ЕВРОПА (дүйнө бөлүгү): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
13 сап: 13 сап:


[[File:ЕВРОПА7.png | thumb | none]]
[[File:ЕВРОПА7.png | thumb | none]]
камтыйт. Бул алкактын к о н т и н е н т т и к  к л и м а т т у у  а й м а к т а р ы н д а төмөнкү топурак кыртыштары таралган: түндүк тайганын глейлешкен-күл топурагына ашыкча нымдуу­лук, күлдөшүү, глейлешүү процесстери, органикалык кал­дыктардын жай чирүүсү мүнөздүү; накта күл то­пурагы тайганын ортоӊку бөлүгүндө өөрчүп, анда басымдуулук кылган жуулуу режиминин үстүӊкү горизонтундагы органикалык калдыктардын кыйла бөлү­гү төмөн чөгүп кетет; тайганын түштүк бөлүгүнө ж-а жазы-ийне жалбырактуу токойдун чымдак­-күл топурагына күлдөшүү процессинен сыртка­ры чириндинин топтоло башташы мүнөздүү; Чыгыш Европанын бореалдык алкагынын эӊ түштүгүндө, жазы жалбырактуу токойдун ас­тында токойдун боз топурагы өөрчүп, анда чым­дашуу процесси активдүү жүрөт, чиринди гори­зонту даана байкалып, анын өлчөмү 3төн 8%ке чейин жетет. Бореалдык алкактын о к е а н ­д ы к  к л и м а т т у у аймактарына топурак­тын төмөнкү типтери мүнөздүү: чымдак, чым көӊдүү топурак Исландиянын, Скандинавиянын түндүк-батышынын, Фарер ж-а Гебрид аралдарынын суб­арктикалык шалбаа ж-а сейрек токойлорунун астында өөрчүп, чириндиге байлыгы м-н өзгөчө­лөнөт; өтө жуулма чымдак-бозомтук-күл то­пурак Скандинавиянын ж-а Финляндиянын түштүгүндө, Улуу Британиянын түндүгүндө, Ор­тоӊку Европа түздүгүндө таралып, айрым жерлерин­де токойдун кычкыл күл топурагы м-н айкалы­шып жатат. Бореалдык алкактагы интразона­лык топурактардан төмөнкүлөр таралган: ал­лювий (анын ичинде жайпак жээктердеги марш топу­рактары); карбонаттуу түпкү тектердеги чым­дак-карбонаттуу топурак (рендзиндер); тайга зонасында, кыртыш суулары жер бетине жакын жаткан, анча тилмеленбеген түздүктөрдөгү шал­баанын астында чымдак-глей топурагы өөрчү­гөн; чымкөӊ-саз топурагы – верещатниктердин астында өөрчүп, начар дренаждалган, чопо кат­мары үстүӊкү бетке жакын жаткан жерлерге мүнөздүү. Бореалдык алкакта жайгашкан тоо­лордо тоо тундра, Уралда, ошондой эле тоонун чым­дак-күл тоо токоюнун боз, Шотландияда ж-а Скандинавиянын орто бийик тоолорунда тоо­нун күл топурактары таралган. С у б б о р е а л­ д ы к  а л к а к т а г ы океандык ж-а мелүүн континенттик аймактардын топурак-кыртыш­тарындагы зоналык структурасындагы айырма­чылык ого бетер күчөйт. М е л ү ү н  к о н т и ­н е н т т и к  к л и м а т т у у аймактарда түпкү тектерин лёсс түзгөн талаа зонасында кара ж-а каштан топурактары пайда болот. Токойлуу талаада ж-а талаанын түндүк бөлүгүндө күлдөш­көн, жегичтүү ж-а накта кара топурак түзүлүп, ал өӊү кара, калыӊ чиринди горизонту, чирин­диге байлыгы (8%тен ашык), карбонаттуу ил­лювий горизонтунун болушу м-н өзгөчөлөнөт. Кургакчылыраак талаа ландшафттуу аймактар­да аз ж-а орто чириндилүү кадимки ж-а түштүк типтеги кара топурактар пайда болуп (чиринди­си 4–8%), карбонаттуу горизонту жогору жай­гашып, тыгыз келет. Молдавия ж-а ага чектеш жайгашкан Румыниянын жерлерин, Азов бою ойдуӊунун чыгышын, Крымдын түздүктөрүн мер­гелдин ж-а акиташ тегинин үстүндө кадимки ж-а мицелярдык-карбонаттуу, аз ж-а орто чи­риндилүү, бүт горизонту боюнча карбонат арбын таралган түштүк типтеги каштан топурактары ээлейт. Кыйла кургакчыл талаа Украинанын түштүк бөлүгүн, Төмөнкү Волга боюн, Каспий боюн ээлеп, анда жуулуу режимисиз, чиринди гори­зонту жукараак, карбонаттуу горизонту өтө ты­гыз каштан топурагы өөрчүгөн; Каспий бою ой­дуӊунун айрым жерлеринде каштан топуракта­ры шортоӊ кыртыштар м-н айкалышып жатат. Шортоӊ топурактар түпкү тектердин туздуу бо­лушуна байланыштуу. Каспий бою ойдуӊунун эӊ кургакчыл жерлеринде, жарым чөл өсүмдүк­төрүнүн астында өөрчүгөн жарым чөлдүн коӊур топурактары кум массивдери м-н айкалышып жатат. Суббореалдуу алкактын о к е а н д ы к  к л и ­м а т т у у аймактарында жазы жалбырактуу токойдун астында токойдун коӊур топурагы өөрчүгөн. Бул топурактын профилинде горизонт­тор даана байкалбайт, коӊур түстөгү иллювий горизонту өтө калыӊ (анткени чополошуу ж-а карбонаттын жуулуу процесси катуу жүрөт). Жеринин бетинин өтө тилмеленгендигине ж-а литологиялык ар түрдүүлүгүнө байланыштуу токойдун коӊур топурагынын жуулуу ж-а күлдөшүү деӊгээли бирдей эмес, көбүнчө күл, чымдак-карбонаттуу топурактар, коӊур рендзин­дер м-н кезектешип жатат. Кыйла континент­тик климаттуу тоо аралык өрөөндөрдө токой­дун коӊур топурагы көбүнчө жука калыӊдык­тагы накта ж-а кадимки кара ж-а шалбаалуу кара топурактар м-н алмашат; алардын негиз­ги ареалдары Дунай бою түздүктөрүндө тарал­ган. Ушул эле аймактардын оёӊ жерлеринде шор топурактар кездешет. Орто бийик тоолордун басымдуу бөлүгүн тоо токоюнун коӊур топурак­тары ээлейт. Карпат, Пиреней, Альп тоолорун­да ал топурактардан башка тоонун күл топура­гы (1000–1600 ''м'' бийиктикте) улам жогорула­ган сайын тоо-шалбаа топурагы м-н алмашат. С у б т р о п и к т и к  а л к а к т а жайгашкан Түштүк Европага ж-а Крымдын түштүк жээгине дайыма жашыл ксерофиттик токойлордун ж-а бадал­дардын астында күрөӊ топурактар өөрчүгөн; бул топурак чириндиге байлыгы (4–7%) ж-а бүт профили боюнча карбонаттуулугу м-н өзгөчөлөнөт. Нымдуу аймактарда бул топурак жуулма ре­жимде болуп, карбонаттар кыйла тереӊдикке чейин жуулуп кетет. Балкан жарым аралынын баты­шында ж-а Апеннин жарым аралынын түштүк-чыгышын­да ж. б. жерлерде «терра росса» (карбонаттуу тоо тектердин үбөлөндү продуктулары) кеӊири таралган. Алар өтө карбонаттуу кызыл ренд­зиндерди пайда кылат. Жер Ортолук деӊиз ай­магынын кыйла кургакчыл жерлеринин бадал­дуу формацияларынын астында бозомук-күрөӊ топурактары өөрчүгөн. Балкан жарым аралынын тоо аралык түздүктөрүндө, негизги кристаллдык тектердин үбөлөндү продуктуларында өтө ты­гыз түзүлүштөгү, чириндиге жарды, өӊү кара смолница топурагы пайда болгон. Жер Ортолук деӊиз аймагынын тоолорундагы тоонун күрөӊ топурагы бийиктеген сайын тоо токоюнун коӊур топурагы м-н алмашат. Европанын топурак-кыр­тышынын ичинен кара, токойдун коӊур ж-а боз, ошондой эле күрөӊ топурактары дыйканчылыкта кеӊири, тундра, жарым чөлдүн коӊур топуракта­ры бир аз пайдаланылат; ал эми арктикалык топурак дээрлик пайдаланылбайт. Европанын ө с ү м д ү к т ө р ү флоралык курамы боюнча Голарктикага кирет. Материктер ортосун­дагы байыркы ж-а азыркы байланыштардын негизинде Европанын флорасында Азияныкына, Африканыкына ж-а Түндүк Американыкына мүнөздүү тукумдар, уруулар ж-а түрлөр кезде­шет. Ал эми эндемиктер салыштырмалуу аз. Европага өсүмдүктөрдүн төмөнкү типтери мүнөздүү: тундра, бореалдык же тайга, неморалдык (жазы жалбырактуу ж-а ийне-жазы жалбырактуу то­койлорду ж-а алар м-н байланыштуу бадалдуу ж-а чөл өсүмдүктүү жалпылыкты камтыйт), талаа, чөл, субтропиктик бадал-дарак өсүмдүк­төрү. Булардын ичинен эӊ кеӊири таралганы токой тибиндеги өсүмдүктөр, эӊ аз таралганы – тундра ж-а чөл өсүмдүктөрү. Арктикалык, суб­арктикалык ж-а бореалдык кеӊдиктерде океан­дык климаттуу ж-а мелүүн континенттик ай­мактардын ортосундагы өсүмдүктөрдүн зоналык тиби боюнча айырма анча байкалбайт. Кыйла тө­мөнкү кеӊдиктерде ал айырма даана байкалат: климаты океандык аймактарда тайга токоюнан түштүгүрөөктө ийне ж-а жазы жалбырактуу аралаш токой, жазы тилкени түзгөн жазы жал­бырактуу токой таралган. Ал токойлор субтро­пик алкагында ксерофилдик дайыма жашыл ж-а дайыма жашыл-жалбырагын күбүүчү ара­лаш токойлор ж-а бадалдар м-н алмашат. Ал эми климаты мелүүн континенттик аймактар­да тайгадан түштүгүрөөктө жазы ж-а ийне жал­бырактуу, жазы жалбырактуу токойлор кууш тилкени түзүп, түштүктү ж-а түштүк-чыгышты карай токойлуу талаа, талаа, жарым чөл ж-а чөл м-н алмашат (Крымдын түштүк жээгинде суб­тропиктик өсүмдүктөрдүн элементтери кездешет). Европанын аймагында азыр табигый ландшафт дээрлик жокко эсе; тундра м-н тоонун ландшафт­тары ж-а фаунасы гана салыштырмалуу азы­раак өзгөрүүгө дуушарланган. Мурда негизинен эмен ж. б. дарак өсүмдүктөрүнөн турган жазы жалбырактуу токой текши тилкени түзүп, түндүгүндө ийне жалбырактуу токойго, түш­түгүндө жер ортолук деӊиз тибиндеги сейрек токойго өткөн. Токой б. з. ч. 5-кылымдан эле Грекия­да кыйылып жок кылына баштаган; кийин бул процесс Түштүк ж-а Ортоӊку Европанын башка жерле­ринде да кеӊири кулач жайган. Токойдун ту­руктуу жок кылына башташы табигый биотоп­тун бир бүтүндүгүн бузуп, аймактын табигый фаунасына ж-а флорасына терс таасир тийгиз­ген. А р к т и к а л ы к  т у н д р а  ж-а  ч ө л ландшафттары Шпицберген, Франц-Иосиф жери, Жаӊы Жер аралында таралган. Өсүмдүктөрдөн эӊилчек, мамык чөп, чөп өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрү (таш жаргы, каз таман ж. б.) ж-а ба­далдар (дриада, уюл талы ж. б.) мүнөздүү. Арк­тикалык чөл (өсүмдүк өспөгөн таштак жерлер) да кыйла аянтты ээлейт. Н а к т а  т у н д р а континенттин түндүк ж-а Жаӊы Жер аралынын түштүк жээктерин ээлейт, өсүмдүк түрлөрүнө салыштыр­малуу бай келип, кыйла текши каптаган. Мында мамык чөп-эӊилчектүү тундра (күрөӊ ж-а жа­шыл мамык чөптөр, эӊилчектерден ягель ж. б. үстөмдүк кылат, ошондой эле айрым чөп өсүмдүктөр – драба, бетеге, кызгалдак, таш жаргы кездешет), бадалдар (водяника, казанак) ж-а жапалак ба­далдар (жапалак кайыӊ, уюлдук ж-а тегерек жалбырактуу тал) үстөмдүк кылат. Ашыкча нымдуу жерлеринде саздар кездешет. Исландия­нын, Скандинавиянын тоолорунда, Уралда тоо тундрасы (түндүктө 300–500 ''м''ден, түштүктө 1000–1100 ''м'' бийиктиктен жогору) өзүнчө алкак­ты түзөт. Тундра өсүмдүктөрү түштүктө т о к о й­ л у у  т у н д р а г а өтөт; ага тундранын, саздардын ж-а жапыз өскөн сейрек токойдун (чыгышында карагай, батышында кайыӊ, кы­зыл карагай үстөмдүк кылат) айкалышы мүнөздүү. Бул токойлордо мамык чөп-эӊилчектүү ж-а бадалдуу ярустар (ит бүлдүркөн, кара моюл, аюу мөмө, водяника) даана байкалат. Тоолордо мындай токойлор (түндүгүндө 300–400 ''м''ден, түштүгүндө 900–1000 ''м'' бийиктикке чейин) өзүнчө өсүмдүк алкактарын пайда кылат. Исландияда кайыӊ токою шалбаа ж-а саздар м-н айкалы­шат. Тундра өсүмдүктөрү айрым жерлерде бугу жайыты катары пайдаланылат. Т а й г а түштүктө болжол м-н 57–58° түндүк кеӊдиктерге чейин жеткен жазы тилкени ээлейт. Анда ийне жалбырактуу токой – чыгышында сибирь ка­рагайы, көк карагайы ж-а кара карагайы, ба­тышында – европа карагайы, кадимки кызыл карагай үстөмдүк кылат. Урал өндүрүндө, зона­нын түндүгүндө Скандинавияга чейин, ошондой эле кедрлүү кызыл карагай токою басымдуу. Ным­дуу жерлерде бул токойлордун астында мамык чөп, кара моюл, ит бүлдүркөн, вереск, кислица, кургакчыл жерлерде эӊилчек үстөмдүк кылат. Ийне жалбырактуу токойлордон сырткары кайыӊ ж-а байтерек токойлору да кездешет; алар көбүнчө алгачкы токой массиви кыйылып же өрттөнүп кеткен жерлерде өсөт. Тайга токою­нун түндүк чет-жакаларында – Фенноскандияда жергиликтүү кайыӊ токою бар. Тайга зонасындагы өсүмдүктөрдүн башка типтеринен жайылма шалбаалары, казанак, кидик дан куурай, клюк­ва, кара моюл өскөн сфагн саздары, чөп өсүмдүктөрү өскөн токой саздары кездешет. Скандинавия тоолорунда ж-а Уралда тайга то­кою тоо өсүмдүктөрүнүн төмөнкү алкактарын түзөт. Тайга өсүмдүк ресурстарына бай: андан целлю­лоза-кагаз, химия ж-а курулуш өнөр жайлары үчүн жыгач даярдалат; тайгада териси баалуу жаны­барларга (тыйын чычкан, суусар, арыс, түлкү, ак коён ж. б.) аӊ ууланат, жапайы айбанаттар­дын ж-а куштардын (багыш, рябчик, каракур, кереӊкур ж. б.) эти даярдалат, табигый өсүмдүк­төрдүн (ит бүлдүркөн, кара моюл, карагат, че­тин, моюл ж. б.) мөмөлөрү ж-а козу карын жый­налат. Тайганын шалбаалуу жерлери негизинен бодо мал үчүн жайыт катары пайдаланылат. Ж а з ы ж-а и й н е ж а л б ы р а к т у у а р а л а ш т о к о й тайгадан түштүктө Скандинавиянын түштүгүнөн Уралга чейин со­зулуп жатат. Балтика бою өлкөлөрүнүн, Бело­руссиянын аймактарында, Чыгыш Европа түздү­гүнүн борбордук бөлүгүнүн батышында аралаш то­кой эӊ жазы тилкени түзөт. Нижний Новгород шаарынан чыгышты карай аралаш токой тилкеси өтө кууштайт. Зонада ийне ж-а жазы жалбырак­туу (эмен, ак чечек, жөкө дарак) токой аралаш өсөт. Кум топурактуу жерлерде кызыл карагай токоюнун ири массивдери бар. Европада ж а з ы ж а л б ы р а к т у у т о к о й зор аймакты ээлейт. Ал Батыш Европанын тоолордон башка бүт аймагын ээлеп, түндүгүндө тайга ж-а аралаш то­койго, түштүгүндө субтропикке (болжол м-н 40° түндүк кеӊдикке) чейин жетет. Карпаттан чыгыш­ты карай жазы жалбырактуу токой тилкеси өтө ичкерип, Урал өндүрүнө чейин созулат, анда зонанын түштүк чеги 53–54° түндүк кеӊдиктерден өтөт. Жазы жалбырактуу токой өсүмдүктөрүнүн ичинен эӊ кеӊири таралганы – эмен. К л и ­м а т ы  о к е а н д ы к  а й м а к т а р д а эмендин саптуу эмен, аска эмени (чыгышта Түштүк Буг дарыясына чейин жетет) ж. б. түрлөрү нукура эмен токоюн же кайыӊ (Британ аралдарында, Бельгияда, Нидерландда), кадимки граб, жөкө дарак, бук (негизинен Батыш Европада) аралаш эмен токоюн түзөт. Нукура бук токою дөбө-дөӊсөөлөрдүн кап­талдарында, тоолордун төмөнкү алкактарында, кышы салыштырмалуу жылуу, абасы өтө ным­дуу, бирок топурак кыртышы ашыкча нымдуу болбогон жерлерди ээлейт. Түштүк аймактарда, '''негизинен Францияда''' каштан токою таралган. Атлантика бою аймагындагы жазы жалбырак­туу токойдун астында дайыма жашыл өсүмдүк­төрдүн түрлөрү – падуб, самшит, лианалар – плющ өсөт. Кумдуу ж-а таштуу топурактарда
