ЕВРОПА (дүйнө бөлүгү): нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:54, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЕВРО́ПА – дүйнө бөлүгү, Евразия материгинин батыш жагы. Азия м-н чек арасы Уралдын кыры же чыгыш этеги, Урал д-нын өрөөнү, Каспий деӊизи, Кума-Маныч ойдуӊу ж-а Керч кысыгы (кээде Чоӊ Кавказдын кыры м-н), Азов, Кара ж-а Мрамор деӊиздери, Босфор, Дарданелл кысыктары аркылуу өтөт. Аянты 10,2 млн км2 (аралдары м-н). Калкы 583,2 млн (2005, Россиянын калкын кошпогондо). Е. түндүгүнөн ж-а түн.-батышынан Түн. Муз океан ж-а анын деӊиздери – Кара (Карск), Баренц, Ак, Норвег, батышынан ж-а түштүгүнөн – Атлантика океаны ж-а анын деӊиздери – Балтика, Түн., Жер Ортолук, Мрамор, Кара, Азов деӊиздери, түш.-чыгышынан туюк – Каспий көл-деӊизи м-н чулганат. Түзөӊ аккумуляциялык ж-а абразиялык жээктер басымдуу; о. эле ватт (марш), тектон., фьорд, шхер, риас, дальмация тибиндеги жээктер да мүнөздүү. Е-нын эӊ четки учтары: түндүгүндө – Нордкин, түштүгүндө – Марроки, батышында – Рока тумшуктары, чыгышында – Уюлдук Уралдын Байдарата булуӊчасына жакын жайгашкан чыгыш этеги. Аралдарынын аянты 730 миӊ км2дей; эӊ чоӊдору – Жаӊы Жер, Франц-Иосиф жери (Рудольф а-ндагы Флигели тумшугу – Е-нын эӊ түн. чети болуп саналат), Шпицберген, Исландия, Британия, Ирландия,

Корсика, Сардиния, Сицилия, Крит. Жээктери булуӊ-буйткалуу. Е-нын аймагынын 1/ ин Скандинавия, Пиреней, Апеннин, Балкан, Кола ж. б. жарым аралдар ээлейт. Океандан Чыгыш Е-нын эӊ алыс жери 1600 км, Батыш Е-ныкы – 600 кмдей. Айрым геогр. ж-а статистикалык-экон. эмгектерде Е-га Кавказды да (Закавказье, Кавказ өндүрүн дагы) кошот. Адатта Е. эки бөлүккө – Чыгыш Е-га ж-а Батыш Е-га бөлүнөт. Е-нын деӊиз деӊг. орт. бийикт. 300 мдей. Эӊ бийик жери – Альп тоолорундагы Монблан чокусу, 4807 м; эгерде Азия м-н Европанын чек арасы Чоӊ Кавказдын Башкы же Суу Бөлгүч кырка тоосу аркылуу өтсө, анда эӊ бийик жери Эльбрус чокусу (5642 м) болмок. Эӊ жапыз жери Каспий бою ойдуӊу, ал деӊиз деӊг. 28 м төмөн жайгашкан. Рельефинде ойдуӊдуу түздүктөр ж-а дөӊсөөлөр басымдуу; аймагынын 17%ин тоолор ээлейт. Чыгыш Е-нын рельефи бир кылка, анда Чыгыш Европа түздүгү (Орус түздүгү) жайгашкан; түздүктүн түш.-чыгыш бөлүгү (Каспий бою ойдуӊу) деӊиз деӊг. төмөн жатат. Батыш Е-да түздүктөр м-н тоолор болжол м-н бирдей таралган. Негизги түздүктөрү – Ортоӊку Европа түздүгү, Төмөнкү Дунай түздүгү, Орто Дунай түздүгү, Париж бассейни, Падан түздүгү. Борб. Е-га, Түн. ж-а Түш. Е-нын ж. а-дарына жапыз ж-а орто бийик тоолор мүнөздүү. Эӊ бийик тоолору: Альп, Карпат, Пиреней, Скандинавия, Апеннин тоолору, Балкан ж. а-ндагы тоолор. Европанын чыгыш чегинде Урал тоолору жатат. Кээде Кавказ тоолорун да Е-га кошушат. Эӊ байыркы (кембрийге чейинки) тектон. структурасы – Чыгыш Европа платформасы (калкандары: Балтика, Украина), ал негизинен Чыгыш Европа (Орус) түздүгүн ээлейт. Протерозойдун аягы – кембрийде жүргөн Байкал бүктөлүүсүнө Тимань токол тоосу, Печора ойдуӊу, Кола ж. а-нын түн. чет-жакасы; кембрий, ордовик, силур мезгилдерин камтыган каледон бүктөлүүсүнө Шпицберген а., Аюулуу а., Британ а-нын түн. ж-а батыш бөлүктөрү, Ирландия а.; девон, карбон ж-а пермде болгон герцин бүктөлүүсүнө Пиреней ж. а-ндагы тоолор, Франциянын Борб. ж-а Арморикан массивдери, Түш. Уэльс, Арденна, Вогез, Шварцвальд, Гарц, Кендүү тоолор, Богема массиви, Судет тоолору, Силезия, о. эле Урал тоолору, Жаӊы Жер а-нын тоолору; кайнозойдо болгон альп бүктөлүүсүнө – Андалус, Апеннин, Альп, Карпат тоолору, Балкан ж-а Крым ж. а-дарынын тоолору кирет. Исландияда ж-а Жер Ортолук деӊиз аймагынын аралдарында аракеттеги жанартоолор бар. Е. нефть ж-а газ (Волга – Урал нефть-газдуу аймагы, Кавказдын этектери, Түн. деӊиздин шельфтери), көмүр (Донбасс, Печора, Москва, Жогорку Силезия, Рур бассейндери ж. б.), темир (Курск магнит аномалиясы, Украина, Урал, Кола ж. а., Лотарингия, Скандинавия ж. а-нын түн. аймактары), о. эле боксит, түстүү металл, таш ж-а калий туздары ж. б. кендерге бай. Е-нын геогр. абалы анда мелүүн климаттын өкүм сүрүшүнө, ал эми анын үстүндө Атлантика океанынан соккон батыш аба массасынын болушу анда деӊиздик ж-а андан континенттикке өтмө климаттын басымдуу болушуна шарт түзөт. Радиациялык баланстын жылдык орт. өлчөмү бардык жеринде оӊ мааниде, ал түндүктөн түштүктү карай көбөйөт: Арктика аралдарында ал 10-, 50-параллелдерде 40ка жакын, Түш. Е-да 250–290 кж/см2ге (60–70 ккал/см2) чейин. Январда бүт Е-да (Жер Ортолук деӊиз аймагынан ж-а Франциянын басымдуу бөлүгүнөн сырткары) –17ден –4,2 кж/см2ге (–4төн

–1 ккал/см2) чейин; июлда түн. м-н түш. аймактардын айырмасы жоголот, анткени түндүктү карай жылган сайын күн узара баштайт; натыйжада радиациялык баланс Е-нын дээрлик бүт аймагында 34 кж/см2ди (8 ккал/см2ди) түзөт. Аба массасы атм-нын жалпы циркуляциясынын системасына кошулганда, айрыкча кышында жылуулуктун аймак б-ча кайрадан бөлүнүшүнө алып келет. Батыштан соккон аба массасынын жылуулугу Түндүк Атлантика агымынын таасиринен ого бетер күчөйт. Натыйжада, кыш айларынын изотермасы кеӊдик багыттыкынан кыйла айырмаланып, Е-нын басымдуу бөлүгүндө (түш.-чыгышынан башкасы) кышкы айлардын орт. темп-расы кеӊдик б-ча орт. темпрадан кыйла көтөрүӊкү болот. Мис., январдагы жылуу темп-ралык аномалия Жаӊы Жерде, Кола ж. а-нда, Шпицбергенде, Британ а-нда 8°Сден 18°Сге, ал эми Скандинавиянын батышы м-нИсландияда18°Сден24°Сгечейинжетет.
