ЕВРАЗИЯ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ЕВРА́ЗИЯ''' – Жер шарындагы эӊ чоӊ материк (континент). | '''ЕВРА́ЗИЯ''' – Жер шарындагы эӊ чоӊ материк (континент). Түндүк жарым шарда (айрым арал­дары Түш. жарым шарда). Ал ''Европа'' ж-а ''Азия'' дүйнө бөлүгүнөн турат. Батыштан чыгышка 16 миӊ ''км'', түндүктөн түштүккө 8 миӊ ''км''ге созу­лат. Аянты аралдары м-н кошо 54,9 млн ''км''<sup>2</sup>дей (кургактыктын <sup>1</sup>/3инен көбүрөөгү), анын ичинде аралда­рынын аянты 2,75 млн ''км''<sup>2</sup>дей. Калкы 4,57 млрд (2000). Аймагынын деӊиз деӊгээлинен орточо бийиктиги 840 ''м''; эӊ бийик жери – 8848 ''м'', ал ''–Гималайда­гы'' Жомолунгма чокусу. Материктин эӊ четки тумшуктары: түндүгү – Челюскин, түштүгү – Пиай, батышы – Рока, чыгышы – Дежнёв тум­шуктары. Батышынан Атлантика, түндүгүнөн Түндүк Муз, чыгышынан Тынч, түштүгүнөн Инди океандары ж-а алардын деӊиздери м-н чулга­нат. Түштүк-чыгышында Австралия, Азиянын деӊиздери Евразияны Австралиядан, түндүк-чыгышта Бе­ринг кысыгы Түндүк Америкадан, түштүк-батышында Гибралтар кысыгы, Жер Ортолук деӊиз, Кызыл деӊиз Африкадан бөлүп турат. Суэц мойногу Евразияны Африка материги м-н туташтырат. Евро­панын жээктери Азияныкына караганда көбү­рөөк тилмеленген. Кургактыктын тутумдаш­тыгы, материктин азыркы тектоникалык биримдиги, климаттык процесстердин негизинен окшош­тугу, органикалык дүйнөсүнүн өнүгүүсүнүн жалпылыгы ж. б. факторлор материкти «Евразия» деп атоого не­гиз болгон. | ||
'''Орографиясы, рельефи жана геологиялык өнүгүү тарыхы.''' Евразиянын аймагынын <sup>2</sup>/3 бөлүгүн тоолор м-н бөксө тоолор ээлейт. Негизги тоо системалары: Гималай, Альп, Кавказ, Карпат, Пиреней, Апен­нин, Гиндукуш, Каракорум, Памир, Теӊир-Тоо, Куньлунь, Алтай, Саян, Түн.-Чыгыш Сибирь, Урал тоолору; тайпак тоолору – Алдыӊкы Азия, Тибет, Саян-Тува; бөксө тоолору – Декан, Орто Сибирь. Ири түздүктөрү м-н ойдуӊдары: Чыгыш Европа, Батыш Сибирь, Туран, Кашкар, Улуу Кытай, Инд-Ганг, Жунгар, Месопотамия ж. б. Евразия өнүгүү мезгилдеринин кыйла татаалдыгы ж-а геологиялык түзүлүшүнүн өтө ар түрдүүлүгү м-н өзгө­чөлөнөт. Континенттин негизи бир нече ба­йыркы материктин ажырашынан же биригиши­нен калыптанган: түндүк-батышта ''Лавренциянын'' чыгыш бөлүгү кайнозойдо төмөн чөгүп, Атлан­тика океаны аркылуу Түндүк Америкадан бөлүнүп, Европа пайда болгон; түн.-чыгышта ''Ангарида'' палеозойдун аягында Урал бүктөлүшү аркылуу Лавренцияга туташып, натыйжада ''Лавразия'' пайда болгон; Лавразия мезозойдун ортосуна чейин сакталган; ал эми түштүктөгү байыркы ''Гондвана'' материги ажырап, анын түндүк-чыгыш бөлүгү (Араб ж-а Инди платформалары) Евразияга ту­ташкан. Евразиянын структурасынын негизги элемент­терин байыркы структуралар – Чыгыш Европа (Балтика ж-а Украина калкандары), Сибирь (Алдан калканы), Кытай-Корей, Түштүк Кытай, Инди платформалары ж-а Нубия-Араб калка­м-н Армян тайпак тоосунун лава катмарлары ж-а жанар тоо конустары, Италиядагы, Камчат­кадагы, Чыгыш ж-а Түштүк-Чыгыш Азиядагы аракеттеги жанар тоолор, Кавказ, Карпат, Эль­бурс ж. б. тоолордогу өчкөн жанар тоолор ки­рет. Жер кыртышынын төмөн чөгүүсүнөн мате­риктин чет-жакаларын суу каптап, Евразияга жа­кын жайгашкан архипелагдар (Ыраакы Чыгыш, Бри­тан аралы, Жер Ортолук деӊиз алабы ж. б.) обочо­лонгон. Мурда Евразиянын ар кайсы жерин деӊиз бир нече жолу каптаган. Алардын чөкмө тектери деӊиз түздүктөрүн түзүп, кийин мөӊгү, агын суу ж-а көл суулары м-н тилмеленген. Евразиянын эӊ ири түздүктөрүнө Чыгыш Европа (Орус), Ортоӊку Европа, Батыш Сибирь, Туран, Инд-Ганг кирет. Евразияда жантайыӊкы ж-а цоколдук түздүктөр да кеӊири таралган. Евразиянын түндүк ж-а бир катар тоо­луу аймактарынын рельефинин калыптанышы­на байыркы муз каптоонун таасири зор болгон. Евразияда плейстоцендин муздуктары ж-а суу-муздук­тары пайда кылган чөкмө тектер ээлеген жер­лердин дүйнөдөгү эӊ ири аянттары бар. Азыр­кы мөӊгүлөрдүн жалпы аянты 230 миӊ ''км''<sup>2</sup>дей; алардын көбү Арктиканын аралдарында, Ислан­дияда ж-а Азиянын бийик тоолорунда (Гима­лай, Каракорум, Тибет, Куньлунь, Памир, Теӊир-Тоо ж. б.), ошондой эле Альп, Скандинавия тоо­лорунда жайгашкан. Көп жылдык тоӊ Евразиянын | |||
[[File:ЕВРАЗИЯ52.png | thumb | none]]11 млн ''км''<sup>2</sup>дей аянтын (негизинен Сибирди) ээлейт. Акиташ тегинен ж-а гипстен түзүл­гөн аймактарда ''карст'' процесстери өөрчүгөн. Азиянын кургакчыл аймактарына рельефтин чөлдүк формалары ж-а типтери мүнөздүү. | |||