камтыйт. Бул алкактын к о н т и н е н т т и к  к л и м а т т у у  а й м а к т а р ы н д а төмөнкү топурак кыртыштары таралган: түндүк тайганын глейлешкен-күл топурагына ашыкча нымдуу­лук, күлдөшүү, глейлешүү процесстери, органикалык кал­дыктардын жай чирүүсү мүнөздүү; накта күл то­пурагы тайганын ортоӊку бөлүгүндө өөрчүп, анда басымдуулук кылган жуулуу режиминин үстүӊкү горизонтундагы органикалык калдыктардын кыйла бөлү­гү төмөн чөгүп кетет; тайганын түштүк бөлүгүнө ж-а жазы-ийне жалбырактуу токойдун чымдак­-күл топурагына күлдөшүү процессинен сыртка­ры чириндинин топтоло башташы мүнөздүү; Чыгыш Европанын бореалдык алкагынын эӊ түштүгүндө, жазы жалбырактуу токойдун ас­тында токойдун боз топурагы өөрчүп, анда чым­дашуу процесси активдүү жүрөт, чиринди гори­зонту даана байкалып, анын өлчөмү 3төн 8%ке чейин жетет. Бореалдык алкактын о к е а н ­д ы к  к л и м а т т у у аймактарына топурак­тын төмөнкү типтери мүнөздүү: чымдак, чым көӊдүү топурак Исландиянын, Скандинавиянын түндүк-батышынын, Фарер ж-а Гебрид аралдарынын суб­арктикалык шалбаа ж-а сейрек токойлорунун астында өөрчүп, чириндиге байлыгы м-н өзгөчө­лөнөт; өтө жуулма чымдак-бозомтук-күл то­пурак Скандинавиянын ж-а Финляндиянын түштүгүндө, Улуу Британиянын түндүгүндө, Ор­тоӊку Европа түздүгүндө таралып, айрым жерлерин­де токойдун кычкыл күл топурагы м-н айкалы­шып жатат. Бореалдык алкактагы интразона­лык топурактардан төмөнкүлөр таралган: ал­лювий (анын ичинде жайпак жээктердеги марш топу­рактары); карбонаттуу түпкү тектердеги чым­дак-карбонаттуу топурак (рендзиндер); тайга зонасында, кыртыш суулары жер бетине жакын жаткан, анча тилмеленбеген түздүктөрдөгү шал­баанын астында чымдак-глей топурагы өөрчү­гөн; чымкөӊ-саз топурагы – верещатниктердин астында өөрчүп, начар дренаждалган, чопо кат­мары үстүӊкү бетке жакын жаткан жерлерге мүнөздүү. Бореалдык алкакта жайгашкан тоо­лордо тоо тундра, Уралда, ошондой эле тоонун чым­дак-күл тоо токоюнун боз, Шотландияда ж-а Скандинавиянын орто бийик тоолорунда тоо­нун күл топурактары таралган. С у б б о р е а л­ д ы к  а л к а к т а г ы океандык ж-а мелүүн континенттик аймактардын топурак-кыртыш­тарындагы зоналык структурасындагы айырма­чылык ого бетер күчөйт. М е л ү ү н  к о н т и ­н е н т т и к  к л и м а т т у у аймактарда түпкү тектерин лёсс түзгөн талаа зонасында кара ж-а каштан топурактары пайда болот. Токойлуу талаада ж-а талаанын түндүк бөлүгүндө күлдөш­көн, жегичтүү ж-а накта кара топурак түзүлүп, ал өӊү кара, калыӊ чиринди горизонту, чирин­диге байлыгы (8%тен ашык), карбонаттуу ил­лювий горизонтунун болушу м-н өзгөчөлөнөт. Кургакчылыраак талаа ландшафттуу аймактар­да аз ж-а орто чириндилүү кадимки ж-а түштүк типтеги кара топурактар пайда болуп (чиринди­си 4–8%), карбонаттуу горизонту жогору жай­гашып, тыгыз келет. Молдавия ж-а ага чектеш жайгашкан Румыниянын жерлерин, Азов бою ойдуӊунун чыгышын, Крымдын түздүктөрүн мер­гелдин ж-а акиташ тегинин үстүндө кадимки ж-а мицелярдык-карбонаттуу, аз ж-а орто чи­риндилүү, бүт горизонту боюнча карбонат арбын таралган түштүк типтеги каштан топурактары ээлейт. Кыйла кургакчыл талаа Украинанын түштүк бөлүгүн, Төмөнкү Волга боюн, Каспий боюн ээлеп, анда жуулуу режимисиз, чиринди гори­зонту жукараак, карбонаттуу горизонту өтө ты­гыз каштан топурагы өөрчүгөн; Каспий бою ой­дуӊунун айрым жерлеринде каштан топуракта­ры шортоӊ кыртыштар м-н айкалышып жатат. Шортоӊ топурактар түпкү тектердин туздуу бо­лушуна байланыштуу. Каспий бою ойдуӊунун эӊ кургакчыл жерлеринде, жарым чөл өсүмдүк­төрүнүн астында өөрчүгөн жарым чөлдүн коӊур топурактары кум массивдери м-н айкалышып жатат. Суббореалдуу алкактын о к е а н д ы к  к л и ­м а т т у у аймактарында жазы жалбырактуу токойдун астында токойдун коӊур топурагы өөрчүгөн. Бул топурактын профилинде горизонт­тор даана байкалбайт, коӊур түстөгү иллювий горизонту өтө калыӊ (анткени чополошуу ж-а карбонаттын жуулуу процесси катуу жүрөт). Жеринин бетинин өтө тилмеленгендигине ж-а литологиялык ар түрдүүлүгүнө байланыштуу токойдун коӊур топурагынын жуулуу ж-а күлдөшүү деӊгээли бирдей эмес, көбүнчө күл, чымдак-карбонаттуу топурактар, коӊур рендзин­дер м-н кезектешип жатат. Кыйла континент­тик климаттуу тоо аралык өрөөндөрдө токой­дун коӊур топурагы көбүнчө жука калыӊдык­тагы накта ж-а кадимки кара ж-а шалбаалуу кара топурактар м-н алмашат; алардын негиз­ги ареалдары Дунай бою түздүктөрүндө тарал­ган. Ушул эле аймактардын оёӊ жерлеринде шор топурактар кездешет. Орто бийик тоолордун басымдуу бөлүгүн тоо токоюнун коӊур топурак­тары ээлейт. Карпат, Пиреней, Альп тоолорун­да ал топурактардан башка тоонун күл топура­гы (1000–1600 ''м'' бийиктикте) улам жогорула­ган сайын тоо-шалбаа топурагы м-н алмашат. С у б т р о п и к т и к  а л к а к т а жайгашкан Түштүк Европага ж-а Крымдын түштүк жээгине дайыма жашыл ксерофиттик токойлордун ж-а бадал­дардын астында күрөӊ топурактар өөрчүгөн; бул топурак чириндиге байлыгы (4–7%) ж-а бүт профили боюнча карбонаттуулугу м-н өзгөчөлөнөт. Нымдуу аймактарда бул топурак жуулма ре­жимде болуп, карбонаттар кыйла тереӊдикке чейин жуулуп кетет. Балкан жарым аралынын баты­шында ж-а Апеннин жарым аралынын түштүк-чыгышын­да ж. б. жерлерде «терра росса» (карбонаттуу тоо тектердин үбөлөндү продуктулары) кеӊири таралган. Алар өтө карбонаттуу кызыл ренд­зиндерди пайда кылат. Жер Ортолук деӊиз ай­магынын кыйла кургакчыл жерлеринин бадал­дуу формацияларынын астында бозомук-күрөӊ топурактары өөрчүгөн. Балкан жарым аралынын тоо аралык түздүктөрүндө, негизги кристаллдык тектердин үбөлөндү продуктуларында өтө ты­гыз түзүлүштөгү, чириндиге жарды, өӊү кара смолница топурагы пайда болгон. Жер Ортолук деӊиз аймагынын тоолорундагы тоонун күрөӊ топурагы бийиктеген сайын тоо токоюнун коӊур топурагы м-н алмашат. Европанын топурак-кыр­тышынын ичинен кара, токойдун коӊур ж-а боз, ошондой эле күрөӊ топурактары дыйканчылыкта кеӊири, тундра, жарым чөлдүн коӊур топуракта­ры бир аз пайдаланылат; ал эми арктикалык топурак дээрлик пайдаланылбайт. Европанын ө с ү м д ү к т ө р ү флоралык курамы боюнча Голарктикага кирет. Материктер ортосун­дагы байыркы ж-а азыркы байланыштардын негизинде Европанын флорасында Азияныкына, Африканыкына ж-а Түндүк Американыкына мүнөздүү тукумдар, уруулар ж-а түрлөр кезде­шет. Ал эми эндемиктер салыштырмалуу аз. Европага өсүмдүктөрдүн төмөнкү типтери мүнөздүү: тундра, бореалдык же тайга, неморалдык (жазы жалбырактуу ж-а ийне-жазы жалбырактуу то­койлорду ж-а алар м-н байланыштуу бадалдуу ж-а чөл өсүмдүктүү жалпылыкты камтыйт), талаа, чөл, субтропиктик бадал-дарак өсүмдүк­төрү. Булардын ичинен эӊ кеӊири таралганы токой тибиндеги өсүмдүктөр, эӊ аз таралганы – тундра ж-а чөл өсүмдүктөрү. Арктикалык, суб­арктикалык ж-а бореалдык кеӊдиктерде океан­дык климаттуу ж-а мелүүн континенттик ай­мактардын ортосундагы өсүмдүктөрдүн зоналык тиби боюнча айырма анча байкалбайт. Кыйла тө­мөнкү кеӊдиктерде ал айырма даана байкалат: климаты океандык аймактарда тайга токоюнан түштүгүрөөктө ийне ж-а жазы жалбырактуу аралаш токой, жазы тилкени түзгөн жазы жал­бырактуу токой таралган. Ал токойлор субтро­пик алкагында ксерофилдик дайыма жашыл ж-а дайыма жашыл-жалбырагын күбүүчү ара­лаш токойлор ж-а бадалдар м-н алмашат. Ал эми климаты мелүүн континенттик аймактар­да тайгадан түштүгүрөөктө жазы ж-а ийне жал­бырактуу, жазы жалбырактуу токойлор кууш тилкени түзүп, түштүктү ж-а түштүк-чыгышты карай токойлуу талаа, талаа, жарым чөл ж-а чөл м-н алмашат (Крымдын түштүк жээгинде суб­тропиктик өсүмдүктөрдүн элементтери кездешет). Европанын аймагында азыр табигый ландшафт дээрлик жокко эсе; тундра м-н тоонун ландшафт­тары ж-а фаунасы гана салыштырмалуу азы­раак өзгөрүүгө дуушарланган. Мурда негизинен эмен ж. б. дарак өсүмдүктөрүнөн турган жазы жалбырактуу токой текши тилкени түзүп, түндүгүндө ийне жалбырактуу токойго, түш­түгүндө жер ортолук деӊиз тибиндеги сейрек токойго өткөн. Токой б. з. ч. 5-кылымдан эле Грекия­да кыйылып жок кылына баштаган; кийин бул процесс Түштүк ж-а Ортоӊку Европанын башка жерле­ринде да кеӊири кулач жайган. Токойдун ту­руктуу жок кылына башташы табигый биотоп­тун бир бүтүндүгүн бузуп, аймактын табигый фаунасына ж-а флорасына терс таасир тийгиз­ген. А р к т и к а л ы к  т у н д р а  ж-а  ч ө л ландшафттары Шпицберген, Франц-Иосиф жери, Жаӊы Жер аралында таралган. Өсүмдүктөрдөн эӊилчек, мамык чөп, чөп өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрү (таш жаргы, каз таман ж. б.) ж-а ба­далдар (дриада, уюл талы ж. б.) мүнөздүү. Арк­тикалык чөл (өсүмдүк өспөгөн таштак жерлер) да кыйла аянтты ээлейт. Н а к т а  т у н д р а континенттин түндүк ж-а Жаӊы Жер аралынын түштүк жээктерин ээлейт, өсүмдүк түрлөрүнө салыштыр­малуу бай келип, кыйла текши каптаган. Мында мамык чөп-эӊилчектүү тундра (күрөӊ ж-а жа­шыл мамык чөптөр, эӊилчектерден ягель ж. б. үстөмдүк кылат, ошондой эле айрым чөп өсүмдүктөр – драба, бетеге, кызгалдак, таш жаргы кездешет), бадалдар (водяника, казанак) ж-а жапалак ба­далдар (жапалак кайыӊ, уюлдук ж-а тегерек жалбырактуу тал) үстөмдүк кылат. Ашыкча нымдуу жерлеринде саздар кездешет. Исландия­нын, Скандинавиянын тоолорунда, Уралда тоо тундрасы (түндүктө 300–500 ''м''ден, түштүктө 1000–1100 ''м'' бийиктиктен жогору) өзүнчө алкак­ты түзөт. Тундра өсүмдүктөрү түштүктө т о к о й­ л у у  т у н д р а г а өтөт; ага тундранын, саздардын ж-а жапыз өскөн сейрек токойдун (чыгышында карагай, батышында кайыӊ, кы­зыл карагай үстөмдүк кылат) айкалышы мүнөздүү. Бул токойлордо мамык чөп-эӊилчектүү ж-а бадалдуу ярустар (ит бүлдүркөн, кара моюл, аюу мөмө, водяника) даана байкалат. Тоолордо мындай токойлор (түндүгүндө 300–400 ''м''ден, түштүгүндө 900–1000 ''м'' бийиктикке чейин) өзүнчө өсүмдүк алкактарын пайда кылат. Исландияда кайыӊ токою шалбаа ж-а саздар м-н айкалы­шат. Тундра өсүмдүктөрү айрым жерлерде бугу жайыты катары пайдаланылат. Т а й г а түштүктө болжол м-н 57–58° түндүк кеӊдиктерге чейин жеткен жазы тилкени ээлейт. Анда ийне жалбырактуу токой – чыгышында сибирь ка­рагайы, көк карагайы ж-а кара карагайы, ба­тышында – европа карагайы, кадимки кызыл карагай үстөмдүк кылат. Урал өндүрүндө, зона­нын түндүгүндө Скандинавияга чейин, ошондой эле кедрлүү кызыл карагай токою басымдуу. Ным­дуу жерлерде бул токойлордун астында мамык чөп, кара моюл, ит бүлдүркөн, вереск, кислица, кургакчыл жерлерде эӊилчек үстөмдүк кылат. Ийне жалбырактуу токойлордон сырткары кайыӊ ж-а байтерек токойлору да кездешет; алар көбүнчө алгачкы токой массиви кыйылып же өрттөнүп кеткен жерлерде өсөт. Тайга токою­нун түндүк чет-жакаларында – Фенноскандияда жергиликтүү кайыӊ токою бар. Тайга зонасындагы өсүмдүктөрдүн башка типтеринен жайылма шалбаалары, казанак, кидик дан куурай, клюк­ва, кара моюл өскөн сфагн саздары, чөп өсүмдүктөрү өскөн токой саздары кездешет. Скандинавия тоолорунда ж-а Уралда тайга то­кою тоо өсүмдүктөрүнүн төмөнкү алкактарын түзөт. Тайга өсүмдүк ресурстарына бай: андан целлю­лоза-кагаз, химия ж-а курулуш өнөр жайлары үчүн жыгач даярдалат; тайгада териси баалуу жаны­барларга (тыйын чычкан, суусар, арыс, түлкү, ак коён ж. б.) аӊ ууланат, жапайы айбанаттар­дын ж-а куштардын (багыш, рябчик, каракур, кереӊкур ж. б.) эти даярдалат, табигый өсүмдүк­төрдүн (ит бүлдүркөн, кара моюл, карагат, че­тин, моюл ж. б.) мөмөлөрү ж-а козу карын жый­налат. Тайганын шалбаалуу жерлери негизинен бодо мал үчүн жайыт катары пайдаланылат. Ж а з ы ж-а и й н е ж а л б ы р а к т у у а р а л а ш т о к о й тайгадан түштүктө Скандинавиянын түштүгүнөн Уралга чейин со­зулуп жатат. Балтика бою өлкөлөрүнүн, Бело­руссиянын аймактарында, Чыгыш Европа түздү­гүнүн борбордук бөлүгүнүн батышында аралаш то­кой эӊ жазы тилкени түзөт. Нижний Новгород шаарынан чыгышты карай аралаш токой тилкеси өтө кууштайт. Зонада ийне ж-а жазы жалбырак­туу (эмен, ак чечек, жөкө дарак) токой аралаш өсөт. Кум топурактуу жерлерде кызыл карагай токоюнун ири массивдери бар. Европада ж а з ы ж а л б ы р а к т у у т о к о й зор аймакты ээлейт. Ал Батыш Европанын тоолордон башка