ЕНИСЕЙ ЖАЗУУЛАРЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:35, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЕНИСЕ́Й ЖАЗУУЛАРЫ – Енисей д-нын жогорку өрөөндөрүнөн табылган ж-а байыркы түрк элдеринин, а. и. байыркы кыргыздар 6–10-к-да колдонгон рун жазуусунун эстеликтери. Жазуу эстеликтери Азиянын борб. бөлүгү деп таанылган Тува автоном. респ-нын ж-а Хакас автоном. обл-нун аймактарынан табылган. Рун жазуу эстеликтеринин көбү негизинен Енисей д-нын өрөөнүнөн каттал-

асильевдики боюнча берилди.
гандыктан, ал шарттуу түрдө Е. ж. же Енисей эстеликтери деп аталган. Е. ж-нын мазмунун дээрлик эпитафиялык эстеликтер түзөт. Е. ж. илимде 18-к-дын 2- жарымынан тартып белгилүү болгон. Жогоруда атал-
ган аймактан табылган эстеликтердин саны 200гө жакын. Е. ж-нда 4 үндүү тамга болуп, үнсүз тыбыштар каткалаӊ ж-а жумшак түгөйлөрү аркылуу белгиленгендиктен, үндөштүк жоон ж-а ичке 8 үндүү тыбышты билдирген. Сөздөрдө айрым учурда «э» тыбышын белгилөө үчүн өзүнчө тамга да колдонулган. Е. ж-нда 16 үнсүз тыбыш белгиленген, а. и. б, г, д, й, к, л, н, р, с, т (он тыбыштын) жумшак түгөйлөрү атайын тамгалар м-н жазылган. Мындай комбинациялык варианттардын белгилениши сөздөрдүн үндөшүүсүн туура баамдоого негиз болгон. Эстеликтерде г, д, ж, л, р, п тыбыштары м-н башталган сөздөр жолукпайт. Сөздөрдүн ичинде же аягында бардык үнсүз тыбыштар колдонулган. Азыркы кыргыз тилинде өздөштүрүлгөн в, х, ф, ж, ц сыяктуу тыбыштар Е. ж-да болгон эмес.