Евразиянын '''климатына '''жыл бою өкүм сүргөн Азор, Гавайи антициклондорунун, Исланд, Алеут деп­рессияларынын, ошондой эле сезондук Азия антицик­лонунун таасири зор. Азия антициклонунун борбору кышында Моӊголиянын, жайкы деп­рессиясы Түштүк Азиянын үстүндө жайгашат. Евразиянын аянтынын өтө зордугу ж-а рельефинин татаалдыгы анын климатынын өтө ар түрдүү болушуна шарт түзөт; башка материктерден кон­тиненттик типтеги климаттын кеӊири таралы­шы м-н өзгөчөлөнөт. Суук, мелүүн ж-а ысык климаттык алкактардын ортосундагы кеӊдик айырмачылык өтө зор. Арктикада ж-а субарк­тикада жыл бою – арктикалык, мелүүн кеӊдик­терде – уюлдук, салыштырмалуу төмөнкү кеӊдиктерде – тропиктик фронттордун (тайфун) циклондору аракетте болот. Тропиктик тайфун толкун м-н коштолгон өтө катуу шамалды пайда кылат. Атмосфералык жалпы циркуляциянын мезгил боюнча өзгөрүүсү субтропиктик алкактын батыш секторунда жайы кургакчыл, кышы нымдуу – жер ортолук деӊиздик климатты пайда кылат. Мындагы кышкы жамгыр уюлдук фронттун циклондору м-н байланыштуу. Тропиктик ал­как Европада жок, ал эми Азияда анын түштүк- батыш бөлүгүн – Араб жарым аралын ж-а Тхар (Тар) чөлүн камтыйт. Анда тропиктик чөл климаты өкүм сүрүп, чыгышта субэкватордук климатка өтөт. Экватордук алкакта түндүктөн ж-а түш­түктөн соккон аба массалары кошулуп (конвер­генция процесси жүрүп), жыл бою жаан-чачын­ды арбын жаадырат. Климаттын сектордук айырмачылыгы да даана байкалат: материктин ички бөлүгүнө мүнөздүү континенттик ж-а өтмө климат чет-жакаларын карай океандык кли­матка өтөт. Океандын климатка тийгизген таа­сири айрыкча Батыш Европада даана байкалат; анда батыштан соккон аба массасына Азор ан­тициклонунун чет-жакасынан келген аба кошулат. Ушул эле багытта Исландия депрессия­сынан пайда болуп, арктикалык ж-а уюлдук фронттор аркылуу соккон циклондор аракет­тенет. Атлантика аба массасы чыгышты карай жыл­ган сайын акырындап нымын жогото баштап, континенттик абага өтөт. Ал эми Тынч океан м-н Инди океанынан соккон аба массалары цик­лон ж-а муссон түрүндө кургактыктын ички бөлүктөрүнө айрым сезондордо гана кире алат. Түндүктөн соккон арктика абасы кургактыкка тоскоолсуз кирип, аны материктин ички бөлү­гүндө кеӊдик багытта жайгашкан тоолор гана тосуп калат. Евразиянын ички аймактарында кыш мезгилинде атмосферанын жогорку басымы үстөмдүк кылып, абанын төмөн чөгүп токтоп калышы­на, жылуулуктун өтө нурлануусуна, жер бети­не жакын төмөн болушуна шарт түзөт. Анда кышкы континенттик муссондор пайда болуп, чыгышты ж-а түштүктү карай согот. Абанын жайкы температурасы, тескерисинче, ысык болот. Сектордук климаттык айырмачылыкты деӊиз агымдары ого бетер күчөтөт. Жылуу агымдар Европанын түндүк-батыш ж-а Япон аралынын жээк­теринде – кышкы ж-а жылдык оӊ температуралуу аномалияны, муздак агымдар Азиянын чыгыш жээктеринде – жайкы ж-а жылдык терс анома­лияны пайда кылат. Тоолуу аймактарында кли­маттык бийиктик алкактуулугу ж-а анын тоо капталдарынын экспозициясына карата алма­шуусу даана байкалат. Евразиянын ички аймактары­нын туюктугу м-н нымдуулуктун контрасттуу­лугу байланыштуу. Ири тайпак тоолордун үстүндө муздак аба туруп калат, атмосферанын жергиликтүү борборлору түзүлүп, өзгөчө бийик тоо климаты (мисалы, Памир ж-а Тибеттеги бийик тоо чөл кли­маты) пайда болот. Арктикалык климаттан эк­ватордук климатка чейин өзгөрөт. Чет-жакала­рында океандык климат (түштүк ж-а чыгыш жак­тарына муссондук), ички аймактарына конти­ненттик ж-а кескин континенттик климат мү­нөздүү. Түндүк-Чыгыш Сибирдеги Верхоянск м-н Оймякон – Түндүк жарым шардын суук уюлу, анда –70°Сге чейин суук болот. Араб жарым аралы – Жер шарындагы эӊ ысык ж-а кургакчыл жер­лердин бири; анда жылына 44 ''мм'' гана жаан­-чачын жаайт; азиялык бөлүгүндө түштүк-батыш­тан түндүк-чыгышты карай чөл тилкеси созулуп жатат, мында жылдык жаан-чачындын өлчөмү 200 ''мм''ден ашпайт, ал эми Чыгыш Индия Жер шарындагы эӊ жаанчыл жер (Черапунжиде жылдык жаан-чачындын өлчөмү 12 000 ''мм''ге чейин). Евразиянын '''дарыялары '''4 океандын алабына ки­рет. Европанын эӊ ири дарыялары (Волга, Ду­най ж. б.) Азиянын Лена, Енисей, Амур, Обь, Янцзы сыяктуу чоӊ дарыяларынан өлчөмү боюнча кыйла артта турат. Негизги дарыялары: Янцзы (Евразиядагы дарыялардын эӊ чоӊу, узундугу 5800 ''км'', суу­сунун жылдык орточо чыгымы 34 миӊ ''м''<sup>3</sup>/''сек''), Обь, Енисей, Лена, Амур, Хуанхэ, Меконг, Брах­мапутра, Ганг, Инд, Тигр, Евфрат, Волга, Ду­най. Булардын көбү маанилүү транспорт жолу, гидроэнергиянын ири булагы болуп, сугатка кеӊири пайдаланылат. Евразияда дүйнөдөгү эӊ ири туюк облустар (Каспий м-н Арал деӊиздеринин, Балкаш ж-а Лобнор көлдөрүнүн алаптары) жай­гашкан. Суу агып чыгуучу ири көлдөрү – ''Бай­кал'' (дүйнөдөгү эӊ тереӊ көл, анын тереӊдиги 1620 ''м''), Ладога, Онега. Евразиянын аянтынын жарымынан көбү '''флорасы '''ж-а '''фаунасы '''боюнча Голарктикага кирет; анын көп жерлеринде кийинки көтөрүлүүнүн, муз ж-а деӊиз каптоонун натыйжасында органикалык дүйнөсү кый­ла азайып кеткен. Евразиянын түштүгүн Палеотро­пик облусунун флорасы, Инди-Малайя облусу­нун фаунасы ээлейт. Евразия башка материктерден тайга-тоӊ, күл ж-а чөл-талаа тибиндеги топу­рак кыртыштын кеӊири таралышы, ошондой эле тоо топурактарынын түрлөрүнүн көптүгү м-н өзгөчө­лөнөт. Топурак кыртышынын ж-а органикалык дүйнөсү­нүн түрлөрү негизинен кеӊдик зоналуулукка (тундрадан баштап, мелүүн алкактын токой зо­насы, субтропиктик талаа, чөл зоналары, са­ванна, кургакчыл тропик аркылуу нымдуу дайыма жашыл экватордук токойго чейин), ошондой эле океан жээктеринен алыстаган сайын, тоолордо бийиктик алкактуулукка жараша өз­гөрөт. | |||