бүт аймагын ээлеп, түндүгүндө тайга ж-а аралаш то­койго, түштүгүндө субтропикке (болжол м-н 40° түндүк кеӊдикке) чейин жетет. Карпаттан чыгыш­ты карай жазы жалбырактуу токой тилкеси өтө ичкерип, Урал өндүрүнө чейин созулат, анда зонанын түштүк чеги 53–54° түндүк кеӊдиктерден өтөт. Жазы жалбырактуу токой өсүмдүктөрүнүн ичинен эӊ кеӊири таралганы – эмен. К л и ­м а т ы  о к е а н д ы к  а й м а к т а р д а эмендин саптуу эмен, аска эмени (чыгышта Түштүк Буг дарыясына чейин жетет) ж. б. түрлөрү нукура эмен токоюн же кайыӊ (Британ аралдарында, Бельгияда, Нидерландда), кадимки граб, жөкө дарак, бук (негизинен Батыш Европада) аралаш эмен токоюн түзөт. Нукура бук токою дөбө-дөӊсөөлөрдүн кап­талдарында, тоолордун төмөнкү алкактарында, кышы салыштырмалуу жылуу, абасы өтө ным­дуу, бирок топурак кыртышы ашыкча нымдуу болбогон жерлерди ээлейт. Түштүк аймактарда, негизинен Францияда каштан токою таралган. Атлантика бою аймагындагы жазы жалбырак­туу токойдун астында дайыма жашыл өсүмдүк­төрдүн түрлөрү – падуб, самшит, лианалар – плющ өсөт. Кумдуу ж-а таштуу топурактарда (Франциянын түндүк-батышында, Британ аралында, Ортоӊку Европа түздүгүндө) верещатниктер, чөп өсүмдүктүү ж-а чөп-мамык чөптүү саздар, ал эми Түндүк деӊиздин жээктеринде ''марштын'' шор­дошкон шалбаасы кеӊири таралган. Тоо арасын­дагы түздүктөрдө (Чехия, Орто Дунай түздүгүндө) токой талаага айланып кеткен, айрым жерле­ринде шалбаалуу талаа кездешет. Чыгыш Европанын к л и м а т ы м е л ү ү н к о н т и н е н т т и к аймактарында каштан ж-а бук токойлору кездешпейт; Крымда гана чы­гыш бук тоо токою бар. Мында саптуу эменден сырткары жөкө дарак, ак чечек, байтерек, кара жыгач, ал эми бадалдуу ярусунда – лещина, бересклет, шилби өсөт. Токойдун төмөнкү ал­кактарын 1600–2100 ''м'' бийиктикке чейин жазы ж-а ийне жалбырактуу тоо токою ээлейт; алар улам жогорулаган сайын субальп бадалдарына ж-а шалбаасына, бийик тоолордо альп шалбаа­сына өтөт. Айдоо жерлерди, бак-дарактарды, түштүк аймактарында жүзүмзарды кеӊейтүү мак­сатында токой өсүмдүктөрүнүн ири аянттары кыйылып жок кылынган. Токойду калыбына келтирүү максатында жазы жалбырактуу дарак­тардын (айрыкча буктун) ордуна ийне жалбы­рактуу дарактар (кызыл карагай, карагай) же тез өсүүчү жазы жалбырактуулар (терек) отур­гузулган. Субальп ж-а альп шалбаалары жай­кы жайыт катары кеӊири пайдаланылат. Европанын мелүүн континенттик климаттуу ай­мактарында жазы жалбырактуу токойдон түштүгүрөөк т о к о й л у у т а л а а созулуп жатат. Анда жазы жалбырактуу токой (неги­зинен суу бөлгүчтөрдө) шалбаалуу талаа м-н айкалышып жатат; салыштырмалуу нымчыл дүйүм чөптөр (каз таман, сенеция, анемона, көк шимүүр, адонис) басымдуу. Андан да түштүгү­рөөктө чымдуу кылкан өсүмдүктөрү (ак кыл­кандын түрлөрү, бетеге) үстөмдүк кылган н а к­ т а т а л а а таралган. Накта талаадан түштүккө, салыштырмалуу кургакчыл аймак­тарда – Украинанын түштүгүнө, Крымдын түндүгүнө, Төмөнкү Волга боюна к у р г а к (т ү ш т ү к) т а л а а мүнөздүү; анда шыбак, ак кылкан, бетеге, буудайык, тырса суйдаӊ өсөт. Европанын четки түштүк-чыгышын суйдаӊ шыбактуу ж-а баялыштуу жарым чөл ж-а чөл ээлейт. Кара ж-а каштан топурактуу талаа дээрлик бүт ай­далып, ал жерлерге буудай, жүгөрү, кант кы­зылча, күн карама ж. б. өстүрүлөт. Талаанын табигый өсүмдүктөрү негизинен коруктарда гана сакталып калган. Жарым чөл ж-а чөл зонала­ры жайыт (негизинен кой жайыты) катары пай­даланылат. Европанын субтропиктик бөлүгүндө түздүктөрдө ж-а тоо этектеринде жайкы кургакчылыкка ба­йырлашкан к с е р о ф и л д и к д а й ы м а ж а ш ы л т о к о й ж-а б а д а л д а р таралган. Ал токойлордо таш, кермес ж-а ты­гын эмендери, алеп, приморье ж-а италия кы­зыл карагайы үстөмдүк кылат. Токой бадалдарга бай, токой ичиндеги чөп өсүмдүктөрү жай мез­гилинде толук куурап калат. Бадал формация­ларынын ичинен эӊ кеӊири таралганы: ''маквис'' (филлирея, мирта, ладанник, мисте, асыл лавр, жапайы болуп кеткен зайтундан турат); паль­митос (Европадагы жапайы хамеропс пальмасынын жалгыз өкүлү; Пиреней жарым аралынын түштүгүндө, Балеар аралында, Сицилияда); гарига (мында көбүн­чө таштак жерлердеги бадал тибиндеги кермес эмени үстөмдүк кылат); томиллари (Пиреней жарым аралынын кургакчыл ички бөлүгүндөгү тимьян, лаванда ж. б. эфир майына бай өсүмдүктөр); шибляк (негизинен жалбырагын күбүүчү, ошондой эле дайыма жашыл бадалдар); фригана (жапыз өс­көн тикендүү бадалдардан ж-а катуу чөптөр­дөн турат; Балкан жарым аралынын ички ж-а чыгыш аймактарында). Жер Ортолук деӊиз аймагынын тоолуу бөлүгүндө дайыма жашыл токой ж-а ба­далдар алкагынан (түндүгүндө 300–400 ''м''ден, түштүгүндө 800–1000 ''м''ден) жогору жалбырагын күбүүчү жазы жалбырактуу (эмен, бук, каштан) ж-а ийне жалбырактуу (карагай, көк карагай, кызыл карагай, атлантика кедри) токой алкак­тары жайгашкан; алар эӊ бийик тоолордо кууш тилкелерди түзгөн субальп ж-а альп алкакта­рына өтөт. Жер Ортолук деӊиз аймагынын то­кой, бадалдарынын басымдуу бөлүгү адамдар­дын аракеттеринен же өрттөн жок болуп кет­кен. Азыр алардын ордун буудай, жүгөрү, цит­рус өсүмдүктөрү, зайтун дарагы, тыгын эмени, жүзүмзар, бак-дарак, парктар ээлейт; Пиреней жарым аралынын түштүк-чыгышында курма пальмасынын Европадагы жалгыз плантациясы жайгашкан. Эчки, койдун ыксыз көп жайылуусунан тоолордун өсүмдүктөрү да өтө өзгөрүп кеткен. Европа Голарктика зоогеографиялык аймагына кирет. Европанын көп бөлүгү Европа-Сибирь, түндүк чети Арктика, Жер Ортолук деӊизге жакын жаткан жерлери жер ортолук деӊиздик, Каспий бою ойдуӊу Борбордук Азия аймактарына таандык. Та­бигый ресурстарды кеӊири пайдалануунун на­тыйжасында (токой кыюу, ачык аянттарды айдоо ж. б.) айбанаттардын түрлөрү ж-а тара­лышы кескин өзгөргөн. Мурда көп кезиккен айбанаттар азайып, же биротоло жоголуп, алар­дын ордуна башка жаныбарлардын түрлөрү көбөйө баштады. Тундра ж-а токойлуу тундра­да ак түлкү, алагуш, ак ж-а тундра кекилиги, ак үкү, таажылуу торгой; деӊиз жээктеринде ак чардак, түрдүү каздар, түлөн ж. б. кездешет. Токой зонасында – багыш, каман, түлкү, ка­рышкыр, күрөӊ аюу, жапайы мышык, кирпи, кемчет, ак ж-а сур коён; канаттуулардан – ка­рабоор, кереӊкур, вальдшнеп, сагызган, күкүк, чаркарга, үкү, таркылдак, көк чымчык, бүркүт, карчыга; Чыгыш Европа токойлорунда булар­дан башка киш, суусар, тыйын чычкан, коён, момолой; Батыш Европа токойлорунда асыл бугу, элик, коён, чээнчилдер кезигет. Талаа ж-а токойлуу талаа зоналарында кемирүүчүлөр ж-а туяктуулар көп: бөкөн (чыгышында), сары чыч­кан, сур коён, суур, кош аяк, момолой, аламан (хомяк); канаттуулардан – торгой, тоодак, боз кекилик, безбелдек, бөдөнө, ак кулаалы. Жер Ортолук деӊиздик зонада – пиреней ж-а альп тоо эчкиси, аркар, жейрен, альп сууру, чүткөр, кирпи; Пиреней жарым аралынын түштүк жагында май­мылдардын тукумуна кирүүчү куйруксуз мака­ка (магот) бар. Канаттуулары: тоо тааны, кар­лыгач, чабалекей, көкшалкы, таранчы, көк са­гызган, көк жору.
(Франциянын түн.-батышында, Британ а-нда, Ортоӊку Е. түздүгүндө) верещатниктер, чөп
өсүмдүктүү ж-а чөп-мамык чөптүү саздар, ал эми
Түндүк деӊиздин жээктеринде ''марштын'' шор­дошкон шалбаасы кеӊири таралган. Тоо арасын­дагы түздүктөрдө (Чехия, Орто Дунай түздүгүндө) токой талаага айланып кеткен, айрым жерле­ринде шалбаалуу талаа кездешет.
Чыгыш Е-нын к л и м а т ы м е л ү ү н
к о н т и н е н т т и к аймактарында каштан ж-а бук токойлору кездешпейт; Крымда гана чы­гыш бук тоо токою бар. Мында саптуу эменден сырткары жөкө дарак, ак чечек, байтерек, кара жыгач, ал эми бадалдуу ярусунда – лещина, бересклет, шилби өсөт. Токойдун төмөнкү ал­кактарын 1600–2100 ''м'' бийиктикке чейин жазы ж-а ийне жалбырактуу тоо токою ээлейт; алар улам жогорулаган сайын субальп бадалдарына ж-а шалбаасына, бийик тоолордо альп шалбаа­сына өтөт. Айдоо жерлерди, бак-дарактарды, түш. аймактарында жүзүмзарды кеӊейтүү мак­сатында токой өсүмдүктөрүнүн ири аянттары кыйылып жок кылынган. Токойду калыбына келтирүү максатында жазы жалбырактуу дарак­тардын (айрыкча буктун) ордуна ийне жалбы­рактуу дарактар (кызыл карагай, карагай) же тез өсүүчү жазы жалбырактуулар (терек) отур­гузулган. Субальп ж-а альп шалбаалары жай­кы жайыт катары кеӊири пайдаланылат.
Е-нын мелүүн континенттик климаттуу ай­мак тарында жазы жалбырактуу токой дон түштүгүрөөк т о к о й л у у т а л а а созулуп жатат. Анда жазы жалбырактуу токой (неги­зинен суу бөлгүчтөрдө) шалбаалуу талаа м-н айкалышып жатат; салыштырмалуу нымчыл дүйүм чөптөр (каз таман, сенеция, анемона, көк шимүүр, адонис) басымдуу. Андан да түштүгү­рөөктө чымдуу кылкан өсүмдүктөрү (ак кыл­кандын түрлөрү, бетеге) үстөмдүк кылган н а к­т а т а л а а таралган. Накта талаадан түштүккө, салыштырмалуу кургакчыл аймак­тарда – Украинанын түштүгүнө, Крымдын түндүгүнө, Төмөнкү Волга боюна к у р г а к (т ү ш т ү к) т а л а а мүнөздүү; анда шыбак, ак кылкан, бетеге, буудайык, тырса суйдаӊ өсөт. Е-нын четки түш.-чыгышын суйдаӊ шыбактуу ж-а баялыштуу жарым чөл ж-а чөл ээлейт. Кара ж-а каштан топурактуу талаа дээрлик бүт ай­далып, ал жерлерге буудай, жүгөрү, кант кы­зылча, күн карама ж. б. өстүрүлөт. Талаанын табигый өсүмдүктөрү негизинен коруктарда гана сакталып калган. Жарым чөл ж-а чөл зонала­ры жайыт (негизинен кой жайыты) катары пай­даланылат.
Е-нын субтропиктик бөлүгүндө түздүктөрдө
ж-а тоо этектеринде жайкы кургакчылыкка ба­йырлашкан к с е р о ф и л д и к д а й ы м а ж а ш ы л т о к о й ж-а б а д а л д а р таралган. Ал токойлордо таш, кермес ж-а ты­гын эмендери, алеп, приморье ж-а италия кы­зыл карагайы үстөмдүк кылат. Токой бадалдарга бай, токой ичиндеги чөп өсүмдүктөрү жай мез­гилинде толук куурап калат. Бадал формация­ларынын ичинен эӊ кеӊири таралганы: ''маквис'' (филлирея, мирта, ладанник, мисте, асыл лавр, жапайы болуп кеткен зайтундан турат); паль­митос (Е-дагы жапайы хамеропс пальмасынын жалгыз өкүлү; Пиреней ж. а-нын түштүгүндө, Балеар а-нда, Сицилияда); гарига (мында көбүн­чө таштак жерлердеги бадал тибиндеги кермес
эмени үстөмдүк кылат); томиллари (Пиреней ж. а-нын кургакчыл ички бөлүгүндөгү тимьян, лаванда ж. б. эфир майына бай өсүмдүктөр); шибляк (негизинен жалбырагын күбүүчү, о. эле дайыма жашыл бадалдар); фригана (жапыз өс­көн тикендүү бадалдардан ж-а катуу чөптөр­дөн турат; Балкан ж. а-нын ички ж-а чыгыш аймактарында). Жер Ортолук деӊиз аймагынын тоолуу бөлүгүндө дайыма жашыл токой ж-а ба­далдар алкагынан (түндүгүндө 300–400 ''м''ден, түштүгүндө 800–1000 ''м''ден) жогору жалбырагын күбүүчү жазы жалбырактуу (эмен, бук, каштан) ж-а ийне жалбырактуу (карагай, көк карагай, кызыл карагай, атлантика кедри) токой алкак­тары жайгашкан; алар эӊ бийик тоолордо кууш тилкелерди түзгөн субальп ж-а альп алкакта­рына өтөт. Жер Ортолук деӊиз аймагынын то­кой, бадалдарынын басымдуу бөлүгү адамдар­дын аракеттеринен же өрттөн жок болуп кет­кен. Азыр алардын ордун буудай, жүгөрү, цит­рус өсүмдүктөрү, зайтун дарагы, тыгын эмени, жүзүмзар, бак-дарак, парктар ээлейт; Пиреней ж. а-нын түш.-чыгышында курма пальмасынын Е-дагы жалгыз плантациясы жайгашкан. Эчки, койдун ыксыз көп жайылуусунан тоолордун
өсүмдүктөрү да өтө өзгөрүп кеткен.
Е. Голарктика зоогеогр. аймагына кирет. Е-нын көп бөлүгү Европа-Сибирь, түн. чети Арктика, Жер Ортолук деӊизге жакын жаткан жерлери жер ортолук деӊиздик, Каспий бою ойдуӊу Борб. Азия аймактарына таандык. Та­бигый ресурстарды кеӊири пайдалануунун на­тыйжасында (токой кыюу, ачык аянттарды айдоо ж. б.) айбанаттардын түрлөрү ж-а тара­лышы кескин өзгөргөн. Мурда көп кезиккен айбанаттар азайып, же биротоло жоголуп, алар­дын ордуна башка жаныбарлардын түрлөрү көбөйө баштады. Тундра ж-а токойлуу тундра­да ак түлкү, алагуш, ак ж-а тундра кекилиги, ак үкү, таажылуу торгой; деӊиз жээктеринде ак
чардак, түрдүү каздар, түлөн ж. б. кездешет. Токой зонасында – багыш, каман, түлкү, ка­рышкыр, күрөӊ аюу, жапайы мышык, кирпи, кемчет, ак ж-а сур коён; канаттуулардан – ка­рабоор, кереӊкур, вальдшнеп, сагызган, күкүк,
чаркарга, үкү, таркылдак, көк чымчык, бүркүт,
карчыга; Чыгыш Европа токойлорунда булар­дан башка киш, суусар, тыйын чычкан, коён,
момолой; Батыш Европа токойлорунда асыл бугу, элик, коён, чээнчилдер кезигет. Талаа ж-а токойлуу талаа зоналарында кемирүүчүлөр ж-а туяктуулар көп: бөкөн (чыгышында), сары чыч­кан, сур коён, суур, кош аяк, момолой, аламан (хомяк); канаттуулардан – торгой, тоодак, боз кекилик, безбелдек, бөдөнө, ак кулаалы. Жер Ортолук деӊиздик зонада – пиреней ж-а альп тоо эчкиси, аркар, жейрен, альп сууру, чүткөр, кирпи; Пиреней ж. а-нын түш. жагында май­мылдардын тукумуна кирүүчү куйруксуз мака­ка (магот) бар. Канаттуулары: тоо тааны, кар­лыгач, чабалекей, көкшалкы, таранчы, көк са­гызган, көк жору.


