ЕЛИЗАВЕТА II: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:54, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЕЛИЗАВЕ́ТА II, Елизавета Александра Мария (21. 4. 1926-ж. т., Лондон) – Улуу Британия ж-а Түн. Ирландия Бириккен Королдугунун королевасы (Виндзор династиясынан). Мамл. англикан чиркөөсүнүн башчысы. Гуманитардык билим алып, экинчи дүйнөлүк согушта 3 жумалык аскер курсун бүтүргөн. 18 жашында мамл. к е ӊешчи бол у п дайындалып, атасы Георг VI дүйнөдөн кайткан соӊ такка отурган (6. 2. 1952). Филипп Эдинбургга күйөөгө чыгып (1947), принцтер Чарльз (194 8), Эндрю (1960), Эдвард (1964), принцесса Аннаны (1950) төрөгөн. Улуу Британиянын конституциясы б-ча Е. II мамлекет башчысы болуп эсептелип, формалдуу түрдө согуш жарыялоо, тынчтык келишимин түзүү, парламентти чакыруу, таратуу, жогорку мамл. кызматка татыктуу кишилерди дайындоо укугуна ээ. Маанилүү маселелер б-ча Е. II жума сайын премьер-министр м-н жолугуп, кеӊешип, өз ой-пикирин айтып турат. Е. II – дүйнөдө эӊ бай адамдардын бири. 1993-жылдан ыктыярдуу түрдө салык төлөй баштаган.


Ад.: Попов В. И. Жизнь в Букингэмском дворце: Елизавета II и королевская семья. 2-е изд. М., 1996; Остапенко Г. С. Британская монархия от королевы
Виктории до Елизаветы II. Концепция управления и личность суверена. М., 2006.