Радиациялык ж-а циркуляциялык факторлор Е-нын климатында мезгилдүүлүктү даана бөлөт. Кыш мезгилинде атм-нын эӊ төмөнкү басымы Атлантиканын түндүгүндө түзүлүп, анда Исландия депрессиясы жайгашат. Андан чыгышты ж-а түш.-чыгышты карай абанын басымы күчөп, Каспий бою ойдуӊуна ж-а Уралдын түштүгүнө чейин жетет. Ал жерлерге Азия антициклонунун бир тармагы да кирет. Азор антициклонунун таасири астында турган Жер Ортолук деӊиз аймагынын батыш бөлүгүнүн үстүндө батыштан соккон ургаалдуу аба массасы өкүм сүрөт. Анын курамындагы циклондор атм. фронттордо пайда болуп, батыштан чыгышка (жогорку кеӊдиктерди карай бир аз кыйшайып) багытталат. Е-нын басымдуу бөлүгүнүн үстүндө уюлдук аба массалары үстөмдүк кылат; түндүктөн Арктика аба массасы кирип, Альп тоолоруна, Балкан, Крым ж. а-на чейин жетиши мүмкүн. Жер Ортолук деӊиз аймагында уюлдук аба мезгил-мезгили м-н тропиктик аба м-н алмашып турат. Кышкы айлардын изотермасы жалпысынан түн.-батыштан түш.-чыгышты карай жылат. Жалпысынан Европанын басымдуу бөлүгүндө мелүүн климат өкүм сүрөт, анын батышына кышы жумшак, жайы салкын океандык климат, чыгышына карлуу суук континенттик климат мүнөздүү. Түн. аймактарынын ж-а Арктика аралдарынын климаты катаал, субарктикалык ж-а арктикалык. Түш. Европага кышы нымдуу, жумшак, жайы ысык, жер ортолук деӊиздик климат мүнөздүү. Январдын орт. темп-расы арктикалык аралдарда –24°Сден түштүгүндө 12°Сге чейин, июлдуку 3°Сден 29°Сге чейин. Европанын эӊ суук жерлери: Печора д-нын алабы (айлык орт. темп-расы –20°С) ж-а Франц-Иосиф жери (–24°С). Печора д-нын алабында Европадагы эӊ төмөнкү темп-ра (абс. минимум) –52°С катталган. Европанын эӊ ысык жерлери – Жер Ортолук деӊиз аймагы (мында июлдун орт. темп-расы 28–30°С) ж-а Каспий бою ойдуӊу (24–26°С). Абс. максимум темп-ра (48°С) Пиреней ж. а-нын түндүгүндө катталган. Жаан-чачындын жылдык өлчөмү жалпысынан батыштан чыгышты карай азаят: 1000–2000 ммден (батыштагы тоолордун айдарым капталдарында) 500–300 ммге чейин (Чыгыш Европада, айрыкча, анын түш.-чыгышында ж-а чыгышында). Эӊ жаанчыл жери – Динара тайпактоосунун батыш капталдарында, анда жаан-чачындын жылдык өлчөмү 4000 ммден ашык. Эӊ кургакчыл жери – Каспий бою ойдуӊу, анда 200 мм ж-а андан да аз жаайт. Арктика аралдарында ж-а Баренц деӊизинин түш. жээгинде – 300–400 мм. Е-га кеӊдик б-ча арктикалык, субарктикалык, мелүүн, субтропиктик типтеги климат алкактары мүнөздүү. Арктиканын европ. секторундагы аралдарды камтыган а р к т ик а а л к а г ы н ы н климаты катаал, кышы чыкыроон суук, узакка созулат, көбүнчө катуу бороон болуп турат; жайы кыска, суук, июлдун орт. темп-расы 5°Сден ашпайт; жаан-чачын көбүнчө кар түрүндө түшөт, буулануу төмөн. Исландиянын, Фенноскандиянын ж-а Чыгыш Европа түздүгүнүн түн. бөлүктөрүн камтыган с у б а р к т и к а а л к а г ы н ы н жайы Арктиканыкына салыштырмалуу узагыраак ж-а жылуураак (июлдун орт. темп-расы 10– 12°Сге чейин), кышы батыш аймактарында жумшак, чыгышы суук; жылдык жаан-чачындын өлчөмү батышында 1000 ммдей, чыгышында 400 мм; жаан-чачынга караганда буулануунун өлчөмү төмөн. Е-нын Жер Ортолук деӊиз аймагынан ж-а Крымдын түш. жээгинен башка калган бүт аймагын м е л ү ү н а л к а к ээлеп, анын түн. бөлүгүнө кыйла суук, бореалдык, түштүгүнө жылуураак суббореалдык климат мүнөздүү. Андан сырткары алкактын батыш бөлүгүнүн климаты деӊиздик, абанын темп-расынын жылдык амплитудасы төмөн, жайында түштүгүндө жылуу, түндүгүндө серүүн, кышы жумшак, түздүктөрүндө кар дайыма жатпайт, жаан-чачын бардык мезгилде, айрыкча кышында арбын жаайт; жетишерлик ж-а ашыкча нымдуу. Алкактын чыгышынын климаты мелүүн континенттик, кышы чыкыроон, суук, кар арбын (түштүгүнөн башка) түшөт; жайы түндүгүндө


серүүн, борб. бөлүгүндө жылуу, түштүгүндө ысык, абанын темп-расынын жылдык амплитудасы жогору; жылдык жаан-чачындын өлчөмү түндүгүндө буулануунун өлчөмүнөн ашат, борб. бөлүгүндө алар теӊдешет, түштүгүндө жаан-чачын буулануудан аз. Жер Ортолук деӊиз аймагын ж-а Крымдын түш. жээгин камтыган с у б т р о п и к а л к аг ы н а жер ортолук деӊиз тибиндеги климат мүнөздүү, кышы жумшак, жылуу, бирок жаанчачындуу (январдын темп-расы 4°Сден 12°Сге чейин); жайында аба ырайы өзгөрмөлүү, кургакчыл, ысык, батышында жылуу климат өкүм сүрөт. Пиренейдин батышына, Апеннин ж. а-на, Балкан ж. а-нын батышына ж-а түн.