ДЫЙКАНЧЫЛЫК СИСТЕМАСЫ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЫЙКАНЧЫЛЫК СИСТЕМАСЫ''' – жерди туура пайдаланууга, топурак күрдүүлүгүн арттырууга багытталган технологиялык (агротехникалык), мелиорациялык ж-а уюштуруу иш-чаралар комплекси. Дыйканчылык системасы өз ара байланыштуу бир катар элементтерди камтыйт: жерге жайгаштыруу, которуштуруп айдоо, жер иштетүү ж-а жер семирткич колдо­нуу системалары, отоо чөпкө, өсүмдүк илдетине ж-а зыянкечтерине каршы күрөшүү иштери, үрөнчүлүк, топуракты эрозиядан сактоо жумуш­тары, айрым жерлерде – сугаруу, кургатуу, жер­ди химиялык мелиорациялоо (гипстөө ж. б.), коргоо токой тилкесин тигүү. Дыйканчылык системасынын пайда болушу ж-а анын алмашылышы коомдук өндүргүч күч­төрүнүн өнүгүшүнө, айрыкча өнөр жай өндүрүшү ж-а илимий-техникалык прогресске тыгыз байланыштуу. Коомдук өнүгүштүн ар бир мезгилине мүнөздүү өзүнчө Дыйканчылык системасы болгон: кул ээлөөчүлүк коомдо – кысыр аңыз ж-а токой кыркып, өрттөп, айдоо аянт жасоо Дыйканчылык системасы, феодалдык коомдо – буу­лантма дан (үч кезмектүү, талаалуу) Дыйканчылык системасы, ка­питализмдин өнүгүшү м-н бирге шаар калкын азык-түлүк, өнөр жайды сырьё м-н камсыз кылуу зарылчылыгынан улам жакшыртылган дан ж-а үрөн алмаштырма Дыйканчылык системасы пайда болгон. Би­рок айыл чарба өндүрүшүн капиталисттик рыноктун конъюнктурасына баш ийдирүү үрөн алмаштыр­ма которуштуруп эгүү Дыйканчылык системасын колдонууга чек коюп, бир өсүмдүк түрүн бир эле жерге кайта­лап эгүү Дыйканчылык системасы басымдуу болгон. Дыйканчылык­тын ж-а Дыйканчылык системасынын өнүгүшүнө өндүрүштүк мами­лелер активдүү таасир кылат. Илимий жактан не­гизделген | '''ДЫЙКАНЧЫЛЫК СИСТЕМАСЫ''' – жерди туура пайдаланууга, топурак күрдүүлүгүн арттырууга багытталган технологиялык (агротехникалык), мелиорациялык ж-а уюштуруу иш-чаралар комплекси. Дыйканчылык системасы өз ара байланыштуу бир катар элементтерди камтыйт: жерге жайгаштыруу, которуштуруп айдоо, жер иштетүү ж-а жер семирткич колдо­нуу системалары, отоо чөпкө, өсүмдүк илдетине ж-а зыянкечтерине каршы күрөшүү иштери, үрөнчүлүк, топуракты эрозиядан сактоо жумуш­тары, айрым жерлерде – сугаруу, кургатуу, жер­ди химиялык мелиорациялоо (гипстөө ж. б.), коргоо токой тилкесин тигүү. Дыйканчылык системасынын пайда болушу ж-а анын алмашылышы коомдук өндүргүч күч­төрүнүн өнүгүшүнө, айрыкча өнөр жай өндүрүшү ж-а илимий-техникалык прогресске тыгыз байланыштуу. Коомдук өнүгүштүн ар бир мезгилине мүнөздүү өзүнчө Дыйканчылык системасы болгон: кул ээлөөчүлүк коомдо – кысыр аңыз ж-а токой кыркып, өрттөп, айдоо аянт жасоо Дыйканчылык системасы, феодалдык коомдо – буу­лантма дан (үч кезмектүү, талаалуу) Дыйканчылык системасы, ка­питализмдин өнүгүшү м-н бирге шаар калкын азык-түлүк, өнөр жайды сырьё м-н камсыз кылуу зарылчылыгынан улам жакшыртылган дан ж-а