==Антропологиялык курамы. ==
'''Антропологиялык курамы.''' Европада 44 өлкө жай­гашкан. Анын калкынын жалпы саны 804 млн (2005). Европанын дээрлик бардык калкы епропеоид расасына кирет. Ал бир нече майда расаларга бөлүнөт: атлантика-балтика (Скандинавия өлкөлөрүнүн, Улуу Британия, Ирландия, Ис­ландия, Нидерланд, Түндүк Германия, ошондой эле Эсто­ния, Латвиянын калкын камтыйт), орто европалык (Батыш Европанын борбордук бөлүгүнүн, КМШнын Евро­па бөлүгүнүн калктары), балкан-кавказдык (Босния ж-а Герцеговина, Македония, Хорва­тия, Словения, Сербия ж-а Черногория, Түндүк Гре­кия, Австриянын түштүгү, Италиянын түндүгү, Кара деӊизден батышта, чыгышта ж-а түндүктө жашаган калктар), инди-жер ортолук деӊиздик (Испания, Италиянын басымдуу бөлүгү, Фран­ция, Түштүк Грекия, Жер Ортолук деӊиздин арал­дары), ак деӊиз-балтикалык (Литва, бир аз Латвия, КМШнын европалык бөлүгүнүн түндүгү бүт) ж-а уралдык (лопари, коми, мари, мордва, уд­мурт).
Е-да 44 өлкө жай­гашкан. Анын калкынын жалпы саны 804 млн (2005). Е-нын дээрлик бардык калкы епропеоид расасына кирет. Ал бир нече майда расаларга бөлүнөт: атлантика-балтика (Скандинавия
 
