ДУБИНИН Николай Петрович: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

09:31, 21 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ДУБИ́НИН Николай Петрович [22. 12. 1906 (4.1. 1907 Кронштадт – 1998] – сов. генетик, СССР ИАнын академиги (1966; корреспондент-мүчөсү, 1946), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1969). МГУну бүтүргөн (1928). 1932-жылдан СССР ИАнын түрдүү илим-изилдөө меке­мелеринде иштеген, 1966-жылдан СССР ИАнын жалпы генетика институтунда директор. Дубинин жалпы генетика, эволюциялык генетика боюнча изилдөөлөр жүр­гүзүп, мутациянын пайда болуу закондору, ген­дин түзүлүшү ж-а функциясы, селекциянын генетикалык негиздери боюнча ачылыштарды жасаган. Ал ошондой эле космостук генетикада да эксперимент жүргүзүп, радиациялык, эволюциялык генетиканын бир катар проблемаларын, мутация процессиндеги этаптуулук маселесин иштеп чыккан. Лениндик сыйлыктын лауреаты (1966). Чет өлкөлүк бир катар ИАнын ж-а Улуу Британия генетиктер коому­нун мүчөсү.

Эмг.: Генетика популяций и селекция. М., 1967 (совм. с Я. Л. Глембоцким); Общая генетика. М., 1970.