ЕЛИЗАВЕТА II: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:35, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЕЛИЗАВЕ́ТА II, Елизавета Александра Мария (21. 4. 1926-ж. т., Лондон) – Улуу Британия ж-а Түн. Ирландия Бириккен Королдугунун ко­ролевасы (Виндзор династиясынан). Мамл. ан­гликан чиркөөсү­нүн башчысы. Гу­манитардык би­лим алып, экинчи дүйнөлүк согушта 3 жумалык аскер курсун бүтүргөн. 18 жашында мамл. к е ӊешчи бол у п дайындалып, ата­сы Георг VI дүйнө­дөн кайткан соӊ такка отурган (6. 2. 1952). Филипп Эдинбургга күйөө­гө чыгып (1947), принцтер Чарльз (194 8), Эндрю (1960), Эдвард (1964), принцесса Аннаны (1950) төрөгөн. Улуу Британиянын конституциясы б-ча Е. II мамле­кет башчысы болуп эсептелип, формалдуу түрдө согуш жарыялоо, тынчтык келишимин түзүү, парламентти чакыруу, таратуу, жогорку мамл. кызматка татыктуу кишилерди дайындоо уку­гуна ээ. Маанилүү маселелер б-ча Е. II жума сай­ын премьер-министр м-н жолугуп, кеӊешип, өз ой-пикирин айтып турат. Е. II – дүйнөдө эӊ бай адамдардын бири. 1993-жылдан ыктыярдуу түр­дө салык төлөй баштаган.

Ад.: Попов В. И. Жизнь в Букингэмском дворце: Елизавета II и королевская семья. 2-е изд. М., 1996; Остапенко Г. С. Британская монархия от королевы


Виктории до Елизаветы II. Концепция управления и личность суверена. М., 2006.