-батышына жер ортолук деӊиздик климаттын деӊиздик (жайкы кургакчыл мезгилдин кыскалыгы, жаан-чачындын арбын жаашы), ушул ж. а-дын калган бөлүктөрүнө ж-а Крымдын түш. жээгине анын континенттик варианттары мүнөздүү. Е. агын суу катмарынын өлчөмү б-ча (295 мм) дүйнө бөлүктөрүнүн ичинен Түш. Америкадан кийинки 2-орунду ээлейт, ал эми агын суунун көлөмү (2850 км3) б-ча, кургактыктын чакандыгына байланыштуу Австралия м-н Антарктидадан гана мурда турат. Суу агымдары да жалпы нымдуулук сыяктуу эле батыштан чыгышты ж-а түндүктөн түштүктү карай азаят. Е-нын басымдуу бөлүгү Атлантика океанынын, аз бөлүгү Түн. Муз океандын ж-а ички Каспий деӊизинин алаптарына кирет. Ири дарыялары Чыгыш Европада. Эӊ чоӊ дарыясы – Волга (негизги куймалары: Кама м-н Ока). Анын уз. 3530 км, алабынын аянты 1360 км2, суусунун жылдык орт. чыгымы 8000 м3/секдан ашык. Андан кийинки узун дарыялары: Урал, Днепр, Дон, Печора, Днестр, Түн. Двина. Батыш Европадагы ири дарыялар: Дунай (уз. 2850 км, алабынын аянты 807 миӊ км2, суусунун орт. чыгымы 6430 м3/сек), Рейн, Эльба, Висла, Луара, Тахо, Одра. Бул дарыялардын баарында кеме жүрөт, кээ бирлери каналдар аркылуу бири-бири м-н туташат. Көбү гидроэнергетикалык максатта пайдаланылат. Ири суу сактагычтары: Волгадагы Рыбинск, Куйбышев, Дондогу Цимлянск, Днепрдеги Каховка ж. б. Чыгыш Е-нын дарыялары кар, бир аз жамгыр сууларынан куралат; жазында ж-а жайдын башталышында суусу кирет; түздүктүн түн. бөлүгүндө кар кечирээк эригендиктен, суунун кирген учуру жайга туура келет; кышында түш. бөлүгүндөгү дарыялар 1,5– 3 айга, түндүгүндөгүлөр 7–7,5 айга муз м-н капталат. Фенноскандияда кыска ж-а босоголуу дарыялар үстөмдүк кылат; алардын нуктарында көл сымал жайылып аккан жерлери көп, негизинен кар сууларынан куралып, жазында суусу кирет; дарыяларынын ортоӊку бөлүктөрүн 2–3 айга, түн. бөлүктөрүн 7–7,5 айга муз каптайт. Ортоӊку Е-нын түздүктүү аймактарындагы дарыялар негизинен жамгыр сууларынан куралат, кышында тоӊбойт; чыгышыраагындагы дарыялар жамгырга кошумча кар, ал эми Альп тоолорунан башталган дарыялар мөӊгү сууларынан да куралат. Жер Ортолук деӊиз аймагынын дарыяларынын деӊгээли күзүндө ж-а кышында (айрым жерлеринде кышында ж-а жазында) көтөрүлүп, жайында меженге туш болот, ал эми чакан суулар өтө тайыздап, айрымдары соолуп да калат. Айрым дарыялардын суусунун кышкы чыгымы жайкысынан ондогон эсе көптүк кылат. Жер Ортолук деӊиз аймагынын карст өөрчүгөн жерлеринде дарыя курамына жер астындагы суулар да кошулуп, алардын агымын кыйла жөнгө салып турат. Е-нын көлдөрүнүн көбү плейстоцендеги муз каптоого дуушарланган аймактарда (КМШнын европ. бөлүгүнүн түндүгүндө ж-а түн.-батышында, Фенноскандияда, Британ а-нда, Альп тоолорунда ж-а анын өндүрүндө, Польшанын ж-а Германиянын түздүктөрүндө) топтолгон. Бул көлдөрдүн көбү тектон. оёӊдордо, чуӊкурдук, грабен ж. б-да жайгашып, мөӊгүнүн аракетинен чанагы калыптанган. Бул типтегилерге түздүк көлдөрү – Ладога, Онега, Венерн, Веттерн, Меларен, Имандра, тоо этектериндеги көлдөр – Женева, Лаго-Мажоре, Комо, Гарда ж. б. кирет. Муз каптабаган аймактарда көл топтолгон зор аянттар жок. Мындагы эӊ мүнөздүү көлдөр: түздүктөр аркылуу дарыялардын жайылмаларындагы калдык көлдөр, Волганын, Днепрдин, Дунайдын, Понун дельталарындагы, Кара, Азов деӊиздеринин жээктериндеги – лагуна, Балкан ж. а-ндагы Шкодер (Скадар), Охрид, Венгриядагы Балатон ж. б. тектон., Апеннин ж. а-ндагы ж-а Исландиядагы жанартоо, Чыгыш Европа түздүгүнүн чыгышындагы, Балкан, Апеннин ж. а-ндагы карсттык көлдөр. Е-нын көлдөрүнүн көбү тузсуз агып чыкма көлдөр. Кургакчыл түш.- чыгыш бөлүгүндө мала туздуу ж-а өтө минералдашкан туюк көлдөр (Эльтон, Баскунчак) бар. Ушул эле жерде, Азия м-н Е-нын чегинде дүйнөдөгү эӊ ири көл – Каспий деӊизи жайгашкан. Европадагы азыркы м ө ӊ г ү л ө р д ү н жалпы аянты 116 миӊ км2. Алардын көбү Шпицбергенде (58 миӊ км2), Жаӊы Жер, Франц- Иосиф жеринде, Исландияда, Скандинавия тоолорунда жайгашкан, о. эле Альп тоолорунда, Уралдын түн. бөлүгүндө, Пиреней, Сьерра- Невада тоолорунда да мөӊгүлөр бар. Е-нын т о п у р а к к ы р т ы ш ы н ы н ар түрдүүлүгү жалпысынан зоналуулук мыйзамченемине байланыштуу. Топурак пайда болуусу негизинен 4 алкакка бөлүнөт: арктикалык (уюлдук), бореалдык, суббореалдык, субтропиктик. Эӊ зор аянтты бореалдык ж-а суббореалдык алкактар ээлейт. Топурак кыртышынын зоналуулук структурасы ж-а типтери б-ча нымдуу океандык климаттуу Батыш Е-га ж-а континенттик климаттуу