Part2 172-бет: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:54, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
Part2 172-бет
тыгыз байланышта кала берген (алардын кат жазышып тургандыктары ж-дө маалыматтар бар). Байыркы перипатетиктердин ичинен Е. – устатынын ишенимдүү ж-а эӊ кыйбас шакирти болгон. Е-дин Аристотелдин трактаттарын изилдеген текстологиялык (герменевтикалык) эмгектери аны антикалык аристотель таануучулардын ж-а чечмелөөчүлүк салттардын баштоочусу катары таанылткан. Байыркы мезгилдеги өтө баалуу ж-а көп цитаталанган тарыхый ил. ж-а дин таануу б-ча эмгектер – Аристотель тарабынан белгиленген «кабылданган ой-пикирлердин» энциклопедиялык жыйындысынын программасын диалектикалык жактан иштеп чыгууну жүзөгө ашыруу Е-дин эмгектеринин орчундуу бир салаасын түзөт. Буларга геометрия м-н арифметиканын, астрономия м-н теологиянын тарыхы кирет ж-а андагы келтирилген цитаталар баа жеткис булактар бойдон калууда.