үрөн алмаштырма Дыйканчылык системасы пайда болгон. Би­рок айыл чарба өндүрүшүн капиталисттик рыноктун конъюнктурасына баш ийдирүү үрөн алмаштыр­ма которуштуруп эгүү Дыйканчылык системасын колдонууга чек коюп, бир өсүмдүк түрүн бир эле жерге кайта­лап эгүү Дыйканчылык системасы басымдуу болгон. Дыйканчылык­тын ж-а Дыйканчылык системасынын өнүгүшүнө өндүрүштүк мами­лелер активдүү таасир кылат. Илимий жактан не­гизделген дыйканчылык системасы топурактын күрдүүлүгүн калы­бына келтирип ж-а арттырып турат, түшүмдү жогорулатып, аянт бирдигинен аз чыгым жум­шап, көп продукция алууга шарт түзөт. Дыйканчылык системасына өзгөчө түшүнүк катары аныктаманы орус оку­муштуусу А. С. Советов «Дыйканчылык систе­малары жөнүндө» (1867) деген эмгегинде берген. Дыйканчылык системасынын түрлөрү: жөнөкөй, экстенсивдүү, өтмө ж-а ургаалдуу. Жөнөкөй дыйканчылык системасында жердин таби­гый сапаты гана пайдаланылып, топурак күр­дүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча эч кандай иш­ чаралар жүргүзүлбөйт, өндүргүч күчтөр төмөнкү деңгээлде болот. Экстенсивдүү дыйканчылык системасы – жөнөкөй системанын өркүндөтүлгөн түрү. Мында дан-чөп которуштуруп айдоо системасына көп жылдык чөп же отолмо өсүмдүктөр киргизилет. Топурак­тын күрдүүлүгү буулантма ж-а көп жылдык чөп эгүү жолу м-н жөнгө салынат. Өтмө дыйканчылык системасы буу­лантма дан дыйканчылык системасынын жакшыртылышы м-н мү­нөздөлөт. Мында көп жылдык чөп же отолмо өсүмдүктүн дан-буулантма которуштуруп эгүү системасы да киргизилет. Органикалык жер семирткич көп колдонулуп, жер жакшы иштетилип, ай­доо жер өндүрүмдүүрөөк пайдаланылат. Ургаал дыйканчылык системасына жыш (эгин ж. б.) ж-а жөөккө себилген (пахта ж. б.) өсүмдүктөрдү алмаштырып эгүү м-н топурактын күрдүүлүгүн жогорулатуу, ми­нералдык ж-а органикалык жер семирткичтерди же­тиштүү өлчөмдө пайдалануу, жерди дыкаттык м-н иштетүү, товардык өсүмдүктөрдү эгүү мү­нөздүү. Топурак-климаттык өзгөчөлүктөрүн эске алып, ар бир белгилүү аймак (зона) үчүн дыйканчылык системасы иштелип чыгылат. Кыргызстанда ар бир облус ж-а аймак үчүн илимий жактан негизделген дыйканчылык системасы иште­лип чыкан. | ||
Ад.: ''Воробьев С. А. и др.'' Земледелие. М., 1977. | Ад.: ''Воробьев С. А. и др.'' Земледелие. М., 1977. |
11:21, 21 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДЫЙКАНЧЫЛЫК СИСТЕМАСЫ – жерди туура пайдаланууга, топурак күрдүүлүгүн арттырууга багытталган технологиялык (агротехникалык), мелиорациялык ж-а уюштуруу иш-чаралар комплекси. Дыйканчылык системасы өз ара байланыштуу бир катар элементтерди камтыйт: жерге жайгаштыруу, которуштуруп айдоо, жер иштетүү ж-а жер семирткич колдонуу системалары, отоо чөпкө, өсүмдүк илдетине ж-а зыянкечтерине каршы күрөшүү иштери, үрөнчүлүк, топуракты эрозиядан сактоо жумуштары, айрым жерлерде – сугаруу, кургатуу, жерди