Чыгыш Е-га бөлүнөт. А р кт и к а а л к а г ы н д а арктикалык ж-а тундра топурактары пайда болот. Арктикалык топурак Шпицбергенде, Франц-Иосиф жеринде, Жаӊы Жердин түндүгүндө таралып, калыӊдыгы өтө жука, генезистик горизонттору анча байкалбайт. Тундра топурактары Фенноскандиянын түндүгүн, Жаӊы Жердин түштүгүн, Чыгыш Европа түздүгүнүн Түн. уюлдук тегеректен түндүктө жаткан бөлүгүн ээлейт. Тундра топурагы көбүнчө ашыкча нымдалган, аэрациясы начар, орг. калдыктары жай чириген, чиринди горизонту жука топурак; чиринди горизонту төмөн карай көгүш тарткан глей горизонтуна өтөт. Начар дренаждалган оёӊ жерлерде (айрыкча Печора д-нын төмөнкү алабында) тундра топурактары саздак тундра топурактары м-н айкалышат. Б о р е а л д ы к а л к а к Исландиянын, Фенноскандиянын басымдуу бөлүгүн, Британ а-н, Түн. Е. түздүктөрүн, Чыгыш Е-нын Львов – Киев – Курск – Пермь – Екатеринбург сызыгынан түндүктү карай жайгашкан аймагын

камтыйт. Бул алкактын к о н т и н е н т т и к к л и м а т т у у а й м а к т а р ы н д а төмөнкү топурак кыртыштары таралган: түн. тайганын глейлешкен-күл топурагына ашыкча нымдуулук, күлдөшүү, глейлешүү процесстери, орг. калдыктардын жай чирүүсү мүнөздүү; накта күл топурагы тайганын ортоӊку бөлүгүндө өөрчүп, анда басымдуулук кылган жуулуу режиминин үстүӊкү горизонтундагы орг. калдыктардын кыйла бөлүгү төмөн чөгүп кетет; тайганын түш. бөлүгүнө ж-а жазы-ийне жалбырактуу токойдун чымдаккүл топурагына күлдөшүү процессинен сырткары чириндинин топтоло башташы мүнөздүү; Ч ыгыш Е -нын бореал дык ал к агынын эӊ түштүгүндө, жазы жалбырактуу токойдун астында токойдун боз топурагы өөрчүп, анда чымдашуу процесси активдүү жүрөт, чиринди горизонту даана байкалып, анын өлчөмү 3төн 8%ке чейин жетет. Бореалдык алкактын о к е а нд ы к к л и м а т т у у аймактарына топурактын төмөнкү типтери мүнөздүү: чымдак, чым көӊдүү топурак Исландиянын, Скандинавиянын түн.-батышынын, Фарер ж-а Гебрид а-нын субарктикалык шалбаа ж-а сейрек токойлорунун астында өөрчүп, чириндиге байлыгы м-н өзгөчөлөнөт; өтө жуулма чымдак-бозомтук-күл топурак Скандинавиянын ж-а Финляндиянын түштүгүндө, Улуу Британиянын түндүгүндө, Ортоӊку Е. түздүгүндө таралып, айрым жерлеринде токойдун кычкыл күл топурагы м-н айкалышып жатат. Бореалдык алкактагы интразоналык топурактардан төмөнкүлөр таралган: аллювий (а. и. жайпак жээктердеги марш топурактары); карбонаттуу түпкү тектердеги чымдак-карбонаттуу топурак (рендзиндер); тайга зонасында, кыртыш суулары жер бетине жакын жаткан, анча тилмеленбеген түздүктөрдөгү шалбаанын астында чымдак-глей топурагы өөрчүгөн; чымкөӊ-саз топурагы – верещатниктердин астында өөрчүп, начар дренаждалган, чопо катмары үстүӊкү бетке жакын жаткан жерлерге мүнөздүү. Бореалдык алкакта жайгашкан тоолордо тоо тундра, Уралда, о. эле тоонун чымдак-күл тоо токоюнун боз, Шотландияда ж-а Скандинавиянын орто бийик тоолорунда тоонун күл топурактары таралган. С у б б о р е а лд ы к а л к а к т а г ы океандык ж-а мелүүн континенттик аймактардын топурак-кыртыштарындагы зоналык структурасындагы айырмачылык ого бетер күчөйт. М е л ү ү н к о н т ин е н т т и к к л и м а т т у у аймактарда түпкү тектерин лёсс түзгөн талаа зонасында кара ж-а каштан топурактары пайда болот. Токойлуу талаада ж-а талаанын түн. бөлүгүндө күлдөшкөн, жегичтүү ж-а накта кара топурак түзүлүп, ал өӊү кара, калыӊ чиринди горизонту, чириндиге байлыгы (8%тен ашык), карбонаттуу иллювий горизонтунун болушу м-н өзгөчөлөнөт. Кургакчылыраак талаа ландшафттуу аймактарда аз ж-а орто чириндилүү кадимки ж-а түш. типтеги кара топурактар пайда болуп (чириндиси 4–8%), карбонаттуу горизонту жогору жайгашып, тыгыз келет. Молдавия ж-а ага чектеш жайгашкан Румыниянын жерлерин, Азов бою ойдуӊунун чыгышын, Крымдын түздүктөрүн мергелдин ж-а акиташтегинин үстүндө кадимки ж-а мицелярдык-карбонаттуу, аз ж-а орто чириндилүү, бүт горизонту б-ча карбонат арбын таралган түш. типтеги каштан топурактары ээлейт. Кыйла кургакчыл талаа Украинанын түш. бөлүгүн, Төмөнкү Волга боюн, Каспий боюн ээлеп, анда жуулуу режимисиз, чиринди горизонту жукараак, карбонаттуу горизонту өтө тыгыз каштан топурагы өөрчүгөн; Каспий бою ойдуӊунун айрым жерлеринде каштан топурактары шортоӊ кыртыштар м-н айкалышып жатат. Шортоӊ топурактар түпкү тектердин туздуу болушуна байланыштуу. Каспий бою ойдуӊунун эӊ кургакчыл жерлеринде, жарым чөл өсүмдүктөрүнүн астында