'''''жанар тоолордун таасири бар; аларга Исландия | |||
нынын бир бөлүгү түзөт. Е-нын азыркы релье­фи неоген ж-а антропогенде ушул аймакты бүт камтыган ургаалдуу тектон. кыймылдан калып­танган. Альп-Гималай ж-а Чыгыш Азия гео­синклиналдык кырчоолору активдүү тектон. кыймылда болгон. Ургаалдуу жаӊы тектон. кыймылдан Е-да тоолор үстөмдүк кылып (алар­дын орт. бийикт. 840 м), ири тоо тизмектери (Гималай, Каракорум, Гиндукуш, Теӊир-Тоо) пайда болгон; алардын бийикт. 7–8 миӊ мден ашкан. О. эле массивдүү Алдыӊкы Азия тайпак тоолору, Памир, Тибет да бийик көтөрүлгөн. Бул көтөрүлүүдө Ысар-Алайдан Чукоткага че­йинки тоолуу кеӊири тилке, Куньлунь, Сканди­навия ж. б. тоолор кайра жаралган. Жаӊылануу процессине орто бийиктиктеги Урал, Ортоӊку Европа тоолору, о. эле бир аз Орто Сибирь, Де­кан ж. б. бөксө тоолор да дуушарланган. Мате­риктин чыгышында четки кырка тоолор (Ко­ряк тайпак тоосу, Сихотэ-Алинь ж. б.) жайга­шып, аларды тоо-аралдар доголору (Чыгыш Азия, Малайя ж. б.) улап кетет. Е-нын релье­финде о. эле рифт түзүлүшүнүн да мааниси зор; ага Рейн грабени, Байкал, Жансыз деӊиз ой­дуӊдары ж. б. кирет. Жаш бүктөлүү алкакта­рына ж-а кайра жаралган тоолордун структу­раларына ургаалдуу жер титирөө мүнөздүү. Жер титирөөнүн ургаалдуулугу ж-а кыйраткычты­гы б-ча Е-га Түш. Америка гана теӊдеше алат. Жаш тоолордун рельефинин калыптануусуна''''' | |||
'''Табигый секторлору, алкактары жана зоналары.''' Евразияда табигый өзгөчөлүктөрү боюнча кыйла айыр­маланган секторлордун бөлүнүүсү кургактыктын айрым бөлүктөрүнүн ным булагынан түрдүүчө алыстыкта жайгашуусуна ж-а ал аймактардын обочолонуу деӊгээлине байланыштуу. Евразиянын аймагы 6 секторго бөлүнөт: 2 океандык – ба­тыш ж-а чыгыш; 2 өтмө: континенттик ж-а кес­кин континенттик. Батыш океандык сектор Ба­тыш Европаны бүт ж-а Батыш Азиянын басым­дуу бөлүгүн камтыйт. Чыгыш океандык сектор Тынч океандын кууш жээк тилкесин гана кам­тып, табиятына түрдүүчө таасирин тийгизген муссондук климаты м-н өзгөчөлөнөт. Евразиянын кал­ган секторлору материктин ички бөлүгүн ээлейт; ал эми Евразияга гана мүнөздүү кескин континенттик сектор континенттик сектордун чыгышында жайгашат; ал болсо батыштан соккон аба мас­сасына ж-а нымды сырткы айдарым капталда­ры өзүнө кармап калган орографиялык тоскоолдордун болушуна байланыштуу. Евразиянын табияты кеӊ- дик бонча өзгөрүп, ага төмөнкү г е о г р а ф и я л ы к а л­ к а к т а р мүнөздүү: арктика, субарктика, мелүүн, субтропик, тропик, субэкватор, экватор. Ар бир алкак өз ичинен зоналарга ж-а зонача­ларга бөлүнөт. А р к т и к а а л к а г ы н ы н арктикалык чөл зонасы муздуу ж-а таштуу чөл, ошондой эле тоо ландшафтынын суук чөл тибиндеги зоначаларына, с у б а р к т и к а а л к а г ы тундра ж-а токойлуу тундра зоналарына бөлүнөт; тоолоруна тундра-суук чөл бийиктик алкактары мүнөздүү; чыгышында тундранын жапалак токойлору кеӊири таралган. М е­л ү ү н а л к а к т а кеӊдик зоналуулук (токой зонасы тайга, аралаш, жазы жалбырактуу то­кой зоначалары м-н токойлуу талаа, талаа, жа­рым чөл, чөл) континенттик секторго мүнөздүү. Евразиянын кескин континенттик секторунда тоолор кеӊири аянтты ээлегендиктен, кеӊдик зоналуу­лук көбүнчө бийиктик алкактуулуктун спект­ринде байкалат. Өтмө ж-а океандык секторлор­до зоналардын чегинде океандардын таасиринен өзгөрүүлөр болот, мисалы, Чыгыш Европа (Орус) түздүгүндө зоналар түндүк-батыштан түштүк-чыгыш­ты, мелүүн алкактын четки түштүгүндө батыш­тан чыгышты карай өзгөрөт: Франциянын то­кою, Карпат өндүрүнүн токойлуу талаасы, Ук­раинанын түштүгүндөгү талаа, Казакстандын ж-а Борбордук Азиянын чөлдөрү ж-а жарым чөлдөрү, Моӊголиянын ж-а Дунбэйдин талаалары ж-а то­койлуу талаалары, Манжур-Корей тоолорунун ж-а Япониянын түндүк аралдарынын токойлору. Тоолоруна бийиктик алкактуулуктун токойлуу­ тундра, токой-жапалак токой, токойлуу шал­баа ж-а чөл-талаа спектрлери мүнөздүү. С у б­т р о п и к а л к а г ы н ы н зоналары да батыштан чыгышты карай өзгөрөт: Жер орто­лук деӊиз аймагынын катуу жалбырактуу то­койлору ж-а бадалдары, Закавказье м-н Кичи Азиянын талаалары ж-а жарым чөлдөрү, Иран тайпак тоосунун, Түркмөнстан м-н Борбордук Азия­нын түштүк бөлүктөрүнүн чөлдөрү. Субтропик ал­кагынын океандык секторундагы тоолорго көбүн токой түзгөн бийиктик алкактуулуктун баты­шына токой-шалбаалуу талаа, чыгышына то­койлуу шалбаа зоналары мүнөздүү. Евразиянын ички аймактарында чөл-талаа, Памир, Тибет тайпак­тоолорунда бийик тоо чөл ландшафттары үстөмдүк кылат. Т р о п и к т и к а л к а г ы Араб жарым аралын ж-а Тар чөлүн камтып, аларга тро­пиктик жарым чөл ж-а чөл, тоолоруна бийик­тик алкактуулуктун чөл-талаа ж-а чөл зонала­ры