ЕГЕМБЕРДИЕВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:54, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЕГЕМБЕРДИЕВ Жумакадыр (3. 5. 1929-ж. т., Нарын обл., Кочкор р-ну, Дөӊ-Алыш айылы) – журналист, кыргыз телерадио берүүлөрүнүн баштоочторунун бири, радио драматург, жазуучу, Кыргыз ССРинин мад-тына эмг. сиӊ. ишмер (1974), СССР телерадиосунун отличниги (1981). Фрунзедеги пед. ин-тту бүтүргөн (1952). Эмгек жолун СССР ИАнын Кыргыз филиалынын Тил ж-а адабият ин-тунда иштөөдөн баштаган (1952–54). Е. элдик оозеки чыг-лыктын бай үлгүлөрүн жыйнаган. 1954–96-ж. Кыргыз ССРинин Мамл. телерадио к-тинде редактор, башкы редактор болгон. «Кутмандуу болсун күнүӊөр», «Ыр канатында», «Бетке айткандын заары жок», «Шибеге», «Биздин радиокитепкана», «Театр микрофондо» циклдик берүүлөрдү не- 13–133
гиздеген (1955–56). Муса, Атай, Карамолдо, Абдылас ж. б-дын концерттик программаларын, С. Каралаевдин варианты б-ча «Манас» эпосунан 20 сааттык үзүндүнү, А. Токомбаев, Т. Сыдыкбеков ж. б. жазуучулардын эскерүү маектерин, о. эле 40ка жакын радио коюуларды жаздырып, алтын казынага калтырды. Е.– кыргыз радио драматургия жанрын негиздөөчүлөрдүн бири. Кыргыз радиосунун тарыхы ж-дөгү
«Ободогу жаӊырык» аттуу китеби жарык көргөн (1991). «Эмгек учкуну» (1977), «Мезгил чыйыры» (1979) очерк-публ. жыйнактардын, «Тагдыр кайрыктары» (2001), даректүү «Акактыктын шейити» (2008) повесттеринин, «Канат кан» тарыхый романынын (2006) автору. И. Стаднюк («Согуш» романын, 4 том), Степан Сарыг Оол («Сары уул баяны», 2 китеп), К. Симонян, Н. Макрушенко, А. Алексиндин чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Даӊк медалы м-н сыйланган (2001).