ЕРМОЛОВА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:44, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЕРМО́ЛОВА Мария Николаевна [3(15). 7. 1853, Москва – 12. 3. 1928, ошол эле жер] – орус актё-

ру, Респ-нын эл арт. (1920), Эмгек Баатыры (1924). Театр окуу жайын бүтүрүп (1871), Кичи театрда 1921-ж. чейин иштеген. Е-нын белгилүү ролдору: Иоанна д’Арк ж-а Мария Стюарт (Шиллер, «Орлеан кызы», 1884; «Мария Стюарт», 1886), Лауренсия (Лопе де Вега, «Койлуу булак», 1876), А. Н. Островскийдин чыгармаларынан: Катерина («Добул», 1873), Лариса («Сепсиз кыз», 1880), Евламея («Туткундар», 1880), Негина («Таланттар жана таазим кылуучулар», 1881) ж. б. Е-нын каармандарына туруктуулук, мээримдүүлүк, лиризм мүнөздүү. М. С. Щепкиндин, П. С. Мочаловдун идеяларын, салттарын уланткан. А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, Н. А. Некрасов, Н. П. Огарёвдун лирикаларын көркөм окуган. 1970-ж. Е-нын Москвада үй-музейи (А. А. Бахрушин атн. Борб. театр музейинин филиалы) ачылган.
Ад.: Щепкина-Куперник Т. Л. Ермолова. М., 1972.