мүнөздүү. Чыгышыраакта, тропиктик кеӊ- диктерде түндүк с у б э к в а т о р д у к а л к а к таралып, ал нымдуу субэкватор токою (негизи­нен тоолордун айдарым капталдарында) ж-а саванна (негизинен Индстан ж-а Индикытай жарым аралдарынын ички бөлүктөрүндө) зоналарына бөлүнөт. Бул аймакта жайгашкан тоолорго би­йиктик алкактуулуктун токойлуу шалбаа ж-а токойлуу талаа зоналары мүнөздүү. Э к в а­ т о р д у к а л к а к Шри-Ланканын түштүк- батышын, Малакканын ж-а Филиппин аралынын түштүк бөлүктөрүн, Чоӊ Зонд аралын камтып, ага нымдуу экватор токою – ''гилея,'' тоолоруна ги­лея м-н парамостун (тоо-экватордук өзгөчө ланд­шафт) айкалышы мүнөздүү. Кичи Зонд аралында түштүк экватор алкагынын токой ж-а саванна ландшафттары үстөмдүк кылат. | |||
Табигый аймактары. | |||
өзгөрүүлөр болот, | |||
үстөмдүк кылат. Т р о п и к т и к а л к а г ы | |||
Араб | |||
Табигый аймактарынын | Табигый аймактарынын | ||
жалпы кабыл алынган бөлүнүшү жок, бул физ.- геогр. райондошторуудан башка да бир нече схе­ма бар. Төмөндө келтирилген Е-нын физ.-геогр. райондоштуруусунун схемасы – табигый-ланд­шафттык өлкөлөрдүн ар бирине морфол.-тектон. биримдиги, жаӊы тектон. өнүгүүсүнүн, климат­ты пайда кылуучу циркуляциялык процесс­тердин жалпылыгы, табигый зоналардын мый­зам ченемдүү таралуусу мүнөздүү. Айрым өл­көлөрдүн ортосунда айырмачылыктар болсо дагы, аларды ири топторго бириктирүү үчүн мүмкүнчүлүк түзгөн окшоштук белгилери да болот. Е-нын аймагын төмөнкү физ.-геогр. өл­көлөрдүн топторуна бириктирүүгө болот: Ат­лантика бою өлкөлөрү; Түн. Евразия; тоо-арал­дуу Арктика; Бийик Сибирь ж-а Моӊголия; Ички Евразия; Чыгыш Азия, Түш. Азия; Евро­палык Жер Ортолук деӊиз аймагы, Алдыӊкы Азия тайпак тоолору ж-а Кавказ; Түш.-Батыш Азия. | жалпы кабыл алынган бөлүнүшү жок, бул физ.- геогр. райондошторуудан башка да бир нече схе­ма бар. Төмөндө келтирилген Е-нын физ.-геогр. райондоштуруусунун схемасы – табигый-ланд­шафттык өлкөлөрдүн ар бирине морфол.-тектон. биримдиги, жаӊы тектон. өнүгүүсүнүн, климат­ты пайда кылуучу циркуляциялык процесс­тердин жалпылыгы, табигый зоналардын мый­зам ченемдүү таралуусу мүнөздүү. Айрым өл­көлөрдүн ортосунда айырмачылыктар болсо дагы, аларды ири топторго бириктирүү үчүн мүмкүнчүлүк түзгөн окшоштук белгилери да болот. Е-нын аймагын төмөнкү физ.-геогр. өл­көлөрдүн топторуна бириктирүүгө болот: Ат­лантика бою өлкөлөрү; Түн. Евразия; тоо-арал­дуу Арктика; Бийик Сибирь ж-а Моӊголия; Ички Евразия; Чыгыш Азия, Түш. Азия; Евро­палык Жер Ортолук деӊиз аймагы, Алдыӊкы Азия тайпак тоолору ж-а Кавказ; Түш.-Батыш Азия. | ||
53 сап: | 30 сап: | ||
''Мильков Ф. Н., Гвоздецкий Н. А''. Физическая геог­рафия СССР. Общий обзор. Европ. часть СССР. Кавказ. М., 1969; Физико-географическое райониро­вание СССР. М., 1968; Хрестоматия по географии материков и океанов. М., 1987; Физическая география материков и океанов / Под ред. А. М. Рябчикова. М., 1988; ''Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н''. Физическая география материков и океанов. М., 2004. | ''Мильков Ф. Н., Гвоздецкий Н. А''. Физическая геог­рафия СССР. Общий обзор. Европ. часть СССР. Кавказ. М., 1969; Физико-географическое райониро­вание СССР. М., 1968; Хрестоматия по географии материков и океанов. М., 1987; Физическая география материков и океанов / Под ред. А. М. Рябчикова. М., 1988; ''Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н''. Физическая география материков и океанов. М., 2004. | ||
''Ө. Бараталиев.'' [[Категория:3-том, 172-214 бб]] | ''Ө. Бараталиев.'' [[Категория:3-том, 172-214 бб]] | ||
05:31, 21 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЕВРА́ЗИЯ – Жер шарындагы эӊ чоӊ материк (континент). Түндүк жарым шарда (айрым аралдары Түш. жарым шарда). Ал Европа ж-а Азия дүйнө бөлүгүнөн турат. Батыштан чыгышка 16 миӊ км, түндүктөн түштүккө 8 миӊ кмге созулат. Аянты аралдары м-н кошо 54,9 млн км2дей (кургактыктын 1/3инен көбүрөөгү), анын ичинде аралдарынын аянты 2,75 млн км2дей. Калкы 4,57 млрд (2000). Аймагынын деӊиз деӊгээлинен орточо бийиктиги 840 м; эӊ бийик жери – 8848 м, ал –Гималайдагы Жомолунгма чокусу. Материктин эӊ четки тумшуктары: түндүгү – Челюскин, түштүгү – Пиай, батышы – Рока, чыгышы – Дежнёв тумшуктары. Батышынан Атлантика, түндүгүнөн Түндүк Муз, чыгышынан Тынч, түштүгүнөн Инди океандары ж-а алардын деӊиздери м-н чулганат. Түштүк-чыгышында Австралия, Азиянын деӊиздери Евразияны Австралиядан, түндүк-чыгышта Беринг кысыгы Түндүк Америкадан, түштүк-батышында Гибралтар кысыгы, Жер Ортолук деӊиз, Кызыл деӊиз Африкадан бөлүп турат. Суэц мойногу Евразияны Африка материги м-н туташтырат. Европанын жээктери Азияныкына караганда көбүрөөк тилмеленген. Кургактыктын тутумдаштыгы, материктин азыркы тектоникалык биримдиги, климаттык процесстердин негизинен окшоштугу, органикалык дүйнөсүнүн өнүгүүсүнүн жалпылыгы ж. б. факторлор материкти «Евразия» деп атоого негиз болгон.