өлкөлөрүнүн, Улуу Британия, Ирландия, Ис­ландия, Нидерланд, Түн. Германия, о. эле Эсто­ния, Латвиянын калкын камтыйт), орто европ. (Батыш Е-нын борб. бөлүгүнүн, КМШнын евро­па бөлүгүнүн калктары), балкан-кавказдык (Босния ж-а Герцеговина, Македония, Хорва­тия, Словения, Сербия ж-а Черногория, Түн. Гре­кия, Австриянын түштүгү, Италиянын түндүгү, Кара деӊизден батышта, чыгышта ж-а түндүктө жашаган калктар), инди-жер ортолук деӊиздик (Испания, Италиянын басымдуу бөлүгү, Фран­ция, Түш. Грекия, Жер Ортолук деӊиздин арал­дары), ак деӊиз-балтикалык (Литва, бир аз Латвия, КМШнын европ. бөлүгүнүн түндүгү бүт) ж-а уралдык (лопари, коми, мари, мордва, уд­мурт).
'''Этностук курамы.''' Европа элдеринин басымдуу көпчүлүгү индиевропалык тил уясына кирген бир нече топко (славян, балтика, герман, кельт, роман, грек, армян, иран о.шондой эле индиарий тил топтору) бөлүнөт. Славяндар Чыгыш ж-а Түштүк Чыгыш Европаны мекендешип, чыгыш, батыш ж-а түштүк топчолорунан турат. Чыгыш славяндарга орустар, украиндер (русиндер), беларустар; ба­тыш славяндарга поляктар ж-а кашубдар, чех­тер, словактар, лужистер; түштүк славяндарга бол­гарлар, македондор, словендер, сербдер, хорват­тар, босниялыктар, черногориялыктар кирет. Балтика тилдер тобуна литвалыктар, латыштар таандык. Герман тилдер тобундагы элдер неги­зинен Борбордук ж-а Түндүк Европада жашашып, батыш ж-а түндүк топчолоруна бөлүнөт. Батыш топчосуна немистер, австриялыктар, герман-швейцария­лыктар, люксембургдуктар, эльзастыктар ж-а лотарингиялыктар, нидерланддар (голланддар), фламанд, фриз, идиш (европадагы еврей тили), англис тилдүү (англичандар, шотланддар ж-а англ ж-а шотланд-ирланддар) элдер ж. б.; Түндүк топчосуна дандар, фарерлер, шведдер, норвегдер, исланддар кирет. Кельт тилдер тобундагы эл- ислам, еврейлер иудаизм динин тутушат.


