ЕВРОПА ВАЛЮТА CИCТЕМАCЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:54, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЕВРО́ПА ВАЛЮ́ТА CИCТЕМАCЫ (European monetapy system‚ EМS) – Европа экон. кызматташтыгы өлкөлөрүнүн валюталык мамилелеринин уюштуруу формасы. Европа уюмуна мүчө мамлекеттердин валюта курстарын координациялоо ж-а турукташтыруу максатында 1979-ж. түзүлгөн. Е. в. с-н түзүү демилгеси м-н ГФР ж-а Франция биргелешип чыгышкан. Алардын долбоорлору Бремен ш-нда (ГФР) өткөн Европа экон. коомуна (ЕЭК) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеӊешмесинде каралган ж-а жеткире иштелип чыккандан кийин 1978-ж. жактырылган. «Жалпы рыноктун» сегиз өлкөсү – ГФР‚ Франция‚ Италия‚ Нидерланд‚ Бельгия‚ Люксембург‚ Дания ж-а Ирландия Е. в. с-нын катышуучулары‚ 1990-ж. Улуу Британия ж-а Испания Е. в. с-нын толук мүчөсү болуп калышты. Е. в. с. белгиленген валюта курстарынын ж-а валюта курстарын бирдей негизде белгилөө үчүн пайдаланылган ж-а резервдик актив болуп эсептелген европа эсептешүү бирдигинин механизмдеринин негизинде түзүлгөн. ЕВCти Европа валюта кызматташтыгынын фонду башкарган. Е. в. с-на кирген ар бир өлкө өз валютасын ж-а өздүк борб. банкын сактады. Евро чыгарылгандыгына байланыштуу 1999-жылдын 1-январынан тартып Е. в. с. экон. ж-а валюта союзуна алмашылган.