Орографиясы, рельефи жана геологиялык өнүгүү тарыхы. Евразиянын аймагынын 2/3 бөлүгүн тоолор м-н бөксө тоолор ээлейт. Негизги тоо системалары: Гималай, Альп, Кавказ, Карпат, Пиреней, Апеннин, Гиндукуш, Каракорум, Памир, Теӊир-Тоо, Куньлунь, Алтай, Саян, Түн.-Чыгыш Сибирь, Урал тоолору; тайпак тоолору – Алдыӊкы Азия, Тибет, Саян-Тува; бөксө тоолору – Декан, Орто Сибирь. Ири түздүктөрү м-н ойдуӊдары: Чыгыш Европа, Батыш Сибирь, Туран, Кашкар, Улуу Кытай, Инд-Ганг, Жунгар, Месопотамия ж. б. Евразия өнүгүү мезгилдеринин кыйла татаалдыгы ж-а геологиялык түзүлүшүнүн өтө ар түрдүүлүгү м-н өзгөчөлөнөт. Континенттин негизи бир нече байыркы материктин ажырашынан же биригишинен калыптанган: түндүк-батышта Лавренциянын чыгыш бөлүгү кайнозойдо төмөн чөгүп, Атлантика океаны аркылуу Түндүк Америкадан бөлүнүп, Европа пайда болгон; түн.-чыгышта Ангарида палеозойдун аягында Урал бүктөлүшү аркылуу Лавренцияга туташып, натыйжада Лавразия пайда болгон; Лавразия мезозойдун ортосуна чейин сакталган; ал эми түштүктөгү байыркы Гондвана материги ажырап, анын түндүк-чыгыш бөлүгү (Араб ж-а Инди платформалары) Евразияга туташкан. Евразиянын структурасынын негизги элементтерин байыркы структуралар – Чыгыш Европа (Балтика ж-а Украина калкандары), Сибирь (Алдан калканы), Кытай-Корей, Түштүк Кытай, Инди платформалары ж-а Нубия-Араб калкам-н Армян тайпак тоосунун лава катмарлары ж-а жанар тоо конустары, Италиядагы, Камчаткадагы, Чыгыш ж-а Түштүк-Чыгыш Азиядагы аракеттеги жанар тоолор, Кавказ, Карпат, Эльбурс ж. б. тоолордогу өчкөн жанар тоолор кирет. Жер кыртышынын төмөн чөгүүсүнөн материктин чет-жакаларын суу каптап, Евразияга жакын жайгашкан архипелагдар (Ыраакы Чыгыш, Британ аралы, Жер Ортолук деӊиз алабы ж. б.) обочолонгон. Мурда Евразиянын ар кайсы жерин деӊиз бир нече жолу каптаган. Алардын чөкмө тектери деӊиз түздүктөрүн түзүп, кийин мөӊгү, агын суу ж-а көл суулары м-н тилмеленген. Евразиянын эӊ ири түздүктөрүнө Чыгыш Европа (Орус), Ортоӊку Европа, Батыш Сибирь, Туран, Инд-Ганг кирет. Евразияда жантайыӊкы ж-а цоколдук түздүктөр да кеӊири таралган. Евразиянын түндүк ж-а бир катар тоолуу аймактарынын рельефинин калыптанышына байыркы муз каптоонун таасири зор болгон. Евразияда плейстоцендин муздуктары ж-а суу-муздуктары пайда кылган чөкмө тектер ээлеген жерлердин дүйнөдөгү эӊ ири аянттары бар. Азыркы мөӊгүлөрдүн жалпы аянты 230 миӊ км2дей; алардын көбү Арктиканын аралдарында, Исландияда ж-а Азиянын бийик тоолорунда (Гималай, Каракорум, Тибет, Куньлунь, Памир, Теӊир-Тоо ж. б.), ошондой эле Альп, Скандинавия тоолорунда жайгашкан. Көп жылдык тоӊ Евразиянын

11 млн км2дей аянтын (негизинен Сибирди) ээлейт. Акиташ тегинен ж-а гипстен түзүлгөн аймактарда карст процесстери өөрчүгөн. Азиянын кургакчыл аймактарына рельефтин чөлдүк формалары ж-а типтери мүнөздүү.
Евразиянын климатына жыл бою өкүм сүргөн Азор, Гавайи антициклондорунун, Исланд, Алеут депрессияларынын, ошондой эле сезондук Азия антициклонунун таасири зор. Азия антициклонунун борбору кышында Моӊголиянын, жайкы депрессиясы Түштүк Азиянын үстүндө жайгашат. Евразиянын аянтынын өтө зордугу ж-а рельефинин татаалдыгы анын климатынын өтө ар түрдүү болушуна шарт түзөт; башка материктерден континенттик типтеги климаттын кеӊири таралышы м-н өзгөчөлөнөт. Суук, мелүүн ж-а ысык климаттык алкактардын ортосундагы кеӊдик айырмачылык өтө зор. Арктикада ж-а субарктикада жыл бою – арктикалык, мелүүн кеӊдиктерде – уюлдук, салыштырмалуу төмөнкү кеӊдиктерде – тропиктик фронттордун (тайфун) циклондору аракетте болот. Тропиктик тайфун толкун м-н коштолгон өтө катуу шамалды пайда кылат. Атмосфералык жалпы циркуляциянын мезгил боюнча өзгөрүүсү субтропиктик алкактын батыш секторунда жайы кургакчыл, кышы нымдуу – жер ортолук деӊиздик климатты пайда кылат. Мындагы кышкы жамгыр уюлдук фронттун циклондору м-н байланыштуу. Тропиктик алкак Европада жок, ал эми Азияда анын түштүк- батыш бөлүгүн – Араб жарым аралын ж-а Тхар (Тар) чөлүн камтыйт. Анда тропиктик чөл климаты өкүм сүрүп, чыгышта субэкватордук климатка өтөт. Экватордук алкакта түндүктөн ж-а түштүктөн соккон аба массалары кошулуп (конвергенция процесси жүрүп), жыл бою жаан-чачынды арбын жаадырат. Климаттын сектордук айырмачылыгы да даана байкалат: материктин ички бөлүгүнө мүнөздүү континенттик ж-а өтмө климат чет-жакаларын карай океандык климатка өтөт. Океандын климатка тийгизген таасири айрыкча Батыш Европада даана байкалат; анда батыштан соккон аба массасына Азор антициклонунун чет-жакасынан келген аба кошулат. Ушул эле багытта Исландия депрессиясынан пайда болуп, арктикалык ж-а уюлдук фронттор аркылуу соккон циклондор аракеттенет. Атлантика аба массасы чыгышты карай жылган сайын акырындап нымын жогото баштап, континенттик абага өтөт. Ал эми Тынч океан м-н Инди океанынан соккон аба массалары циклон