==Этностук курамы. ==
Е. элдеринин басымдуу көпчүлүгү индиевропалык тил уясына кирген бир нече топко (славян, балтика, герман, кельт, роман, грек, армян, иран о. эле индиарий тил топтору) бөлүнөт. Славяндар Чыгыш ж-а Түш.
Чыгыш Е-ны мекендешип, чыгыш, батыш ж-а
түш. топчолорунан турат. Чыгыш славяндарга орустар, украиндер (русиндер), беларустар; ба­тыш славяндарга поляктар ж-а кашубдар, чех­тер, словактар, лужистер; түш. славяндарга бол­гарлар, македондор, словендер, сербдер, хорват­тар, босниялыктар, черногориялыктар кирет. Балтика тилдер тобуна литвалыктар, латыштар таандык. Герман тилдер тобундагы элдер неги­зинен Борб. ж-а Түн. Е-да жашашып, батыш ж-а түн. топчолоруна бөлүнөт. Батыш топчосуна немистер, австриялыктар, герман-швейцария­лыктар, люксембургдуктар, эльзастыктар ж-а лотарингиялыктар, нидерланддар (голланддар), фламанд, фриз, идиш (европадагы еврей тили), англис тилдүү (англичандар, шотланддар ж-а англ ж-а шотланд-ирланддар) элдер ж. б.; Түн. топчосуна дандар, фарерлер, шведдер, норвегдер, исланддар кирет. Кельт тилдер тобундагы эл-
ислам, еврейлер иудаизм динин тутушат.
Европанын саясий бөлүнүшү
Европанын саясий бөлүнүшү
'''Таблицасы бар'''
* Азиялык бөлүгү м-н бирге  
* Азиялык бөлүгү м-н бирге  


Ад.: ''Ерамов Р. А''. Западная Европа. М., 1960; ''Доб­рынин Б. Ф''. Физическая география Западной Европы. М., 1948; ''Мильков Ф. Н., Гвоздецкий Н. А''. Физиче­ская география СССР. Общий обзор. Европейская часть СССР. Кавказ. М., 1969; ''Магидович И. П''. История исследования Европы. М., 1970; Физическая геогра­фия материков и океанов /Под ред. А. М. Рябчикова. М., 1988; ''Романова Е. П''. Современные ландшафты Европы. М., 1997; ''Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н''. Физическая география материков и океа­нов. М., 2004. ''Ө. Бараталиев. Ш. Керимова.'' [[Категория:3-том, 172-214 бб]]
Ад.: ''Ерамов Р. А''. Западная Европа. М., 1960; ''Доб­рынин Б. Ф''. Физическая география Западной Европы. М., 1948; ''Мильков Ф. Н., Гвоздецкий Н. А''. Физиче­ская география СССР. Общий обзор. Европейская часть СССР. Кавказ. М., 1969; ''Магидович И. П''. История исследования Европы. М., 1970; Физическая геогра­фия материков и океанов /Под ред. А. М. Рябчикова. М., 1988; ''Романова Е. П''. Современные ландшафты Европы. М., 1997; ''Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н''. Физическая география материков и океа­нов. М., 2004.  
 
''Ө. Бараталиев. Ш. Керимова.''  
[[Категория:3-том, 172-214 бб]]

06:01, 22 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЕВРО́ПА – дүйнө бөлүгү, Евразия материгинин батыш жагы. Азия м-н чек арасы Уралдын кыры же чыгыш этеги, Урал дарыясынын өрөөнү, Кас­пий деӊизи, Кума-Маныч ойдуӊу ж-а Керч кы­сыгы (кээде Чоӊ Кавказдын кыры м-н), Азов, Кара ж-а Мрамор деӊиздери, Босфор, Дарданелл кысыктары аркылуу өтөт. Аянты 10,2 млн км2 (аралдары м-н). Калкы 583,2 млн (2005, Россия­нын калкын кошпогондо). Европа түндүгүнөн ж-а түндүк-батышынан Түндүк Муз океаны ж-а анын деӊиз­дери – Кара (Карск), Баренц, Ак, Норвег, баты­шынан ж-а түштүгүнөн – Атлантика океаны ж-а анын деӊиздери – Балтика, Түндүк, Жер Орто­лук, Мрамор, Кара, Азов деӊиздери, түштүк-чыгы­шынан туюк – Каспий көл-деӊизи м-н чулга­нат. Түзөӊ аккумуляциялык ж-а абразиялык жээктер басымдуу; ошондой эле ватт (марш), тектоника, фьорд, шхер, риас, дальмация тибиндеги жээк­тер да мүнөздүү. Европанын эӊ четки учтары: түндү­гүндө – Нордкин, түштүгүндө – Марроки, ба­тышында – Рока тумшуктары, чыгышында – Уюлдук Уралдын Байдарата булуӊчасына жа­кын жайгашкан чыгыш этеги. Аралдарынын аянты 730 миӊ км2дей; эӊ чоӊдору – Жаӊы Жер, Франц-Иосиф жери (Рудольф аралындагы Флигели тумшугу – Европанын эӊ түндүк чети болуп саналат), Шпицберген, Исландия, Британия, Ирландия,

Фенноскандия. Аланд аралдары.

Корсика, Сардиния, Сицилия, Крит. Жээктери булуӊ-буйткалуу. Европанын аймагынын 1/4 ин Скан­динавия, Пиреней, Апеннин, Балкан, Кола ж. б. жарым аралдар ээлейт. Океандан Чыгыш Европанын эӊ алыс жери 1600 км, Батыш Европаныкы – 600 кмдей. Айрым географиялык ж-а статистикалык-экономикалык эмгектерде Европага Кавказды да (Закавказье, Кав­каз өндүрүн дагы) кошот. Адатта Европа эки бөлүк­кө – Чыгыш Европага ж-а Батыш Европага бөлүнөт. Европанын деӊиз деӊгээлинен орточо бийиктиги 300 мдей. Эӊ бийик жери – Альп тоолорундагы Монблан чо­кусу, 4807 м; эгерде Азия м-н Европанын чек арасы Чоӊ Кавказдын Башкы же Суу Бөлгүч кырка тоосу аркылуу өтсө, анда эӊ бийик же­ри Эльбрус чокусу (5642 м) болмок. Эӊ жапыз жери Каспий бою ойдуӊу, ал деӊиз деӊгээлинен 28 м төмөн жайгашкан. Рельефинде ойдуӊдуу түз­дүктөр ж-а дөӊсөөлөр басымдуу; аймагынын 17%ин тоолор ээлейт. Чыгыш Европанын рельефи бир кылка, анда Чыгыш Европа түздүгү (Орус түздүгү) жайгашкан; түздүктүн түштүк-чыгыш бөлүгү (Каспий бою ойдуӊу) деӊиз деӊгээлинен төмөн жатат. Батыш Европада түздүктөр м-н тоолор бол­жол м-н бирдей таралган. Негизги түздүктөрү – Ортоӊку Европа түздүгү, Төмөнкү Дунай түз­дүгү, Орто Дунай түздүгү, Париж бассейни, Па­дан түздүгү. Борбордук Европага, Түндүк ж-а Түштүк Европанын

жарым аралдарына жапыз ж-а орто бийик тоолор мү­нөздүү. Эӊ бийик тоолору: Альп, Карпат, Пире­ней, Скандинавия, Апеннин тоолору, Балкан жарым аралындагы тоолор. Европанын чыгыш чегинде Урал тоолору жатат. Кээде Кавказ тоолорун да Европага кошушат. Эӊ байыркы (кембрийге чейинки) тектоникалык структурасы – Чыгыш Европа платформасы (калкандары: Балтика, Украина), ал негизинен Чыгыш Европа (Орус) түздүгүн ээлейт. Протеро­зойдун аягы – кембрийде жүргөн Байкал бүктө­лүүсүнө Тимань токол тоосу, Печора ойдуӊу, Ко­ла жарым аралынын түндүк чет-жакасы; кембрий, ордо­вик, силур мезгилдерин камтыган каледон бүк­төлүүсүнө Шпицберген аралы, Аюулуу аралы, Британ аралынын түндүк ж-а батыш бөлүктөрү, Ирландия аралы; девон, карбон ж-а пермде болгон герцин бүктө­лүүсүнө Пиреней жарым аралындагы тоолор, Франция­нын Борбордук ж-а Арморикан массивдери, Түштүк Уэльс, Арденна, Вогез, Шварцвальд, Гарц, Кен­дүү тоолор, Богема массиви, Судет тоолору, Силе­зия, ошондой эле Урал тоолору, Жаӊы Жер аралынын тоо­лору; кайнозойдо болгон альп бүктөлүүсүнө – Андалус, Апеннин, Альп, Карпат тоолору, Бал­кан ж-а Крым жарым аралдарынын тоолору кирет. Ис­ландияда ж-а Жер Ортолук деӊиз аймагынын аралдарында аракеттеги жанар тоолор бар. Европа нефть ж-а газ (Волга – Урал нефть-газдуу айма­гы, Кавказдын этектери, Түндүк деӊиздин шельф­тери), көмүр (Донбасс, Печора, Москва, Жогор­ку Силезия, Рур бассейндери ж. б.), темир (Курск магнит аномалиясы, Украина, Урал, Кола жарым аралы, Лотарингия, Скандинавия жарым аралынын түндүк аймак­тары), ошондой эле боксит, түстүү металл, таш ж-а калий туздары ж. б. кендерге бай. Европанын географиялык абалы анда мелүүн климаттын өкүм сүрүшүнө, ал эми анын үстүндө Атлантика океанынан соккон батыш аба массасынын бо­лушу анда деӊиздик ж-а андан континенттик­ке өтмө климаттын басымдуу болушуна шарт түзөт. Радиациялык баланстын жылдык орточо өлчөмү бардык жеринде оӊ мааниде, ал түндүк­төн түштүктү карай көбөйөт: Арктика аралда­рында ал 10-, 50-параллелдерде 40ка жакын, Түштүк Европада 250–290 кж/см2ге (60–70 ккал/см2) чейин. Январда бүт Европада (Жер Ортолук деӊиз ай­магынан ж-а Франциянын басымдуу бөлүгү­нөн сырткары) –17ден –4,2 кж/см2ге (–4төн

–1 ккал/см2) чейин; июлда түндүк м-н түштүк аймак­тардын айырмасы жоголот, анткени түндүктү карай жылган сайын күн узара баштайт; на­тыйжада радиациялык баланс Европанын дээрлик бүт аймагында 34 кж/см2ди (8 ккал/см2ди) түзөт. Аба массасы атмосферанын жалпы циркуляциясы­нын системасына кошулганда, айрыкча кышын­да жылуулуктун аймак боюнча кайрадан бөлүнү­шүнө алып келет. Батыштан соккон аба масса­сынын жылуулугу Түндүк Атлантика агымы­нын таасиринен ого бетер күчөйт. Натыйжада, кыш айларынын изотермасы кеӊдик багытты­кынан кыйла айырмаланып, Европанын басымдуу бөлүгүндө (түштүк-чыгышынан башкасы) кышкы айлардын орточо температурасы кеӊдик боюнча орточо темп­радан кыйла көтөрүӊкү болот. Мисалы, январдагы жылуу температуралык аномалия Жаӊы Жерде, Кола жарым аралында, Шпицбергенде, Британ аралында 8°Сден 18°Сге, ал эми Скандинавиянын батышы м-н Исландияда18°Сден24°Сге чейин жетет.

