ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫНЫН ЖУӉГАРИЯГА КӨЧҮРҮЛҮШҮ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
||
6 сап: | 6 сап: | ||
Ад.: ''Худяков Ю. С.'' Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; ''Самаев Г. П.'' Горный Алтай в XVIII – середина XIX в.: Проблемы политической истории и присоединения к России. Горно-Алтайск, 1991. | Ад.: ''Худяков Ю. С.'' Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; ''Самаев Г. П.'' Горный Алтай в XVIII – середина XIX в.: Проблемы политической истории и присоединения к России. Горно-Алтайск, 1991. | ||
О''. Каратаев.'' | О''. Каратаев.'' |
07:35, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЕНИСЕ́Й КЫРГЫЗДАРЫНЫН ЖУӉГАРИЯГА КӨЧҮРҮЛҮШҮ–17-к-дын башында Жуӊгар
коӊтаажысы Цеван Рабдан (1699–1727) тарабынан жүргүзүлгөн саясий иш-чара. Ал Борб. Азияда түзүлгөн саясий кырдаалды, Кытай м-н Россия тараптан болгон коркунучту эске алып, Эмел-Гол д-нын боюндагы ж-а Түш. Сибирдин көчмөн калкын (кыргыз, телеут, мингат) ордосуна жакын көчүргөн. Буга негизинен Пётр Iнин Томск, Краснояр, Кузнецк ш-нын аскер башчыларына «кыргыздарды күч м-н тынчтандыргыла» деген көрсөтмөсүнө ылайык 1701–02-ж. орус аскеринин бир нече ирет жортуулу себеп болгон. Ошондуктан, орустардын Минуса ойдуӊуна умтулушу кыргыздарды өзгөчө чочулатып, алар орус чыӊдоолоруна каршы жортуулун күчөткөн. Мындай кырдаалды көзөмөлгө алуу үчүн Цеван Рабдан 1701-ж. орустарды кыргыздар м-н жараштырууга аталаш иниси Аба-зайсаӊды жөнөтөт, бирок, ал бул буйрукту аткара алган эмес. Натыйжада орустар кыргыздар мекендеген жерлерге кирип, чыӊдоо курууну уланта беришкендиктен, ага жооп катары кыргыздар Абакан, Уйбат ж. б. жерлерге курулган чыӊдоолорго чабуул жасап, сепилдерди өрттөп, коргоочуларын туткундап турушкан. Бирок, салыштырмалуу аз сандуу кыргыздар орустардын аскер күчүнө туруштук бере алган эмес. Ушул жагдайларга байланыштуу 1703-ж. июнь айында Цеван Рабдан кыргыздарды ж-а кыргыздарга караган кыштымдарды Жуӊгарияга көчүрүүгө буйрук берген. Кыргыздар жуӊгар аскеринин көзөмөлү алдында Абакан өрөөнүндөгү Аскиз д-нын куймасына чогултулуп, кеч кирип, таӊ аткан сайын ар бир айылдын калкы санак ташты бирден таштап, санактан өтүп турушкан. Калган таштын негизинде жашынып калгандардын саны аныкталган. Абакан өрөөнүндөгү үйүлгөн дөбө таштар (обаа) ошондон калып, аны хакастар «хыргыс тастары» деп атап калышкан. 20 миӊден ашуун кыргыздар жуӊгар аскерлеринин көзөмөлү астында малы, үй-мүлкү м-н Жуӊгарияга жетишкен. Алар 4 кыргыз аскер башчысынын жетекчилиги алдында коӊтаажынын ордосуна жакын жайгашып, 4000 түтүндөн турган өзгөчө кыргыз отогун (цирцзизилер) түзүшкөн. Бул отокко кыргыздар м-н кошо кыштым-модар, белтир, ариндер ж. б. кирген. Кыргыз аскер башчылары Корчун Еренак уулу, Тангыт Таин Эркин, Шорла Мерген Тайша ж. б. жуӊгар ханына кызмат кылып калышкан. Бирок, айрым орус кабарларында кыргыздарга караган кыштымдардын айрым бөлүктөрү өз жеринде калып калганы эскерилет. Кийин да алардын айрым бөлүктөрү топ-тобу м-н же жалгыздап өз жерине кайтып келишкен. 1757-ж. кыргыздардын негизги бөлүгү кайтып келе жатканда Цин аскери аларга буктурмадан кол салып, кырып салган. Аман калган бөлүгү Манжурияга көчүрүлгөн. Кийин алар Фу-йү кыргыздары деген ат м-н белгилүү болуп калган. 18-к-да Россия, Цин империялары, Жуӊгар хандыгынын курчоосунда енисей кыргыздары согуш, көчүрүү саясатынан кырылып, Саян-Алтайдагы үстөмдүгү аяктаган. Азыркы Түш.-Батыш Моӊголия, Тарбагатайдагы (КЭР) этностук топтор («хыргыс», «шира хыргыс», «хан хыргыс» ж. б.) ошол доордон кабар берет. Е. к. Ж. к-нүн себеби ж-а жагдайы окумуштуулар тарабынан кеӊири изилдене элек.
Ад.: Худяков Ю. С. Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; Самаев Г. П. Горный Алтай в XVIII – середина XIX в.: Проблемы политической истории и присоединения к России. Горно-Алтайск, 1991.
О. Каратаев. 14*