ж-а муссон түрүндө кургактыктын ички бөлүктөрүнө айрым сезондордо гана кире алат. Түндүктөн соккон арктика абасы кургактыкка тоскоолсуз кирип, аны материктин ички бөлүгүндө кеӊдик багытта жайгашкан тоолор гана тосуп калат. Евразиянын ички аймактарында кыш мезгилинде атмосферанын жогорку басымы үстөмдүк кылып, абанын төмөн чөгүп токтоп калышына, жылуулуктун өтө нурлануусуна, жер бетине жакын төмөн болушуна шарт түзөт. Анда кышкы континенттик муссондор пайда болуп, чыгышты ж-а түштүктү карай согот. Абанын жайкы температурасы, тескерисинче, ысык болот. Сектордук климаттык айырмачылыкты деӊиз агымдары ого бетер күчөтөт. Жылуу агымдар Европанын түндүк-батыш ж-а Япон аралынын жээктеринде – кышкы ж-а жылдык оӊ температуралуу аномалияны, муздак агымдар Азиянын чыгыш жээктеринде – жайкы ж-а жылдык терс аномалияны пайда кылат. Тоолуу аймактарында климаттык бийиктик алкактуулугу ж-а анын тоо капталдарынын экспозициясына карата алмашуусу даана байкалат. Евразиянын ички аймактарынын туюктугу м-н нымдуулуктун контрасттуулугу байланыштуу. Ири тайпак тоолордун үстүндө муздак аба туруп калат, атмосферанын жергиликтүү борборлору түзүлүп, өзгөчө бийик тоо климаты (мисалы, Памир ж-а Тибеттеги бийик тоо чөл климаты) пайда болот. Арктикалык климаттан экватордук климатка чейин өзгөрөт. Чет-жакаларында океандык климат (түштүк ж-а чыгыш жактарына муссондук), ички аймактарына континенттик ж-а кескин континенттик климат мүнөздүү. Түндүк-Чыгыш Сибирдеги Верхоянск м-н Оймякон – Түндүк жарым шардын суук уюлу, анда –70°Сге чейин суук болот. Араб жарым аралы – Жер шарындагы эӊ ысык ж-а кургакчыл жерлердин бири; анда жылына 44 мм гана жаан-чачын жаайт; азиялык бөлүгүндө түштүк-батыштан түндүк-чыгышты карай чөл тилкеси созулуп жатат, мында жылдык жаан-чачындын өлчөмү 200 ммден ашпайт, ал эми Чыгыш Индия Жер шарындагы эӊ жаанчыл жер (Черапунжиде жылдык жаан-чачындын өлчөмү 12 000 ммге чейин). Евразиянын дарыялары 4 океандын алабына кирет. Европанын эӊ ири дарыялары (Волга, Дунай ж. б.) Азиянын Лена, Енисей, Амур, Обь, Янцзы сыяктуу чоӊ дарыяларынан өлчөмү боюнча кыйла артта турат. Негизги дарыялары: Янцзы (Евразиядагы дарыялардын эӊ чоӊу, узундугу 5800 км, суусунун жылдык орточо чыгымы 34 миӊ м3/сек), Обь, Енисей, Лена, Амур, Хуанхэ, Меконг, Брахмапутра, Ганг, Инд, Тигр, Евфрат, Волга, Дунай. Булардын көбү маанилүү транспорт жолу, гидроэнергиянын ири булагы болуп, сугатка кеӊири пайдаланылат. Евразияда дүйнөдөгү эӊ ири туюк облустар (Каспий м-н Арал деӊиздеринин, Балкаш ж-а Лобнор көлдөрүнүн алаптары) жайгашкан. Суу агып чыгуучу ири көлдөрү – Байкал (дүйнөдөгү эӊ тереӊ көл, анын тереӊдиги 1620 м), Ладога, Онега. Евразиянын аянтынын жарымынан көбү флорасы ж-а фаунасы боюнча Голарктикага кирет; анын көп жерлеринде кийинки көтөрүлүүнүн, муз ж-а деӊиз каптоонун натыйжасында органикалык дүйнөсү кыйла азайып кеткен. Евразиянын түштүгүн Палеотропик облусунун флорасы, Инди-Малайя облусунун фаунасы ээлейт. Евразия башка материктерден тайга-тоӊ, күл ж-а чөл-талаа тибиндеги топурак кыртыштын кеӊири таралышы, ошондой эле тоо топурактарынын түрлөрүнүн көптүгү м-н өзгөчөлөнөт. Топурак кыртышынын ж-а органикалык дүйнөсүнүн түрлөрү негизинен кеӊдик зоналуулукка (тундрадан баштап, мелүүн алкактын токой зонасы, субтропиктик талаа, чөл зоналары, саванна, кургакчыл тропик аркылуу нымдуу дайыма жашыл экватордук токойго чейин), ошондой эле океан жээктеринен алыстаган сайын, тоолордо бийиктик алкактуулукка жараша өзгөрөт.
жанар тоолордун таасири бар; аларга Исландия
нынын бир бөлүгү түзөт. Е-нын азыркы рельефи неоген ж-а антропогенде ушул аймакты бүт камтыган ургаалдуу тектон. кыймылдан калыптанган. Альп-Гималай ж-а Чыгыш Азия геосинклиналдык кырчоолору активдүү тектон. кыймылда болгон. Ургаалдуу жаӊы тектон. кыймылдан Е-да тоолор үстөмдүк кылып (алардын орт. бийикт. 840 м), ири тоо тизмектери (Гималай, Каракорум, Гиндукуш, Теӊир-Тоо) пайда болгон; алардын бийикт. 7–8 миӊ мден ашкан. О. эле массивдүү Алдыӊкы Азия тайпак тоолору, Памир, Тибет да бийик көтөрүлгөн. Бул көтөрүлүүдө Ысар-Алайдан Чукоткага чейинки тоолуу кеӊири тилке, Куньлунь, Скандинавия ж. б. тоолор кайра жаралган. Жаӊылануу процессине орто бийиктиктеги Урал, Ортоӊку Европа тоолору, о. эле бир аз Орто Сибирь, Декан ж. б. бөксө тоолор да дуушарланган. Материктин чыгышында четки кырка тоолор (Коряк тайпак тоосу, Сихотэ-Алинь ж. б.) жайгашып, аларды тоо-аралдар доголору (Чыгыш Азия, Малайя ж. б.) улап кетет. Е-нын рельефинде о. эле рифт түзүлүшүнүн да мааниси зор; ага Рейн грабени, Байкал, Жансыз деӊиз ойдуӊдары ж. б. кирет. Жаш бүктөлүү алкактарына ж-а кайра жаралган тоолордун структураларына ургаалдуу жер титирөө мүнөздүү. Жер титирөөнүн ургаалдуулугу ж-а кыйраткычтыгы б-ча Е-га Түш. Америка гана теӊдеше алат. Жаш тоолордун рельефинин калыптануусуна