Радиациялык ж-а циркуляциялык факторлор Европанын климатында мезгилдүүлүктү даана бөлөт. Кыш мезгилинде атмосферанын эӊ төмөнкү басымы Атлантиканын түндүгүндө түзүлүп, анда Ислан­дия депрессиясы жайгашат. Андан чыгышты ж-а түштүк-чыгышты карай абанын басымы күчөп, Каспий бою ойдуӊуна ж-а Уралдын түштүгүнө чейин жетет. Ал жерлерге Азия антициклону­нун бир тармагы да кирет. Азор антициклону­нун таасири астында турган Жер Ортолук деӊиз аймагынын батыш бөлүгүнүн үстүндө батыштан соккон ургаалдуу аба массасы өкүм сүрөт. Анын курамындагы циклондор атмосфералык фронттордо пайда болуп, батыштан чыгышка (жогорку кеӊдиктер­ди карай бир аз кыйшайып) багытталат. Европанын басымдуу бөлүгүнүн үстүндө уюлдук аба массалары үстөмдүк кылат; түндүктөн Арктика аба массасы кирип, Альп тоолоруна, Балкан, Крым жарым аралына чейин жетиши мүмкүн. Жер Ор­толук деӊиз аймагында уюлдук аба мезгил-мез­гили м-н тропиктик аба м-н алмашып турат. Кышкы айлардын изотермасы жалпысынан түндүк-батыштан түштүк-чыгышты карай жылат. Жалпысынан Европанын басымдуу бөлүгүндө мелүүн климат өкүм сүрөт, анын батышына кы­шы жумшак, жайы салкын океандык климат, чыгышына карлуу суук континенттик климат мүнөздүү. Түндүк аймактарынын ж-а Арктика аралдарынын климаты катаал, субарктикалык ж-а арктикалык. Түштүк Европага кышы нымдуу, жумшак, жайы ысык, жер ортолук деӊиздик климат мүнөздүү. Январдын орточо температурасы арк­тикалык аралдарда –24°Сден түштүгүндө 12°Сге чейин, июлдуку 3°Сден 29°Сге чейин. Европа­нын эӊ суук жерлери: Печора дарыясынын алабы (айлык орточо температурасы –20°С) ж-а Франц-Иосиф жери (–24°С). Печора дарыясынын алабында Европа­дагы эӊ төмөнкү температура (абсолюттук минимум) –52°С катталган. Европанын эӊ ысык жерлери – Жер Ортолук деӊиз аймагы (мында июлдун орточо температурасы 28–30°С) ж-а Каспий бою ойдуӊу (24–26°С). Абсолюттук максимум температура (48°С) Пиреней жарым ааралынын түндүгүндө катталган. Жаан-чачындын жылдык өлчөмү жалпысы­нан батыштан чыгышты карай азаят: 1000–2000 ммден (батыштагы тоолордун айдарым каптал­дарында) 500–300 ммге чейин (Чыгыш Европа­да, айрыкча, анын түш.-чыгышында ж-а чыгы­шында). Эӊ жаанчыл жери – Динара тайпак ­тоосунун батыш капталдарында, анда жаан-ча­чындын жылдык өлчөмү 4000 ммден ашык. Эӊ кургакчыл жери – Каспий бою ойдуӊу, анда 200 мм ж-а андан да аз жаайт. Арктика аралда­рында ж-а Баренц деӊизинин түштүк жээгинде – 300–400 мм. Европага кеӊдик боюнча арктикалык, суб­арктикалык, мелүүн, субтропиктик типтеги кли­мат алкактары мүнөздүү. Арктиканын европалык секторундагы аралдарды камтыган а р к т и к а а л к а г ы н ы н климаты катаал, кышы чыкыроон суук, узакка созулат, көбүнчө катуу бороон болуп турат; жайы кыска, суук, июл­дун орточо температурасы 5°Сден ашпайт; жаан-чачын көбүнчө кар түрүндө түшөт, буулануу төмөн. Исландиянын, Фенноскандиянын ж-а Чыгыш Европа түздүгүнүн түндүк бөлүктөрүн камтыган с у б а р к т и к а а л к а г ы н ы н жайы Арктиканыкына салыштырмалуу узагыраак ж-а жылуураак (июлдун орточо температурасы 10– 12°Сге чейин), кышы батыш аймактарында жум­шак, чыгышы суук; жылдык жаан-чачындын өлчөмү батышында 1000 ммдей, чыгышында 400 мм; жаан-чачынга караганда буулануунун өлчөмү төмөн. Европанын Жер Ортолук деӊиз аймагынан ж-а Крымдын түш. жээгинен башка калган бүт ай­магын м е л ү ү н а л к а к ээлеп, анын түндүк бөлүгүнө кыйла суук, бореалдык, түштүгүнө жылуураак суббореалдык климат мүнөздүү. Андан сырткары алкактын батыш бөлүгүнүн климаты деӊиздик, абанын температурасынын жыл­дык амплитудасы төмөн, жайында түштүгүндө жылуу, түндүгүндө серүүн, кышы жумшак, түз­дүктөрүндө кар дайыма жатпайт, жаан-чачын бардык мезгилде, айрыкча кышында арбын жаайт; жетишерлик ж-а ашыкча нымдуу. Ал­кактын чыгышынын климаты мелүүн конти­ненттик, кышы чыкыроон, суук, кар арбын (түштүгүнөн башка) түшөт; жайы түндүгүндө

Жер Ортолук деӊиздин жээги. Гоцо аралы.

серүүн, борбордук бөлүгүндө жылуу, түштүгүндө ысык, абанын температурасынын жылдык амплитудасы жогору; жылдык жаан-чачындын өлчөмү түн­дүгүндө буулануунун өлчөмүнөн ашат, борбордук бөлүгүндө алар теӊдешет, түштүгүндө жаан-ча­чын буулануудан аз. Жер Ортолук деӊиз аймагын ж-а Крымдын түштүк жээгин камтыган с у б т р о п и к а л ы к а л к а ­г ы н а жер ортолук деӊиз тибиндеги климат мүнөздүү, кышы жумшак, жылуу, бирок жаан­-чачындуу (январдын температурасы 4°Сден 12°Сге че­йин); жайында аба ырайы өзгөрмөлүү, кургак­чыл, ысык, батышында жылуу климат өкүм сү­рөт. Пиренейдин батышына, Апеннин жарым аралына, Балкан жарым аралынын батышына ж-а түндүк-батышы­на жер ортолук деӊиздик климаттын деӊиздик (жайкы кургакчыл мезгилдин кыскалыгы, жаан-чачындын арбын жаашы), ушул жарым аралдардын калган бөлүктөрүнө ж-а Крымдын түштүк жээги­не анын континенттик варианттары мүнөздүү. Европа агын суу катмарынын өлчөмү боюнча (295 мм) дүйнө бөлүктөрүнүн ичинен Түштүк Америкадан кийинки 2-орунду ээлейт, ал эми агын суунун көлөмү (2850 км3) боюнча, кургактыктын чакан­дыгына байланыштуу Австралия м-н Антарк­тидадан гана мурда турат. Суу агымдары да жалпы нымдуулук сыяктуу эле батыштан чы­гышты ж-а түндүктөн түштүктү карай азаят. Европанын басымдуу бөлүгү Атлантика океанынын, аз бөлүгү Түндүк Муз океандын ж-а ички Каспий деӊизинин алаптарына кирет. Ири дарыялары Чыгыш Европада. Эӊ чоӊ дарыясы – Волга (не­гизги куймалары: Кама м-н Ока). Анын узундугу 3530 км, алабынын аянты 1360 км2, суусунун жылдык орточо чыгымы 8000 м3/секдан ашык. Андан кийинки узун дарыялары: Урал, Днепр, Дон, Печора, Днестр, Түндүк Двина. Батыш Евро­падагы ири дарыялар: Дунай (узундугу 2850 км, ала­бынын аянты 807 миӊ км2, суусунун орточо чыгы­мы 6430 м3/сек), Рейн, Эльба, Висла, Луара, Тахо, Одра. Бул дарыялардын баарында кеме жүрөт, кээ бирлери каналдар аркылуу бири-бири м-н туташат. Көбү гидроэнергетикалык максат­та пайдаланылат. Ири суу сактагычтары: Вол­гадагы Рыбинск, Куйбышев, Дондогу Цимлянск, Днепрдеги Каховка ж. б. Чыгыш Европанын дарыя­лары кар, бир аз жамгыр сууларынан куралат; жазында ж-а жайдын башталышында суусу ки­рет; түздүктүн түндүк бөлүгүндө кар кечирээк эри­гендиктен, суунун кирген учуру жайга туура келет; кышында түштүк бөлүгүндөгү дарыялар 1,5– 3 айга, түндүгүндөгүлөр 7–7,5 айга муз м-н кап­талат. Фенноскандияда кыска ж-а босоголуу да­рыялар үстөмдүк кылат; алардын нуктарында көл сымал жайылып аккан жерлери көп, неги­зинен кар сууларынан куралып, жазында суусу кирет; дарыяларынын ортоӊку бөлүктөрүн 2–3 айга, түндүк бөлүктөрүн 7–7,5 айга муз каптайт. Ортоӊку Европанын түздүктүү аймактарындагы да­рыялар негизинен жамгыр сууларынан куралат, кышында тоӊбойт; чыгышыраагындагы дарыя­лар жамгырга кошумча кар, ал эми Альп тоо­лорунан башталган дарыялар мөӊгү суулары­нан да куралат. Жер Ортолук деӊиз аймагынын дарыяларынын деӊгээли күзүндө ж-а кышында (айрым жерлеринде кышында ж-а жазында) көтөрүлүп, жайында меженге туш болот, ал эми чакан суулар өтө тайыздап, айрымдары соолуп да калат. Айрым дарыялардын суусунун кыш­кы чыгымы жайкысынан ондогон эсе көптүк кылат. Жер Ортолук деӊиз аймагынын карст өөрчүгөн жерлеринде дарыя курамына жер ас­тындагы суулар да кошулуп, алардын агымын кыйла жөнгө салып турат. Европанын көлдөрүнүн көбү плейстоцендеги муз каптоого дуушарланган аймактарда (КМШнын европалык бөлүгүнүн түндүгүндө ж-а түндүк-батышын­да, Фенноскандияда, Британ аралында, Альп тооло­рунда ж-а анын өндүрүндө, Польшанын ж-а Гер­маниянын түздүктөрүндө) топтолгон. Бул көл­дөрдүн көбү тектоникалык оёӊдордо, чуӊкурдук, гра­бен ж. б-да жайгашып, мөӊгүнүн аракетинен чанагы калыптанган. Бул типтегилерге түздүк көлдөрү – Ладога, Онега, Венерн, Веттерн, Ме­ларен, Имандра, тоо этектериндеги көлдөр – Же­нева, Лаго-Мажоре, Комо, Гарда ж. б. кирет. Муз каптабаган аймактарда көл топтолгон зор аянт­тар жок. Мындагы эӊ мүнөздүү көлдөр: түздүк­төр аркылуу дарыялардын жайылмаларында­гы калдык көлдөр, Волганын, Днепрдин, Ду­найдын, Понун дельталарындагы, Кара, Азов деӊиздеринин жээктериндеги – лагуна, Балкан жарым аралындагы Шкодер (Скадар), Охрид, Венгрияда­гы Балатон ж. б. тектоникалык, Апеннин жарым аралындагы ж-а Исландиядагы жанар тоо, Чыгыш Европа түздүгүнүн чыгышындагы, Балкан, Апеннин жарым аралдарындагы карсттык көлдөр. Европанын көлдөрүнүн көбү тузсуз агып чыкма көлдөр. Кургакчыл түштүк-чыгыш бөлүгүндө мала туздуу ж-а өтө минерал­дашкан туюк көлдөр (Эльтон, Баскунчак) бар. Ушул эле жерде, Азия м-н Европанын чегинде дүй­нөдөгү эӊ ири көл – Каспий деӊизи жайгашкан. Европадагы азыркы м ө ӊ г ү л ө р д ү н жалпы аянты 116 миӊ км2. Алардын көбү Шпицбергенде (58 миӊ км2), Жаӊы Жер, Франц- Иосиф жеринде, Исландияда, Скандинавия тоолорунда жайгашкан, ошондой эле Альп тоолорун­да, Уралдын түндүк бөлүгүндө, Пиреней, Сьерра-Невада тоолорунда да мөӊгүлөр бар. Европанын т о п у р а к к ы р т ы ш ы н ы н ар түрдүүлүгү жалпысынан зоналуулук мыйзам че­немине байланыштуу. Топурак пайда болуусу негизинен 4 алкакка бөлүнөт: арктикалык (уюл­дук), бореалдык, суббореалдык, субтропиктик. Эӊ зор аянтты бореалдык ж-а суббореалдык алкактар ээлейт. Топурак кыртышынын зона­луулук структурасы ж-а типтери боюнча нымдуу океандык климаттуу Батыш Европага ж-а континент­тик климаттуу Чыгыш Европага бөлүнөт. А р к ­т и к а а л к а г ы н д а арктикалык ж-а тундра топурактары пайда болот. Арктикалык топурак Шпицбергенде, Франц-Иосиф жеринде, Жаӊы Жердин түндүгүндө таралып, калыӊды­гы өтө жука, генезистик горизонттору анча бай­калбайт. Тундра топурактары Фенноскандия­нын түндүгүн, Жаӊы Жердин түштүгүн, Чыгыш Европа түздүгүнүн Түндүк уюлдук тегеректен түн­дүктө жаткан бөлүгүн ээлейт. Тундра топурагы көбүнчө ашыкча нымдалган, аэрациясы начар, органикалык калдыктары жай чириген, чиринди гори­зонту жука топурак; чиринди горизонту төмөн карай көгүш тарткан глей горизонтуна өтөт. Начар дренаждалган оёӊ жерлерде (айрыкча Печора дарыясынын төмөнкү алабында) тундра топу­рактары саздак тундра топурактары м-н айка­лышат. Б о р е а л д ы к а л к а к Исландия­нын, Фенноскандиянын басымдуу бөлүгүн, Британ аралдарын, Түндүк Европа түздүктөрүн, Чыгыш Европанын Львов – Киев – Курск – Пермь – Екатеринбург сызыгынан түндүктү карай жайгашкан аймагын

