ДРУЖИНИН Иван Георгиевич: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''ДРУ́ЖИНИН''' '''Иван Георгиевич''' (10.10.1904. РФ,
'''ДРУ́ЖИНИН''' Иван Георгиевич (10.10.1904. РФ,


[[File:ДРУЖИНИН69.png | thumb | none]]
[[File:ДРУЖИНИН69.png | thumb | none]]

09:20, 21 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДРУ́ЖИНИН Иван Георгиевич (10.10.1904. РФ,

Чита облусу, Забайкалье шаары – 1987, Фрунзе) – химия илимдеринин доктору (1947), профессор (1950), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1954). Владивостоктогу Ыраакы Чыгыш университетин бүтүргөн (1931). 1932-жылдан СССР ИАнын жалпы ж-а органикалык эмес химия институтунда эмгек­тенген. 1954–56-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын химия институту­нун директору ж-а табигый ж-а техникалык илимдер бөлүмүнүн академик-секретары, 1960- жылдан органикалык эмес ж-а физикалык химия институтунда лаборатория баш­чысы болуп иштеген. Ал шакирттери м-н бирге көптөгөн жаңы бирик­мелерди теориялык жактан мүнөздөгөн. Батыш Си­бирь, Өзбекстан ж-а Кыргызстандын туз кендерин изилдеген, агын суудагы, көлдөгү туздардын чөгүшү жөнүндөгү гидрологиялык ж-а геохимиялык теорияны негиздеген. 450дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 9 монографиясы, бир нече автордук күбөлүгү бар. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сый­ланган.

Эмг.: Физико-химическая характеристика природ­ных солей месторождения Тянь-Шаня (в соавторстве). М., 1970; Алюмосульфатные источники Киргизии (в соавторстве). Ф., 1971.