Табигый секторлору, алкактары жана зоналары. Евразияда табигый өзгөчөлүктөрү боюнча кыйла айырмаланган секторлордун бөлүнүүсү кургактыктын айрым бөлүктөрүнүн ным булагынан түрдүүчө алыстыкта жайгашуусуна ж-а ал аймактардын обочолонуу деӊгээлине байланыштуу. Евразиянын аймагы 6 секторго бөлүнөт: 2 океандык – батыш ж-а чыгыш; 2 өтмө: континенттик ж-а кескин континенттик. Батыш океандык сектор Батыш Европаны бүт ж-а Батыш Азиянын басымдуу бөлүгүн камтыйт. Чыгыш океандык сектор Тынч океандын кууш жээк тилкесин гана камтып, табиятына түрдүүчө таасирин тийгизген муссондук климаты м-н өзгөчөлөнөт. Евразиянын калган секторлору материктин ички бөлүгүн ээлейт; ал эми Евразияга гана мүнөздүү кескин континенттик сектор континенттик сектордун чыгышында жайгашат; ал болсо батыштан соккон аба массасына ж-а нымды сырткы айдарым капталдары өзүнө кармап калган орографиялык тоскоолдордун болушуна байланыштуу. Евразиянын табияты кеӊ- дик бонча өзгөрүп, ага төмөнкү г е о г р а ф и я л ы к а л к а к т а р мүнөздүү: арктика, субарктика, мелүүн, субтропик, тропик, субэкватор, экватор. Ар бир алкак өз ичинен зоналарга ж-а зоначаларга бөлүнөт. А р к т и к а а л к а г ы н ы н арктикалык чөл зонасы муздуу ж-а таштуу чөл, ошондой эле тоо ландшафтынын суук чөл тибиндеги зоначаларына, с у б а р к т и к а а л к а г ы тундра ж-а токойлуу тундра зоналарына бөлүнөт; тоолоруна тундра-суук чөл бийиктик алкактары мүнөздүү; чыгышында тундранын жапалак токойлору кеӊири таралган. М ел ү ү н а л к а к т а кеӊдик зоналуулук (токой зонасы тайга, аралаш, жазы жалбырактуу токой зоначалары м-н токойлуу талаа, талаа, жарым чөл, чөл) континенттик секторго мүнөздүү. Евразиянын кескин континенттик секторунда тоолор кеӊири аянтты ээлегендиктен, кеӊдик зоналуулук көбүнчө бийиктик алкактуулуктун спектринде байкалат. Өтмө ж-а океандык секторлордо зоналардын чегинде океандардын таасиринен өзгөрүүлөр болот, мисалы, Чыгыш Европа (Орус) түздүгүндө зоналар түндүк-батыштан түштүк-чыгышты, мелүүн алкактын четки түштүгүндө батыштан чыгышты карай өзгөрөт: Франциянын токою, Карпат өндүрүнүн токойлуу талаасы, Украинанын түштүгүндөгү талаа, Казакстандын ж-а Борбордук Азиянын чөлдөрү ж-а жарым чөлдөрү, Моӊголиянын ж-а Дунбэйдин талаалары ж-а токойлуу талаалары, Манжур-Корей тоолорунун ж-а Япониянын түндүк аралдарынын токойлору. Тоолоруна бийиктик алкактуулуктун токойлуу тундра, токой-жапалак токой, токойлуу шалбаа ж-а чөл-талаа спектрлери мүнөздүү. С у бт р о п и к а л к а г ы н ы н зоналары да батыштан чыгышты карай өзгөрөт: Жер ортолук деӊиз аймагынын катуу жалбырактуу токойлору ж-а бадалдары, Закавказье м-н Кичи Азиянын талаалары ж-а жарым чөлдөрү, Иран тайпак тоосунун, Түркмөнстан м-н Борбордук Азиянын түштүк бөлүктөрүнүн чөлдөрү. Субтропик алкагынын океандык секторундагы тоолорго көбүн токой түзгөн бийиктик алкактуулуктун батышына токой-шалбаалуу талаа, чыгышына токойлуу шалбаа зоналары мүнөздүү. Евразиянын ички аймактарында чөл-талаа, Памир, Тибет тайпактоолорунда бийик тоо чөл ландшафттары үстөмдүк кылат. Т р о п и к т и к а л к а г ы Араб жарым аралын ж-а Тар чөлүн камтып, аларга тропиктик жарым чөл ж-а чөл, тоолоруна бийиктик алкактуулуктун чөл-талаа ж-а чөл зоналары мүнөздүү. Чыгышыраакта, тропиктик кеӊ- диктерде түндүк с у б э к в а т о р д у к а л к а к таралып, ал нымдуу субэкватор токою (негизинен тоолордун айдарым капталдарында) ж-а саванна (негизинен Индстан ж-а Индикытай жарым аралдарынын ички бөлүктөрүндө) зоналарына бөлүнөт. Бул аймакта жайгашкан тоолорго бийиктик алкактуулуктун токойлуу шалбаа ж-а токойлуу талаа зоналары мүнөздүү. Э к в а т о р д у к а л к а к Шри-Ланканын түштүк- батышын, Малакканын ж-а Филиппин аралынын түштүк бөлүктөрүн, Чоӊ Зонд аралын камтып, ага нымдуу экватор токою – гилея, тоолоруна гилея м-н парамостун (тоо-экватордук өзгөчө ландшафт) айкалышы мүнөздүү. Кичи Зонд аралында түштүк экватор алкагынын токой ж-а саванна ландшафттары үстөмдүк кылат.
Табигый аймактары.
Табигый аймактарынын жалпы кабыл алынган бөлүнүшү жок, бул физ.- геогр. райондошторуудан башка да бир нече схема бар. Төмөндө келтирилген Е-нын физ.-геогр. райондоштуруусунун схемасы – табигый-ландшафттык өлкөлөрдүн ар бирине морфол.-тектон. биримдиги, жаӊы тектон. өнүгүүсүнүн, климатты пайда кылуучу циркуляциялык процесстердин жалпылыгы, табигый зоналардын мыйзам ченемдүү таралуусу мүнөздүү. Айрым өлкөлөрдүн ортосунда айырмачылыктар болсо дагы, аларды ири топторго бириктирүү үчүн мүмкүнчүлүк түзгөн окшоштук белгилери да болот. Е-нын аймагын төмөнкү физ.-геогр. өлкөлөрдүн топторуна бириктирүүгө болот: Атлантика бою өлкөлөрү; Түн. Евразия; тоо-аралдуу Арктика; Бийик Сибирь ж-а Моӊголия; Ички Евразия; Чыгыш Азия, Түш. Азия; Европалык Жер Ортолук деӊиз аймагы, Алдыӊкы Азия тайпак тоолору ж-а Кавказ; Түш.-Батыш Азия.