өөрчүгөн жарым чөлдүн коӊур топурактары кум массивдери м-н айкалышып жатат. Суббореалдуу алкактын о к е а н д ы к к л им а т т у у аймактарында жазы жалбырактуу токойдун астында токойдун коӊур топурагы өөрчүгөн. Бул топурактын профилинде горизонттор даана байкалбайт, коӊур түстөгү иллювий горизонту өтө калыӊ (анткени чополошуу ж-а карбонаттын жуулуу процесси катуу жүрөт). Жеринин бетинин өтө тилмеленгендигине ж-а литологиялык ар түрдүүлүгүнө байланыштуу токойдун коӊур топурагынын жуулуу ж-а күлдөшүү деӊгээли бирдей эмес, көбүнчө күл, чымдак-карбонаттуу топурактар, коӊур рендзиндер м-н кезектешип жатат. Кыйла континенттик климаттуу тоо аралык өрөөндөрдө токойдун коӊур топурагы көбүнчө жука калыӊдыктагы накта ж-а кадимки кара ж-а шалбаалуу кара топурактар м-н алмашат; алардын негизги ареалдары Дунай бою түздүктөрүндө таралган. Ушул эле аймактардын оёӊ жерлеринде шор топурактар кездешет. Орто бийик тоолордун басымдуу бөлүгүн тоо токоюнун коӊур топурактары ээлейт. Карпат, Пиреней, Альп тоолорунда ал топурактардан башка тоонун күл топурагы (1000–1600 м бийиктикте) улам жогорулаган сайын тоо-шалбаа топурагы м-н алмашат. С у б т р о п и к т и к а л к а к т а жайгашкан Түш. Е-га ж-а Крымдын түш. жээгине дайыма жашыл ксерофиттик токойлордун ж-а бадалдардын астында күрөӊ топурактар өөрчүгөн; бул топурак чириндиге байлыгы (4–7%) ж-а бүт профили б-ча карбонаттуулугу м-н өзгөчөлөнөт. Нымдуу аймактарда бул топурак жуулма режимде болуп, карбонаттар кыйла тереӊдикке чейин жуулуп кетет. Балкан ж. а-нын батышында ж-а Апеннин ж. а-нын түш.-чыгышында ж. б. жерлерде «терра росса» (карбонаттуу тоотектердин үбөлөндү продуктулары) кеӊири таралган. Алар өтө карбонаттуу кызыл рендзиндерди пайда кылат. Жер Ортолук деӊиз аймагынын кыйла кургакчыл жерлеринин бадалдуу формацияларынын астында бозомук-күрөӊ топурактары өөрчүгөн. Балкан ж. а-нын тоо аралык түздүктөрүндө, негизги кристаллдык тектердин үбөлөндү продуктуларында өтө тыгыз түзүлүштөгү, чириндиге жарды, өӊү кара смолница топурагы пайда болгон. Жер Ортолук деӊиз аймагынын тоолорундагы тоонун күрөӊ топурагы бийиктеген сайын тоо токоюнун ко- ӊур топурагы м-н алмашат. Е-нын топурак-кыртышынын ичинен кара, токойдун коӊур ж-а боз, о. эле күрөӊ топурактары дыйканчылыкта ке- ӊири, тундра, жарым чөлдүн коӊур топурактары бир аз пайдаланылат; ал эми арктикалык топурак дээрлик пайдаланылбайт. Е-нын ө с ү м д ү к т ө р ү флоралык курамы б-ча Голарктикага кирет. Материктер ортосундагы байыркы ж-а азыркы байланыштардын негизинде Е-нын флорасында Азияныкына, Африк аныкына ж-а Түн. Американыкына мүнөздүү тукумдар, уруулар ж-а түрлөр кездешет. Ал эми эндемиктер салыштырмалуу аз. Е-га өсүмдүктөрдүн төмөнкү типтери мүнөздүү: тундра, бореалдык же тайга, неморалдык (жазы жалбырактуу ж-а ийне-жазы жалбырактуу токойлорду ж-а алар м-н байланыштуу бадалдуу ж-а чөл өсүмдүктүү жалпылыкты камтыйт), талаа, чөл, субтропиктик бадал-дарак өсүмдүктөрү. Булардын ичинен эӊ кеӊири таралганы токой тибиндеги өсүмдүктөр, эӊ аз таралганы – тундра ж-а чөл өсүмдүктөрү. Арктикалык, субарктикалык ж-а бореалдык кеӊдиктерде океандык климаттуу ж-а мелүүн континенттик аймактардын ортосундагы өсүмдүктөрдүн зоналык тиби б-ча айырма анча байкалбайт. Кыйла төмөнкү кеӊдиктерде ал айырма даана байкалат: климаты океандык аймактарда тайга токоюнан түштүгүрөөктө ийне ж-а жазы жалбырактуу аралаш токой, жазы тилкени түзгөн жазы жалбырактуу токой таралган. Ал токойлор субтропик алкагында ксерофилдик дайыма жашыл ж-а дайыма жашыл-жалбырагын күбүүчү аралаш токойлор ж-а бадалдар м-н алмашат. Ал эми климаты мелүүн континенттик аймактарда тайгадан түштүгүрөөктө жазы ж-а ийне жалбырактуу, жазы жалбырактуу токойлор кууш тилкени түзүп, түштүктү ж-а түш.