ЕЛЬЦИН: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:35, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
Е́ЛЬЦИН Борис Николаевич [1. 2. 1931, Урал (азыркы Свердлов) обл., Талица р-ну, Бутка

кыш. – 23. 4. 2007, Москва] – россиял ык пар т . ж-а мамл . и шмер; РФтин алгачкы президенти [10. 7. 1991 (25. 12. 1991- жыл га чей и н РСФСРдин) – 31. 12. 1999]. Урал политех. ин-тун бүтүргөн. 1968–76-ж. КПССтин Свердлов обкомунун курулуш бөлүмүнүн башчысы, секретары, 1976-жылдан 1-секретары, 1985–87-ж. Москва шааркомунун 1-секретары. М. С. Горбачёв жүргүзгөн реформаларга (к. Кайра куруу) каршы болгондугуна байланыштуу 1987-ж. ишинен алынып, СССРдин Мамл. курулуш министрлигинин төрагасынын орун басарлыгына дайындалган. 1989-ж. СССР, 1990-ж. РСФСР эл депутаты. 1990-ж. КПССтин 28-съездинде Компартиянын мүчөлүгүнөн баш тарткан. 1990– 91-ж. РСФСР Жогорку Советинин төрагасы, 1991–99-ж. РСФСРдин Президенти болуп иштеген. 1991-ж. августта Өзгөчө абал б-ча мамл. к-ттин (ГКЧП) ишмердүүлүгүнө каршы чыккан демокр. күчтөрдү жетектеген (к. Август кризиси, 1991). Е-дин демилгеси м-н РФтин демокр. жаӊы конституциясы кабыл алынып (12. 12. 1993), Мамл. Дума шайланган. 1994–96-ж. Россия м-н анын курамындагы Чечен Респ-нын ортосундагы согушка байланыштуу сынга алынган. Экон. реформаларды жүргүзүүдө кемчиликтерди кетирген. Е-дин бааларды либералдаштыруу б-ча указы (2. 1. 1992) өлкөдөгү инфляцияны эӊ жогорку деӊгээлге жеткирген (гиперинфляция). Экономиканы көтөрүү үчүн Россия башка мамлекеттерден чоӊ кредиттерди алып, 1998-ж. Россиянын тышкы карызы 170 млрд долларды түзгөн. Е. 1991-ж. декабрда Украина ж-а Беларусиянын жетекчилери м-н бирдикте СССРди таркатып, КМШны түзүү ж-дөгү Бело-
вежа макулдашуусунун демилгечиси. АКШ президенти Ж. Буш м-н СНВ-1 (стратегиялык-чабуул коюучу куралданууну чектөө; 1991), СНВ-2 (1992), достук, кызматташуу ж-а бири бирине жардам көрсөтүү ж-дө (1992), о. эле Ташкентте КМШнын 6 мамлекети м-н коллективдүү коопсуздук ж-дө (1992), ЕС м-н кызматташуу ж-дө (1994) келишимдерди түзгөн. 1999-ж. НАТОнун Югославиядагы агрессиясына каршы чыккан. 1996-ж. Россия АСЕАНдын толук укуктуу шериктеши болуп, 1997-ж. «Өнүккөн 7 мамлекет» уюмуна кирген. 1999-ж. ыктыярдуу түрдө президенттик кызматын В. В. Путинге өткөрүп берген. Ленин, 1-даражадагы «Ата Мекен алдында сиӊирген эмгеги үчүн» ж. б. ордендер м-н сыйланган. Кыргыз-Славян ун-тине ысмы ыйгарылып, Ысык-Көлдүн жээгине эстелиги тургузулган.