Атлантика бою өлкөлөр тобуна
неотектон. кыймылдар мүнөздүү. Табигый чөйрөнүн бардык компоненттерине кыйла таасирин тийгизген океандык климат үстөмдүк кылат. Орг. дүйнөсүнүн чектелүүсүнө байыркы муз каптоонун таасири зор. Бул топко Фенноскандия (Скандинавияны, Кола ж. а-н Карелияны, Финляндия аймагын камтыйт), Исландия, Британ аралдары, Ортоӊку Европа түздүгү, Альп Карпат тоолору ж-а алардын түш. этегиндеги түздүктөрү кирет. Түндүк ЕвразияныУрал м-н бөлүнгөн Чыгыш Европа түздүгү ж-а Батыш Сибирь түздүгү ээлейт. Салыштырмалуу туруктуу платформалык структура, мелүүн деӊиздик климаттан континенттикке өтмө ж-а континенттик типтеги климат ж-а ландшафттар мүнөздүү. Аймагы, айрыкча анын түн.-батышы байыркы муз каптоого дуушарланган. Мелүүн алкактын ландшафттык зоналарын бүт камтыйт. Тооаралдуу Арктиканын Е в р а з и я л ы к с е кт о р у тектон. жактан тилмеленген, көбүнчө жапыз ж-а орто бийик тоолуу архипелагдардан (Шпицберген, Франц-Иосиф жери, Жаӊы Жер, Түн. Жер) ж-а аралдардан турат. Аларда тоонун мөӊгүлүү ж-а таштуу арктикалык чөл ландшафты басымдуу; айрым жеринде тоо тундрасы да кездешет. Бийик Сибирь ж-а Моӊголия – платформалар ж-а неотектон. жактан өтө кыймылдуу байыркы бүктөлүү структуралары мүнөздүү ж-а орто бийик тоолор м-н бөксө тоолор үстөмдүк кылган аймак. Климаты континенттик ж-а кескин континенттик, кышында кар аз жаайт. Дүйнөдө жер астындагы муздар эӊ кеӊири таралган аймак. Айрым жерлеринде байыркы муз чордондору пайда болгон. Тоонун ачык ийне жалбырактуу тайгасы үстөмдүк кы-
лат. Азыркы катаал климаттык шарт ландшафттын өөрчүүсүнө кыйла чек коёт. Ал Орто Сибирь бөксө тоосун, Ички Якутияны (Борб. Якут түздүгү, Алдан бөксө тоосу), Түндүк-Чыгыш Сибирди [орто бийик ж-а жапыз тоолордон (Бырранга, Жогорку Яна, Черский, Коряк кырка тоолору) ж-а платолордон (Юкагир, Алазея ж. б.), бөксө тоолордон, аккумуляциялык, көбүнчө деӊиздик ири түздүктөрдөн (Түн. Сибирь, Яна-Индигирка, Колыма ж. б.) турат], Түштүк Сибирь тоолорун, Моӊголия тоолорун [бийик (Алтай, Саян, Кодар) ж-а орто бийик (Забайкалье, Хантай, Хэнтэй, Становой тайпак тоосу ж. б.) тоолорду] камтыйт. Ички Евразия – неотектон. кыймылда кескин көтөрүлгөн аймак; ага эӊ бийик тайпак ж-а бийик тоолор, континенттик ж-а кескин континенттик климат, суусу сыртка агып чыкпаган туюк облустар басымдуулук кылган ири ойдуӊдар мүнөздүү. Ири туюк көлдөрү бар. Аймакка мүнөздүү болгон тоонун ж-а түздүктүн чөл-талаалуу ландшафтынын флорасы ж-а фаунасы көп жерлеринде кийинки көтөрүлүүдөн (нымдуу аба массасынан тосулуп калгандыктан) ж-а байыркы муз каптоодон кыйла жабыркаган. Ага Ички Казакстандын, Каспий боюнун, Орто Азиянын ж-а Борбордук Азиянын түздүктөрү (Кара-Кум, Кызыл-Кум, Такла-Макан, Гоби ж. б.), о. эле айрым жерлеринде кездешкен жапыз тоолуу, дөбөдөӊсөөлүү супа сымал платолору, Орто ж-а Борб. Азиянын тоолору ж-а тайпак тоолору (Тибет, Памир, Чыгыш Гиндукуш, Каракорум, Куньлунь, Теӊир-Тоо ж. б.) кирет. Чыгыш Азия – Е-нын неотектон. жактан кыймылдуу чет-жакасы; жалпысынан мезозой ж-а альп бүктөлүштөрүнүн структураларынын, муссондук климаттын ж-а байыркы муз каптоого дуушарланбаган муссон тибиндеги ландшафттын үстөмдүк кылышы, тропиктик ураган (тайфун) мүнөздүү. Азиянын материктик чыгышы аккумуляциялык түздүктөрдү (Амур бою, Сунляо, Улуу Кытай), жапыз ж-а орто бийик тоолорду (Сихотэ-Алинь, Хинган-Бурея, Манжур-Корей тоолору, Наньлин), Камчатканы ж-а Чыгыш Азия аралдарын (Курил, Япон, Рюкю) камтыйт. Түштүк Азия тектон. структурасы ж-а неотектон. режими ар түрдүү болсо да, субэкватордук ж-а экватордук ландшафттардын басымдуулугуна ж-а жалпы муссондук климаттын үстөмдүк кылышына байланыштуу бириктирилген. Тропиктик циклон мүнөздүү. Орг. дүйнөсү байыркылыгы м-н өзгөчөлөнөт; палеотропиктик, көбүнчө малайя, батышына инди-африка флорасы, инди-малайя фаунасы мүнөздүү. Австралия-Азия архипелагдары (Малайя, Филиппин, Молукка), Тайвань аралы, Малакка ж. а-нын түштүгү, Индикытай, Индстан, Инд-Ганг түздүгү ж-а Шри-Ланка, Гималай тоолору кирет. Европалык Жер ортолук деӊиз аймагы, Алдыӊкы Азия тайпак тоолору ж-а Кавказ – жалпы кескин көтөрүлүүгө ж-а чөгүүгө дуушарланган, тоо рельефи басымдуулук кылган, альп-гималай бүктөлүш кырчоосуна кирген өтө кыймылдуу аймак. Байыркы муз каптоого анчалык дуушарланбаган субтропиктик ландшафт үстөмдүк кылат. Алдыӊкы Азия (Кичи Азия, Армян, Иран) тайпак тоолорун ж-а Чоӊ Кавказды, Европалык Жер Ортолук деӊиз аймагын камтыйт. Түштүк- Батыш Азия – цоколдук түздүктөр, чет-жакасындагы келки тоолор үстөмдүк кылган, лава катмары кеӊири таралган байыркы платформа. Климаттын ж-а ландшафттын чөлдүк типтери мүнөздүү. Рельефинин, климатынын ж-а ландшафтынын Африканын түндүгүнүн ж-а батышынын табиятына кыйла окшоштугу байкалат. Ага Сирия-Араб платосу ж-а Месопотамия, Араб ж. а-нын түш. чет-жакасындагы тоолор (Оман, Хадрамаут, Йемен, Хижаз тоолору) кирет. Е-дагы мамлекеттер ж-дөгү маалыматтар Европа ж-а Азия макалаларында берилген.
Ад.: Власова Т. В. Физическая география частей света. 2-е изд. М., 1966; Гвоздецкий Н. А., Михайлов Н. И. Физическая география СССР. Азиатская часть. М., 1970; Гуру П. Азия/Пер. с франц. М., 1956; Мильков Ф. Н., Гвоздецкий Н. А. Физическая география СССР. Общий обзор. Европ. часть СССР. Кавказ. М., 1969; Физико-географическое районирование СССР. М., 1968; Хрестоматия по географии материков и океанов. М., 1987; Физическая география материков и океанов / Под ред. А. М. Рябчикова. М., 1988; Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н. Физическая география материков и океанов. М., 2004. Ө. Бараталиев.