-чыгышты карай токойлуу талаа, талаа, жарым чөл ж-а чөл м-н алмашат (Крымдын түш. жээгинде субтропиктик өсүмдүктөрдүн элементтери кездешет). Е-нын аймагында азыр табигый ландшафт дээрлик жокко эсе; тундра м-н тоонун ландшафттары ж-а фаунасы гана салыштырмалуу азыраак өзгөрүүгө дуушарланган. Мурда негизинен эмен ж. б. дарак өсүмдүктөрүнөн турган жазы жалбырактуу токой текши тилкени түзүп, түндүгүндө ийне жалбырактуу токойго, түштүгүндө жер ортолук деӊиз тибиндеги сейрек токойго өткөн. Токой б. з. ч. 5-к-дан эле Грекияда кыйылып жок кылына баштаган; кийин бул процесс Түш. ж-а Ортоӊку Е-нын башка жерлеринде да кеӊири кулач жайган. Токойдун туруктуу жок кылына башташы табигый биотоптун бир бүтүндүгүн бузуп, аймактын табигый фаунасына ж-а флорасына терс таасир тийгизген. А р к т и к а л ы к т у н д р а ж-а ч ө л ландшафттары Шпицберген, Франц-Иосиф жери, Жаӊы Жер а-нда таралган. Өсүмдүктөрдөн эӊилчек, мамык чөп, чөп өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрү (таш жаргы, каз таман ж. б.) ж-а бадалдар (дриада, уюл талы ж. б.) мүнөздүү. Арктикалык чөл (өсүмдүк өспөгөн таштак жерлер) да кыйла аянтты ээлейт. Н а к т а т у н д р а континенттин түн. ж-а Жаӊы Жер а-нын түш. жээктерин ээлейт, өсүмдүк түрлөрүнө салыштырмалуу бай келип, кыйла текши каптаган. Мында мамык чөп-эӊилчектүү тундра (күрөӊ ж-а жашыл мамык чөптөр, эӊилчектерден ягель ж. б. үстөмдүк кылат, о. эле айрым чөп өсүмдүктөр – драба, бетеге, кызгалдак, таш жаргы кездешет), бадалдар (водяника, казанак) ж-а жапалак бадалдар (жапалак кайыӊ, уюлдук ж-а тегерек жалбырактуу тал) үстөмдүк кылат. Ашыкча нымдуу жерлеринде саздар кездешет. Исландиянын, Скандинавиянын тоолорунда, Уралда тоо тундрасы (түндүктө 300–500 мден, түштүктө 1000–1100 м бийиктиктен жогору) өзүнчө алкакты түзөт. Тундра өсүмдүктөрү түштүктө т о к о йл у у т у н д р а г а өтөт; ага тундранын, саздардын ж-а жапыз өскөн сейрек токойдун (чыгышында карагай, батышында кайыӊ, кызыл к арагай үс тө мдүк к ыл ат) айк ал ышы мүнөздүү. Бул токойлордо мамык чөп-эӊилчектүү ж-а бадалдуу ярустар (ит бүлдүркөн, кара моюл, аюу мөмө, водяника) даана байкалат. Тоолордо мындай токойлор (түндүгүндө 300–400 мден, түштүгүндө 900–1000 м бийиктикке чейин) өзүнчө өсүмдүк алкактарын пайда кылат. Исландияда кайыӊ токою шалбаа ж-а саздар м-н айкалышат. Тундра өсүмдүктөрү айрым жерлерде бугу жайыты катары пайдаланылат. Т а й г а түштүктө болжол м-н 57–58° түн. кеӊдиктерге чейин жеткен жазы тилкени ээлейт. Анда ийне жалбырактуу токой – чыгышында сибирь карагайы, көк карагайы ж-а кара карагайы, батышында – европа карагайы, кадимки кызыл карагай үстөмдүк кылат. Урал өндүрүндө, зонанын түндүгүндө Скандинавияга чейин, о. эле кедрлүү кызыл карагай токою басымдуу. Нымдуу жерлерде бул токойлордун астында мамык чөп, кара моюл, ит бүлдүркөн, вереск, кислица, кургакчыл жерлерде эӊилчек үстөмдүк кылат. Ийне жалбырактуу токойлордон сырткары кайыӊ ж-а байтерек токойлору да кездешет; алар көбүнчө алгачкы токой массиви кыйылып же өрттөнүп кеткен жерлерде өсөт. Тайга токоюнун түн. чет-жакаларында – Фенноскандияда жерг. кайыӊ токою бар. Тайга зонасындагы өсүмдүктөрдүн башка типтеринен жайылма шалбаалары, казанак, кидик дан куурай, клюква, кара моюл өскөн сфагн саздары, чөп өсүмдүктөрү өскөн токой саздары кездешет. Скандинавия тоолорунда ж-а Уралда тайга токою тоо өсүмдүктөрүнүн төмөнкү алкактарын түзөт. Тайга өсүмдүк ресурстарына бай: андан целлюлоза-кагаз, хим. ж-а курулуш ө. ж-лары үчүн жыгач даярдалат; тайгада териси баалуу жаныбарларга (тыйын чычкан, суусар, арыс, түлкү, ак коён ж. б.) аӊ ууланат, жапайы айбанаттардын ж-а куштардын (багыш, рябчик, каракур, кереӊкур ж. б.) эти даярдалат, табигый өсүмдүктөрдүн (ит бүлдүркөн, кара моюл, карагат, четин, моюл ж. б.) мөмөлөрү ж-а козу карын жыйналат. Тайганын шалбаалуу жерлери негизинен бодо мал үчүн жайыт катары пайдаланылат. Ж а з ы ж-а и й н е ж а л б ы р а к т у у а р а л а ш т о к о й тайгадан түштүктө Скандинавиянын түштүгүнөн Уралга чейин созулуп жатат. Балтика бою өлкөлөрүнүн, Белоруссиянын аймактарында, Чыгыш Европа түздүгүнүн борб. бөлүгүнүн батышында аралаш токой эӊ жазы тилкени түзөт. Нижний Новгород ш-нан чыгышты карай аралаш токой тилкеси өтө кууштайт. Зонада ийне ж-а жазы жалбырактуу (эмен, ак чечек, жөкө дарак) токой аралаш өсөт. Кум топурактуу жерлерде кызыл карагай токоюнун ири массивдери бар. Е-да ж а з ы ж а л б ы р а к т у у т о к о й зор аймакты ээлейт. Ал Батыш Е-нын тоолордон башка бүт аймагын ээлеп, түндүгүндө тайга ж-а аралаш токойго, түштүгүндө субтропикке (болжол м-н 40° түн. кеӊдикке) чейин жетет. Карпаттан чыгышты карай жазы жалбырактуу токой тилкеси өтө ичкерип, Урал өндүрүнө чейин созулат, анда зонанын түш. чеги 53–54° түн. кеӊдиктерден өтөт. Жазы жалбырактуу токой өсүмдүктөрүнүн ичинен эӊ кеӊири таралганы – эмен. К л им а т ы о к е а н д ы к а й м а к т а р д а эмендин саптуу эмен, аска эмени (чыгышта Түш. Буг д-на чейин жетет) ж. б. түрлөрү нукура эмен токоюн же кайыӊ (Британ а-нда, Бельгияда, Нидерландда), кадимки граб, жөкө дарак, бук (негизинен Батыш Е-да) аралаш эмен токоюн түзөт. Нукура бук токою дөбө-дөӊсөөлөрдүн капталдарында, тоолордун төмөнкү алкактарында, кышы салыштырмалуу жылуу, абасы өтө нымдуу, бирок топурак кыртышы ашыкча нымдуу болбогон жерлерди ээлейт. Түш. аймактарда, негизинен Францияда каштан токою таралган. Атлантика бою аймагындагы жазы жалбырактуу токойдун астында дайыма жашыл өсүмдүктөрдүн түрлөрү – падуб, самшит, лианалар – плющ өсөт. Кумдуу ж-а таштуу топурактарда (Франциянын түн.