ЕЛИСЕЕВ Алексей Станиславович: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:54, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЕЛИСЕ́ЕВ Алексей Станиславович (13. 7. 1934- ж. т., РФ, Калуга обл., Жиздра ш.) – СССРдин учкуч космонавты, эки жолку Сов. Союз. Баатыры (1969, январь, октябрь). Тех. илимд. доктору (1973). 1957-ж. Н. Э. Бауман атн. МТЖОЖ-ду бүтүрүп, конструктордук бюродо иштеген. 1966-жылдан космонавттар отрядында. 1969-ж. 15–17-январда Б. В. Волынов башкарган «Союз- 5» космос кемесинде борт инженери болуп космоско учкан. 1969-ж. 16-январда Е. В. Хрунов м-н бирге космос аркылуу В. А. Шаталов. башкарган «Союз-4» космос кемесине өтүп, ошол кеме м-н жерге келишкен. Жерди 32 жолу айланып, 47 ста космос мейкиндигинде 1,3 млн км аралыкка учкан. Кеменин сыртына чыгып, ачык космосто 37 мин болгон. 1969-ж. 13–18-октябрда В. А. Шаталов м-н бирге «Союз-8» космос кемесинде борт инженери болуп, 2-жолу космоско учкан. Космосто болгон 5 сутканын 1 суткасын «Союз-7», 3 суткасын «Союз-6» ж-а «Союз-7» кемелери м-н биргелешип учуп, Жерди 80 жолу айланган. 1971-ж. 23–24-апрелде В. А. Шаталов ж-а Н. Н. Рукавишников м-н бирге «Союз-10» кемесинин борт инженери болуп, космоско 3- жолу учкан. 1971-ж. 24-апрелде «Союз-10» кемеси «Салют» орбиталык станциясына биригишкен. «Станция-кеме» системасынын ашташып учушу 5 с 30 минга созулган. Е. Эки Ленин ордени м-н сыйланган.