химиялык мелиорациялоо (гипстөө ж. б.), коргоо токой тилкесин тигүү. Дыйканчылык системасынын пайда болушу ж-а анын алмашылышы коомдук өндүргүч күчтөрүнүн өнүгүшүнө, айрыкча өнөр жай өндүрүшү ж-а илимий-техникалык прогресске тыгыз байланыштуу. Коомдук өнүгүштүн ар бир мезгилине мүнөздүү өзүнчө Дыйканчылык системасы болгон: кул ээлөөчүлүк коомдо – кысыр аңыз ж-а токой кыркып, өрттөп, айдоо аянт жасоо Дыйканчылык системасы, феодалдык коомдо – буулантма дан (үч кезмектүү, талаалуу) Дыйканчылык системасы, капитализмдин өнүгүшү м-н бирге шаар калкын азык-түлүк, өнөр жайды сырьё м-н камсыз кылуу зарылчылыгынан улам жакшыртылган дан ж-а үрөн алмаштырма Дыйканчылык системасы пайда болгон. Бирок айыл чарба өндүрүшүн капиталисттик рыноктун конъюнктурасына баш ийдирүү үрөн алмаштырма которуштуруп эгүү Дыйканчылык системасын колдонууга чек коюп, бир өсүмдүк түрүн бир эле жерге кайталап эгүү Дыйканчылык системасы басымдуу болгон. Дыйканчылыктын ж-а Дыйканчылык системасынын өнүгүшүнө өндүрүштүк мамилелер активдүү таасир кылат. Илимий жактан негизделген дыйканчылык системасы топурактын күрдүүлүгүн калыбына келтирип ж-а арттырып турат, түшүмдү жогорулатып, аянт бирдигинен аз чыгым жумшап, көп продукция алууга шарт түзөт. Дыйканчылык системасына өзгөчө түшүнүк катары аныктаманы орус окумуштуусу А. С. Советов «Дыйканчылык системалары жөнүндө» (1867) деген эмгегинде берген. Дыйканчылык системасынын түрлөрү: жөнөкөй, экстенсивдүү, өтмө ж-а ургаалдуу. Жөнөкөй дыйканчылык системасында жердин табигый сапаты гана пайдаланылып, топурак күрдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча эч кандай иш чаралар жүргүзүлбөйт, өндүргүч күчтөр төмөнкү деңгээлде болот. Экстенсивдүү дыйканчылык системасы – жөнөкөй системанын өркүндөтүлгөн түрү. Мында дан-чөп которуштуруп айдоо системасына көп жылдык чөп же отолмо өсүмдүктөр киргизилет. Топурактын күрдүүлүгү буулантма ж-а көп жылдык чөп эгүү жолу м-н жөнгө салынат. Өтмө дыйканчылык системасы буулантма дан дыйканчылык системасынын жакшыртылышы м-н мүнөздөлөт. Мында көп жылдык чөп же отолмо өсүмдүктүн дан-буулантма которуштуруп эгүү системасы да киргизилет. Органикалык жер семирткич көп колдонулуп, жер жакшы иштетилип, айдоо жер өндүрүмдүүрөөк пайдаланылат. Ургаал дыйканчылык системасына жыш (эгин ж. б.) ж-а жөөккө себилген (пахта ж. б.) өсүмдүктөрдү алмаштырып эгүү м-н топурактын күрдүүлүгүн жогорулатуу, минералдык ж-а органикалык жер семирткичтерди жетиштүү өлчөмдө пайдалануу, жерди дыкаттык м-н иштетүү, товардык өсүмдүктөрдү эгүү мүнөздүү. Топурак-климаттык өзгөчөлүктөрүн эске алып, ар бир белгилүү аймак (зона) үчүн дыйканчылык системасы иштелип чыгылат. Кыргызстанда ар бир облус ж-а аймак үчүн илимий жактан негизделген дыйканчылык системасы иштелип чыкан.
Ад.: Воробьев С. А. и др. Земледелие. М., 1977.
Н. А. Карабаев.