-батышында, Британ а-нда, Ортоӊку Е. түздүгүндө) верещатниктер, чөп өсүмдүктүү ж-а чөп-мамык чөптүү саздар, ал эми Түндүк деӊиздин жээктеринде марштын шордошкон шалбаасы кеӊири таралган. Тоо арасындагы түздүктөрдө (Чехия, Орто Дунай түздүгүндө) токой талаага айланып кеткен, айрым жерлеринде шалбаалуу талаа кездешет. Чыгыш Е-нын к л и м а т ы м е л ү ү н к о н т и н е н т т и к аймактарында каштан ж-а бук токойлору кездешпейт; Крымда гана чыгыш бук тоо токою бар. Мында саптуу эменден сырткары жөкө дарак, ак чечек, байтерек, кара жыгач, ал эми бадалдуу ярусунда – лещина, бересклет, шилби өсөт. Токойдун төмөнкү алкактарын 1600–2100 м бийиктикке чейин жазы ж-а ийне жалбырактуу тоо токою ээлейт; алар улам жогорулаган сайын субальп бадалдарына ж-а шалбаасына, бийик тоолордо альп шалбаасына өтөт. Айдоо жерлерди, бак-дарактарды, түш. аймактарында жүзүмзарды кеӊейтүү максатында токой өсүмдүктөрүнүн ири аянттары кыйылып жок кылынган. Токойду калыбына келтирүү максатында жазы жалбырактуу дарактардын (айрыкча буктун) ордуна ийне жалбырактуу дарактар (кызыл карагай, карагай) же тез өсүүчү жазы жалбырактуулар (терек) отургузулган. Субальп ж-а альп шалбаалары жайкы жайыт катары кеӊири пайдаланылат. Е-нын мелүүн континенттик климаттуу аймак тарында жазы жалбырактуу токой дон түштүгүрөөк т о к о й л у у т а л а а созулуп жатат. Анда жазы жалбырактуу токой (негизинен суу бөлгүчтөрдө) шалбаалуу талаа м-н айкалышып жатат; салыштырмалуу нымчыл дүйүм чөптөр (каз таман, сенеция, анемона, көк шимүүр, адонис) басымдуу. Андан да түштүгүрөөктө чымдуу кылкан өсүмдүктөрү (ак кылкандын түрлөрү, бетеге) үстөмдүк кылган н а кт а т а л а а таралган. Накта талаадан түштүккө, салыштырмалуу кургакчыл аймактарда – Украинанын түштүгүнө, Крымдын түндүгүнө, Төмөнкү Волга боюна к у р г а к (т ү ш т ү к) т а л а а мүнөздүү; анда шыбак, ак кылкан, бетеге, буудайык, тырса суйдаӊ өсөт. Е-нын четки түш.-чыгышын суйдаӊ шыбактуу ж-а баялыштуу жарым чөл ж-а чөл ээлейт. Кара ж-а каштан топурактуу талаа дээрлик бүт айдалып, ал жерлерге буудай, жүгөрү, кант кызылча, күн карама ж. б. өстүрүлөт. Талаанын табигый өсүмдүктөрү негизинен коруктарда гана сакталып калган. Жарым чөл ж-а чөл зоналары жайыт (негизинен кой жайыты) катары пайдаланылат. Е-нын субтропиктик бөлүгүндө түздүктөрдө ж-а тоо этектеринде жайкы кургакчылыкка байырлашкан к с е р о ф и л д и к д а й ы м а ж а ш ы л т о к о й ж-а б а д а л д а р таралган. Ал токойлордо таш, кермес ж-а тыгын эмендери, алеп, приморье ж-а италия кызыл карагайы үстөмдүк кылат. Токой бадалдарга бай, токой ичиндеги чөп өсүмдүктөрү жай мезгилинде толук куурап калат. Бадал формацияларынын ичинен эӊ кеӊири таралганы: маквис (филлирея, мирта, ладанник, мисте, асыл лавр, жапайы болуп кеткен зайтундан турат); пальмитос (Е-дагы жапайы хамеропс пальмасынын жалгыз өкүлү; Пиреней ж. а-нын түштүгүндө, Балеар а-нда, Сицилияда); гарига (мында көбүнчө таштак жерлердеги бадал тибиндеги кермес эмени үстөмдүк кылат); томиллари (Пиреней ж. а-нын кургакчыл ички бөлүгүндөгү тимьян, лаванда ж. б. эфир майына бай өсүмдүктөр); шибляк (негизинен жалбырагын күбүүчү, о. эле дайыма жашыл бадалдар); фригана (жапыз өскөн тикендүү бадалдардан ж-а катуу чөптөрдөн турат; Балкан ж. а-нын ички ж-а чыгыш аймактарында). Жер Ортолук деӊиз аймагынын тоолуу бөлүгүндө дайыма жашыл токой ж-а бадалдар алкагынан (түндүгүндө 300–400 мден, түштүгүндө 800–1000 мден) жогору жалбырагын күбүүчү жазы жалбырактуу (эмен, бук, каштан) ж-а ийне жалбырактуу (карагай, көк карагай, кызыл карагай, атлантика кедри) токой алкактары жайгашкан; алар эӊ бийик тоолордо кууш тилкелерди түзгөн субальп ж-а альп алкактарына өтөт. Жер Ортолук деӊиз аймагынын токой, бадалдарынын басымдуу бөлүгү адамдардын аракеттеринен же өрттөн жок болуп кеткен. Азыр алардын ордун буудай, жүгөрү, цитрус өсүмдүктөрү, зайтун дарагы, тыгын эмени, жүзүмзар, бак-дарак, парктар ээлейт; Пиреней ж. а-нын түш.