. М. Тюркский георический эпос. Избр. труды. Л., 1974; Трепавлов В. В. История Ногайской Орды. М., 2001; Селезнев Ю. В. Политик и полководец Золотой Орды Эмир Идигу (Едигей). Воронеж, 2001.