-чыгышында курма пальмасынын Е-дагы жалгыз плантациясы жайгашкан. Эчки, койдун ыксыз көп жайылуусунан тоолордун өсүмдүктөрү да өтө өзгөрүп кеткен. Е. Голарктика зоогеогр. аймагына кирет. Е-нын көп бөлүгү Европа-Сибирь, түн. чети Арктика, Жер Ортолук деӊизге жакын жаткан жерлери жер ортолук деӊиздик, Каспий бою ойдуӊу Борб. Азия аймактарына таандык. Табигый ресурстарды кеӊири пайдалануунун натыйжасында (токой кыюу, ачык аянттарды айдоо ж. б.) айбанаттардын түрлөрү ж-а таралышы кескин өзгөргөн. Мурда көп кезиккен айбанаттар азайып, же биротоло жоголуп, алардын ордуна башка жаныбарлардын түрлөрү көбөйө баштады. Тундра ж-а токойлуу тундрада ак түлкү, алагуш, ак ж-а тундра кекилиги, ак үкү, таажылуу торгой; деӊиз жээктеринде ак чардак, түрдүү каздар, түлөн ж. б. кездешет. Токой зонасында – багыш, каман, түлкү, карышкыр, күрөӊ аюу, жапайы мышык, кирпи, кемчет, ак ж-а сур коён; канаттуулардан – карабоор, кереӊкур, вальдшнеп, сагызган, күкүк, чаркарга, үкү, таркылдак, көк чымчык, бүркүт, карчыга; Чыгыш Европа токойлорунда булардан башка киш, суусар, тыйын чычкан, коён, момолой; Батыш Европа токойлорунда асыл бугу, элик, коён, чээнчилдер кезигет. Талаа ж-а токойлуу талаа зоналарында кемирүүчүлөр ж-а туяктуулар көп: бөкөн (чыгышында), сары чычкан, сур коён, суур, кош аяк, момолой, аламан (хомяк); канаттуулардан – торгой, тоодак, боз кекилик, безбелдек, бөдөнө, ак кулаалы. Жер Ортолук деӊиздик зонада – пиреней ж-а альп тоо эчкиси, аркар, жейрен, альп сууру, чүткөр, кирпи; Пиреней ж. а-нын түш. жагында маймылдардын тукумуна кирүүчү куйруксуз макака (магот) бар. Канаттуулары: тоо тааны, карлыгач, чабалекей, көкшалкы, таранчы, көк сагызган, көк жору.
Антропологиялык курамы.
Е-да 44 өлкө жайгашкан. Анын калкынын жалпы саны 804 млн (2005). Е-нын дээрлик бардык калкы епропеоид расасына кирет. Ал бир нече майда расаларга бөлүнөт: атлантика-балтика (Скандинавия өлкөлөрүнүн, Улуу Британия, Ирландия, Исландия, Нидерланд, Түн. Германия, о. эле Эстония, Латвиянын калкын камтыйт), орто европ. (Батыш Е-нын борб. бөлүгүнүн, КМШнын европа бөлүгүнүн калктары), балкан-кавказдык (Босния ж-а Герцеговина, Македония, Хорватия, Словения, Сербия ж-а Черногория, Түн. Грекия, Австриянын түштүгү, Италиянын түндүгү, Кара деӊизден батышта, чыгышта ж-а түндүктө жашаган калктар), инди-жер ортолук деӊиздик (Испания, Италиянын басымдуу бөлүгү, Франция, Түш. Грекия, Жер Ортолук деӊиздин аралдары), ак деӊиз-балтикалык (Литва, бир аз Латвия, КМШнын европ. бөлүгүнүн түндүгү бүт) ж-а уралдык (лопари, коми, мари, мордва, удмурт).
Этностук курамы.
Е. элдеринин басымдуу көпчүлүгү индиевропалык тил уясына кирген бир нече топко (славян, балтика, герман, кельт, роман, грек, армян, иран о. эле индиарий тил топтору) бөлүнөт. Славяндар Чыгыш ж-а Түш. Чыгыш Е-ны мекендешип, чыгыш, батыш ж-а түш. топчолорунан турат. Чыгыш славяндарга орустар, украиндер (русиндер), беларустар; батыш славяндарга поляктар ж-а кашубдар, чехтер, словактар, лужистер; түш. славяндарга болгарлар, македондор, словендер, сербдер, хорваттар, босниялыктар, черногориялыктар кирет. Балтика тилдер тобуна литвалыктар, латыштар таандык. Герман тилдер тобундагы элдер негизинен Борб. ж-а Түн. Е-да жашашып, батыш ж-а түн. топчолоруна бөлүнөт. Батыш топчосуна немистер, австриялыктар, герман-швейцариялыктар, люксембургдуктар, эльзастыктар ж-а лотарингиялыктар, нидерланддар (голланддар), фламанд, фриз, идиш (европадагы еврей тили), англис тилдүү (англичандар, шотланддар ж-а англ ж-а шотланд-ирланддар) элдер ж. б.; Түн. топчосуна дандар, фарерлер, шведдер, норвегдер, исланддар кирет. Кельт тилдер тобундагы эл- ислам, еврейлер иудаизм динин тутушат. Европанын саясий бөлүнүшү
- Азиялык бөлүгү м-н бирге
Ад.: Ерамов Р. А. Западная Европа. М., 1960; Добрынин Б. Ф. Физическая география Западной Европы. М., 1948; Мильков Ф. Н., Гвоздецкий Н. А. Физическая география СССР. Общий обзор. Европейская часть СССР. Кавказ. М., 1969; Магидович И. П. История исследования Европы. М., 1970; Физическая география материков и океанов /Под ред. А. М. Рябчикова. М., 1988; Романова Е. П. Современные ландшафты Европы. М., 1997; Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н. Физическая география материков и океанов. М., 2004. Ө. Бараталиев. Ш. Керимова.