камтыйт. Бул алкактын к о н т и н е н т т и к к л и м а т т у у а й м а к т а р ы н д а төмөнкү топурак кыртыштары таралган: түндүк тайганын глейлешкен-күл топурагына ашыкча нымдуу­лук, күлдөшүү, глейлешүү процесстери, органикалык кал­дыктардын жай чирүүсү мүнөздүү; накта күл то­пурагы тайганын ортоӊку бөлүгүндө өөрчүп, анда басымдуулук кылган жуулуу режиминин үстүӊкү горизонтундагы органикалык калдыктардын кыйла бөлү­гү төмөн чөгүп кетет; тайганын түштүк бөлүгүнө ж-а жазы-ийне жалбырактуу токойдун чымдак­-күл топурагына күлдөшүү процессинен сыртка­ры чириндинин топтоло башташы мүнөздүү; Чыгыш Европанын бореалдык алкагынын эӊ түштүгүндө, жазы жалбырактуу токойдун ас­тында токойдун боз топурагы өөрчүп, анда чым­дашуу процесси активдүү жүрөт, чиринди гори­зонту даана байкалып, анын өлчөмү 3төн 8%ке чейин жетет. Бореалдык алкактын о к е а н ­д ы к к л и м а т т у у аймактарына топурак­тын төмөнкү типтери мүнөздүү: чымдак, чым көӊдүү топурак Исландиянын, Скандинавиянын түндүк-батышынын, Фарер ж-а Гебрид аралдарынын суб­арктикалык шалбаа ж-а сейрек токойлорунун астында өөрчүп, чириндиге байлыгы м-н өзгөчө­лөнөт; өтө жуулма чымдак-бозомтук-күл то­пурак Скандинавиянын ж-а Финляндиянын түштүгүндө, Улуу Британиянын түндүгүндө, Ор­тоӊку Европа түздүгүндө таралып, айрым жерлерин­де токойдун кычкыл күл топурагы м-н айкалы­шып жатат. Бореалдык алкактагы интразона­лык топурактардан төмөнкүлөр таралган: ал­лювий (анын ичинде жайпак жээктердеги марш топу­рактары); карбонаттуу түпкү тектердеги чым­дак-карбонаттуу топурак (рендзиндер); тайга зонасында, кыртыш суулары жер бетине жакын жаткан, анча тилмеленбеген түздүктөрдөгү шал­баанын астында чымдак-глей топурагы өөрчү­гөн; чымкөӊ-саз топурагы – верещатниктердин астында өөрчүп, начар дренаждалган, чопо кат­мары үстүӊкү бетке жакын жаткан жерлерге мүнөздүү. Бореалдык алкакта жайгашкан тоо­лордо тоо тундра, Уралда, ошондой эле тоонун чым­дак-күл тоо токоюнун боз, Шотландияда ж-а Скандинавиянын орто бийик тоолорунда тоо­нун күл топурактары таралган. С у б б о р е а л­ д ы к а л к а к т а г ы океандык ж-а мелүүн континенттик аймактардын топурак-кыртыш­тарындагы зоналык структурасындагы айырма­чылык ого бетер күчөйт. М е л ү ү н к о н т и ­н е н т т и к к л и м а т т у у аймактарда түпкү тектерин лёсс түзгөн талаа зонасында кара ж-а каштан топурактары пайда болот. Токойлуу талаада ж-а талаанын түндүк бөлүгүндө күлдөш­көн, жегичтүү ж-а накта кара топурак түзүлүп, ал өӊү кара, калыӊ чиринди горизонту, чирин­диге байлыгы (8%тен ашык), карбонаттуу ил­лювий горизонтунун болушу м-н өзгөчөлөнөт. Кургакчылыраак талаа ландшафттуу аймактар­да аз ж-а орто чириндилүү кадимки ж-а түштүк типтеги кара топурактар пайда болуп (чиринди­си 4–8%), карбонаттуу горизонту жогору жай­гашып, тыгыз келет. Молдавия ж-а ага чектеш жайгашкан Румыниянын жерлерин, Азов бою ойдуӊунун чыгышын, Крымдын түздүктөрүн мер­гелдин ж-а акиташ тегинин үстүндө кадимки ж-а мицелярдык-карбонаттуу, аз ж-а орто чи­риндилүү, бүт горизонту боюнча карбонат арбын таралган түштүк типтеги каштан топурактары ээлейт. Кыйла кургакчыл талаа Украинанын түштүк бөлүгүн, Төмөнкү Волга боюн, Каспий боюн ээлеп, анда жуулуу режимисиз, чиринди гори­зонту жукараак, карбонаттуу горизонту өтө ты­гыз каштан топурагы өөрчүгөн; Каспий бою ой­дуӊунун айрым жерлеринде каштан топуракта­ры шортоӊ кыртыштар м-н айкалышып жатат. Шортоӊ топурактар түпкү тектердин туздуу бо­лушуна байланыштуу. Каспий бою ойдуӊунун эӊ кургакчыл жерлеринде, жарым чөл өсүмдүк­төрүнүн астында өөрчүгөн жарым чөлдүн коӊур топурактары кум массивдери м-н айкалышып жатат. Суббореалдуу алкактын о к е а н д ы к к л и ­м а т т у у аймактарында жазы жалбырактуу токойдун астында токойдун коӊур топурагы өөрчүгөн. Бул топурактын профилинде горизонт­тор даана байкалбайт, коӊур түстөгү иллювий горизонту өтө калыӊ (анткени чополошуу ж-а карбонаттын жуулуу процесси катуу жүрөт). Жеринин бетинин өтө тилмеленгендигине ж-а литологиялык ар түрдүүлүгүнө байланыштуу токойдун коӊур топурагынын жуулуу ж-а күлдөшүү деӊгээли бирдей эмес, көбүнчө күл, чымдак-карбонаттуу топурактар, коӊур рендзин­дер м-н кезектешип жатат. Кыйла континент­тик климаттуу тоо аралык өрөөндөрдө токой­дун коӊур топурагы көбүнчө жука калыӊдык­тагы накта ж-а кадимки кара ж-а шалбаалуу кара топурактар м-н алмашат; алардын негиз­ги ареалдары Дунай бою түздүктөрүндө тарал­ган. Ушул эле аймактардын оёӊ жерлеринде шор топурактар кездешет. Орто бийик тоолордун басымдуу бөлүгүн тоо токоюнун коӊур топурак­тары ээлейт. Карпат, Пиреней, Альп тоолорун­да ал топурактардан башка тоонун күл топура­гы (1000–1600 м бийиктикте) улам жогорула­ган сайын тоо-шалбаа топурагы м-н алмашат. С у б т р о п и к т и к а л к а к т а жайгашкан Түштүк Европага ж-а Крымдын түштүк жээгине дайыма жашыл ксерофиттик токойлордун ж-а бадал­дардын астында күрөӊ топурактар өөрчүгөн; бул топурак чириндиге байлыгы (4–7%) ж-а бүт профили боюнча карбонаттуулугу м-н өзгөчөлөнөт. Нымдуу аймактарда бул топурак жуулма ре­жимде болуп, карбонаттар кыйла тереӊдикке чейин жуулуп кетет. Балкан жарым аралынын баты­шында ж-а Апеннин жарым аралынын түштүк-чыгышын­да ж. б. жерлерде «терра росса» (карбонаттуу тоо тектердин үбөлөндү продуктулары) кеӊири таралган. Алар өтө карбонаттуу кызыл ренд­зиндерди пайда кылат. Жер Ортолук деӊиз ай­магынын кыйла кургакчыл жерлеринин бадал­дуу формацияларынын астында бозомук-күрөӊ топурактары өөрчүгөн. Балкан жарым аралынын тоо аралык түздүктөрүндө, негизги кристаллдык тектердин үбөлөндү продуктуларында өтө ты­гыз түзүлүштөгү, чириндиге жарды, өӊү кара смолница топурагы пайда болгон. Жер Ортолук деӊиз аймагынын тоолорундагы тоонун күрөӊ топурагы бийиктеген сайын тоо токоюнун коӊур топурагы м-н алмашат. Европанын топурак-кыр­тышынын ичинен кара, токойдун коӊур ж-а боз, ошондой эле күрөӊ топурактары дыйканчылыкта кеӊири, тундра, жарым чөлдүн коӊур топуракта­ры бир аз пайдаланылат; ал эми арктикалык топурак дээрлик пайдаланылбайт. Европанын ө с ү м д ү к т ө р ү флоралык курамы боюнча Голарктикага кирет. Материктер ортосун­дагы байыркы ж-а азыркы байланыштардын негизинде Европанын флорасында Азияныкына, Африканыкына ж-а Түндүк Американыкына мүнөздүү тукумдар, уруулар ж-а түрлөр кезде­шет. Ал эми эндемиктер салыштырмалуу аз. Европага өсүмдүктөрдүн төмөнкү типтери мүнөздүү: тундра, бореалдык же тайга, неморалдык (жазы жалбырактуу ж-а ийне-жазы жалбырактуу то­койлорду ж-а алар м-н байланыштуу бадалдуу ж-а чөл өсүмдүктүү жалпылыкты камтыйт), талаа, чөл, субтропиктик бадал-дарак өсүмдүк­төрү. Булардын ичинен эӊ кеӊири таралганы токой тибиндеги өсүмдүктөр, эӊ аз таралганы – тундра ж-а чөл өсүмдүктөрү. Арктикалык, суб­арктикалык ж-а бореалдык кеӊдиктерде океан­дык климаттуу ж-а мелүүн континенттик ай­мактардын ортосундагы өсүмдүктөрдүн зоналык тиби боюнча айырма анча байкалбайт. Кыйла тө­мөнкү кеӊдиктерде ал айырма даана байкалат: климаты океандык аймактарда тайга токоюнан түштүгүрөөктө ийне ж-а жазы жалбырактуу аралаш токой, жазы тилкени түзгөн жазы жал­бырактуу токой таралган. Ал токойлор субтро­пик алкагында ксерофилдик дайыма жашыл ж-а дайыма жашыл-жалбырагын күбүүчү ара­лаш токойлор ж-а бадалдар м-н алмашат. Ал эми климаты мелүүн континенттик аймактар­да тайгадан түштүгүрөөктө жазы ж-а ийне жал­бырактуу, жазы жалбырактуу токойлор кууш тилкени түзүп, түштүктү ж-а түштүк-чыгышты карай токойлуу талаа, талаа, жарым чөл ж-а чөл м-н алмашат (Крымдын түштүк жээгинде суб­тропиктик өсүмдүктөрдүн элементтери кездешет). Европанын аймагында азыр табигый ландшафт дээрлик жокко эсе; тундра м-н тоонун ландшафт­тары ж-а фаунасы гана салыштырмалуу азы­раак өзгөрүүгө дуушарланган. Мурда негизинен эмен ж. б. дарак өсүмдүктөрүнөн турган жазы жалбырактуу токой текши тилкени түзүп, түндүгүндө ийне жалбырактуу токойго, түш­түгүндө жер ортолук деӊиз тибиндеги сейрек токойго өткөн. Токой б. з. ч. 5-кылымдан эле Грекия­да кыйылып жок кылына баштаган; кийин бул процесс Түштүк ж-а Ортоӊку Европанын башка жерле­ринде да кеӊири кулач жайган. Токойдун ту­руктуу жок кылына башташы табигый биотоп­тун бир бүтүндүгүн бузуп, аймактын табигый фаунасына ж-а флорасына терс таасир тийгиз­ген. А р к т и к а л ы к т у н д р а ж-а ч ө л ландшафттары Шпицберген, Франц-Иосиф жери, Жаӊы Жер аралында таралган. Өсүмдүктөрдөн эӊилчек, мамык чөп, чөп өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрү (таш жаргы, каз таман ж. б.) ж-а ба­далдар (дриада, уюл талы ж. б.) мүнөздүү. Арк­тикалык чөл (өсүмдүк өспөгөн таштак жерлер) да кыйла аянтты ээлейт. Н а к т а т у н д р а континенттин түндүк ж-а Жаӊы Жер аралынын түштүк жээктерин ээлейт, өсүмдүк түрлөрүнө салыштыр­малуу бай келип, кыйла текши каптаган. Мында мамык чөп-эӊилчектүү тундра (күрөӊ ж-а жа­шыл мамык чөптөр, эӊилчектерден ягель ж. б. үстөмдүк кылат, ошондой эле айрым чөп өсүмдүктөр – драба, бетеге, кызгалдак, таш жаргы кездешет), бадалдар (водяника, казанак) ж-а жапалак ба­далдар (жапалак кайыӊ, уюлдук ж-а тегерек жалбырактуу тал) үстөмдүк кылат. Ашыкча нымдуу жерлеринде саздар кездешет. Исландия­нын, Скандинавиянын тоолорунда, Уралда тоо тундрасы (түндүктө 300–500 мден, түштүктө 1000–1100 м бийиктиктен жогору) өзүнчө алкак­ты түзөт. Тундра өсүмдүктөрү түштүктө т о к о й­ л у у т у н д р а г а өтөт; ага тундранын, саздардын ж-а жапыз өскөн сейрек токойдун (чыгышында карагай, батышында кайыӊ, кы­зыл карагай үстөмдүк кылат) айкалышы мүнөздүү. Бул токойлордо мамык чөп-эӊилчектүү ж-а бадалдуу ярустар (ит бүлдүркөн, кара моюл, аюу мөмө, водяника) даана байкалат. Тоолордо мындай токойлор (түндүгүндө 300–400 мден, түштүгүндө 900–1000 м бийиктикке чейин) өзүнчө өсүмдүк алкактарын пайда кылат. Исландияда кайыӊ токою шалбаа ж-а саздар м-н айкалы­шат. Тундра өсүмдүктөрү айрым жерлерде бугу жайыты катары пайдаланылат. Т а й г а түштүктө болжол м-н 57–58° түндүк кеӊдиктерге чейин жеткен жазы тилкени ээлейт. Анда ийне жалбырактуу токой – чыгышында сибирь ка­рагайы, көк карагайы ж-а кара карагайы, ба­тышында – европа карагайы, кадимки кызыл карагай үстөмдүк кылат. Урал өндүрүндө, зона­нын түндүгүндө Скандинавияга чейин, ошондой эле кедрлүү кызыл карагай токою басымдуу. Ным­дуу жерлерде бул токойлордун астында мамык чөп, кара моюл, ит бүлдүркөн, вереск, кислица, кургакчыл жерлерде эӊилчек үстөмдүк кылат. Ийне жалбырактуу токойлордон сырткары кайыӊ ж-а байтерек токойлору да кездешет; алар көбүнчө алгачкы токой массиви кыйылып же өрттөнүп кеткен жерлерде өсөт. Тайга токою­нун түндүк чет-жакаларында – Фенноскандияда жергиликтүү кайыӊ токою бар. Тайга зонасындагы өсүмдүктөрдүн башка типтеринен жайылма шалбаалары, казанак, кидик дан куурай, клюк­ва, кара моюл өскөн сфагн саздары, чөп өсүмдүктөрү өскөн токой саздары кездешет. Скандинавия тоолорунда ж-а Уралда тайга то­кою тоо өсүмдүктөрүнүн төмөнкү алкактарын түзөт. Тайга өсүмдүк ресурстарына бай: андан целлю­лоза-кагаз, химия ж-а курулуш өнөр жайлары үчүн жыгач даярдалат; тайгада териси баалуу жаны­барларга (тыйын чычкан, суусар, арыс, түлкү, ак коён ж. б.) аӊ ууланат, жапайы айбанаттар­дын ж-а куштардын (багыш, рябчик, каракур, кереӊкур ж. б.) эти даярдалат, табигый өсүмдүк­төрдүн (ит бүлдүркөн, кара моюл, карагат, че­тин, моюл ж. б.) мөмөлөрү ж-а козу карын жый­налат. Тайганын шалбаалуу жерлери негизинен бодо мал үчүн жайыт катары пайдаланылат. Ж а з ы ж-а и й н е ж а л б ы р а к т у у а р а л а ш т о к о й тайгадан түштүктө Скандинавиянын түштүгүнөн Уралга чейин со­зулуп жатат. Балтика бою өлкөлөрүнүн, Бело­руссиянын аймактарында, Чыгыш Европа түздү­гүнүн борбордук бөлүгүнүн батышында аралаш то­кой эӊ жазы тилкени түзөт. Нижний Новгород шаарынан чыгышты карай аралаш токой тилкеси өтө кууштайт. Зонада ийне ж-а жазы жалбырак­туу (эмен, ак чечек, жөкө дарак) токой аралаш өсөт. Кум топурактуу жерлерде кызыл карагай токоюнун ири массивдери бар. Европада ж а з ы ж а л б ы р а к т у у т о к о й зор аймакты ээлейт. Ал Батыш Европанын тоолордон башка бүт аймагын ээлеп, түндүгүндө тайга ж-а аралаш то­койго, түштүгүндө субтропикке (болжол м-н 40° түндүк кеӊдикке) чейин жетет. Карпаттан чыгыш­ты карай жазы жалбырактуу токой тилкеси өтө ичкерип, Урал өндүрүнө чейин созулат, анда зонанын түштүк чеги 53–54° түндүк кеӊдиктерден өтөт. Жазы жалбырактуу токой өсүмдүктөрүнүн ичинен эӊ кеӊири таралганы – эмен. К л и ­м а т ы о к е а н д ы к а й м а к т а р д а эмендин саптуу эмен, аска эмени (чыгышта Түштүк Буг дарыясына чейин жетет) ж. б. түрлөрү нукура эмен токоюн же кайыӊ (Британ аралдарында, Бельгияда, Нидерландда), кадимки граб, жөкө дарак, бук (негизинен Батыш Европада) аралаш эмен токоюн түзөт. Нукура бук токою дөбө-дөӊсөөлөрдүн кап­талдарында, тоолордун төмөнкү алкактарында, кышы салыштырмалуу жылуу, абасы өтө ным­дуу, бирок топурак кыртышы ашыкча нымдуу болбогон жерлерди ээлейт. Түштүк аймактарда, негизинен Францияда каштан токою таралган. Атлантика бою аймагындагы жазы жалбырак­туу токойдун астында дайыма жашыл өсүмдүк­төрдүн түрлөрү – падуб, самшит, лианалар – плющ өсөт. Кумдуу ж-а таштуу топурактарда (Франциянын түндүк-батышында, Британ аралында, Ортоӊку Европа түздүгүндө) верещатниктер, чөп өсүмдүктүү ж-а чөп-мамык чөптүү саздар, ал эми Түндүк деӊиздин жээктеринде марштын шор­дошкон шалбаасы кеӊири таралган. Тоо арасын­дагы түздүктөрдө (Чехия, Орто Дунай түздүгүндө) токой талаага айланып кеткен, айрым жерле­ринде шалбаалуу талаа кездешет. Чыгыш Европанын к л и м а т ы м е л ү ү н к о н т и н е н т т и к аймактарында каштан ж-а бук токойлору кездешпейт; Крымда гана чы­гыш бук тоо токою бар. Мында саптуу эменден сырткары жөкө дарак, ак чечек, байтерек, кара жыгач, ал эми бадалдуу ярусунда – лещина, бересклет, шилби өсөт. Токойдун төмөнкү ал­кактарын 1600–2100 м бийиктикке чейин жазы ж-а ийне жалбырактуу тоо токою ээлейт; алар улам жогорулаган сайын субальп бадалдарына ж-а шалбаасына, бийик тоолордо альп шалбаа­сына өтөт. Айдоо жерлерди, бак-дарактарды, түштүк аймактарында жүзүмзарды кеӊейтүү мак­сатында токой өсүмдүктөрүнүн ири аянттары кыйылып жок кылынган. Токойду калыбына келтирүү максатында жазы жалбырактуу дарак­тардын (айрыкча буктун) ордуна ийне жалбы­рактуу дарактар (кызыл карагай, карагай) же тез өсүүчү жазы жалбырактуулар (терек) отур­гузулган. Субальп ж-а альп шалбаалары жай­кы жайыт катары кеӊири пайдаланылат. Европанын мелүүн континенттик климаттуу ай­мактарында жазы жалбырактуу токойдон түштүгүрөөк т о к о й л у у т а л а а созулуп жатат. Анда жазы жалбырактуу токой (неги­зинен суу бөлгүчтөрдө) шалбаалуу талаа м-н айкалышып жатат; салыштырмалуу нымчыл дүйүм чөптөр (каз таман, сенеция, анемона, көк шимүүр, адонис) басымдуу. Андан да түштүгү­рөөктө чымдуу кылкан өсүмдүктөрү (ак кыл­кандын түрлөрү, бетеге) үстөмдүк кылган н а к­ т а т а л а а таралган. Накта талаадан түштүккө, салыштырмалуу кургакчыл аймак­тарда – Украинанын түштүгүнө, Крымдын түндүгүнө, Төмөнкү Волга боюна к у р г а к (т ү ш т ү к) т а л а а мүнөздүү; анда шыбак, ак кылкан, бетеге, буудайык, тырса суйдаӊ өсөт. Европанын четки түштүк-чыгышын суйдаӊ шыбактуу ж-а баялыштуу жарым чөл ж-а чөл ээлейт. Кара ж-а каштан топурактуу талаа дээрлик бүт ай­далып, ал жерлерге буудай, жүгөрү, кант кы­зылча, күн карама ж. б. өстүрүлөт. Талаанын табигый өсүмдүктөрү негизинен коруктарда гана сакталып калган. Жарым чөл ж-а чөл зонала­ры жайыт (негизинен кой жайыты) катары пай­даланылат. Европанын субтропиктик бөлүгүндө түздүктөрдө ж-а тоо этектеринде жайкы кургакчылыкка ба­йырлашкан к с е р о ф и л д и к д а й ы м а ж а ш ы л т о к о й ж-а б а д а л д а р таралган. Ал токойлордо таш, кермес ж-а ты­гын эмендери, алеп, приморье ж-а италия кы­зыл карагайы үстөмдүк кылат. Токой бадалдарга бай, токой ичиндеги чөп өсүмдүктөрү жай мез­гилинде толук куурап калат. Бадал формация­ларынын ичинен эӊ кеӊири таралганы: маквис (филлирея, мирта, ладанник, мисте, асыл лавр, жапайы болуп кеткен зайтундан турат); паль­митос (Европадагы жапайы хамеропс пальмасынын жалгыз өкүлү; Пиреней жарым аралынын түштүгүндө, Балеар аралында, Сицилияда); гарига (мында көбүн­чө таштак жерлердеги бадал тибиндеги кермес эмени үстөмдүк кылат); томиллари (Пиреней жарым аралынын кургакчыл ички бөлүгүндөгү тимьян, лаванда ж. б. эфир майына бай өсүмдүктөр); шибляк (негизинен жалбырагын күбүүчү, ошондой эле дайыма жашыл бадалдар); фригана (жапыз өс­көн тикендүү бадалдардан ж-а катуу чөптөр­дөн турат; Балкан жарым аралынын ички ж-а чыгыш аймактарында). Жер Ортолук деӊиз аймагынын тоолуу бөлүгүндө дайыма жашыл токой ж-а ба­далдар алкагынан (түндүгүндө 300–400 мден, түштүгүндө 800–1000 мден) жогору жалбырагын күбүүчү жазы жалбырактуу (эмен, бук, каштан) ж-а ийне жалбырактуу (карагай, көк карагай, кызыл карагай, атлантика кедри) токой алкак­тары жайгашкан; алар эӊ бийик тоолордо кууш тилкелерди түзгөн субальп ж-а альп алкакта­рына өтөт. Жер Ортолук деӊиз аймагынын то­кой, бадалдарынын басымдуу бөлүгү адамдар­дын аракеттеринен же өрттөн жок болуп кет­кен. Азыр алардын ордун буудай, жүгөрү, цит­рус өсүмдүктөрү, зайтун дарагы, тыгын эмени, жүзүмзар, бак-дарак, парктар ээлейт; Пиреней жарым аралынын түштүк-чыгышында курма пальмасынын Европадагы жалгыз плантациясы жайгашкан. Эчки, койдун ыксыз көп жайылуусунан тоолордун өсүмдүктөрү да өтө өзгөрүп кеткен. Европа Голарктика зоогеографиялык аймагына кирет. Европанын көп бөлүгү Европа-Сибирь, түндүк чети Арктика, Жер Ортолук деӊизге жакын жаткан жерлери жер ортолук деӊиздик, Каспий бою ойдуӊу Борбордук Азия аймактарына таандык. Та­бигый ресурстарды кеӊири пайдалануунун на­тыйжасында (токой кыюу, ачык аянттарды айдоо ж. б.) айбанаттардын түрлөрү ж-а тара­лышы кескин өзгөргөн. Мурда көп кезиккен айбанаттар азайып, же биротоло жоголуп, алар­дын ордуна башка жаныбарлардын түрлөрү көбөйө баштады. Тундра ж-а токойлуу тундра­да ак түлкү, алагуш, ак ж-а тундра кекилиги, ак үкү, таажылуу торгой; деӊиз жээктеринде ак чардак, түрдүү каздар, түлөн ж. б. кездешет. Токой зонасында – багыш, каман, түлкү, ка­рышкыр, күрөӊ аюу, жапайы мышык, кирпи, кемчет, ак ж-а сур коён; канаттуулардан – ка­рабоор, кереӊкур, вальдшнеп, сагызган, күкүк, чаркарга, үкү, таркылдак, көк чымчык, бүркүт, карчыга; Чыгыш Европа токойлорунда булар­дан башка киш, суусар, тыйын чычкан, коён, момолой; Батыш Европа токойлорунда асыл бугу, элик, коён, чээнчилдер кезигет. Талаа ж-а токойлуу талаа зоналарында кемирүүчүлөр ж-а туяктуулар көп: бөкөн (чыгышында), сары чыч­кан, сур коён, суур, кош аяк, момолой, аламан (хомяк); канаттуулардан – торгой, тоодак, боз кекилик, безбелдек, бөдөнө, ак кулаалы. Жер Ортолук деӊиздик зонада – пиреней ж-а альп тоо эчкиси, аркар, жейрен, альп сууру, чүткөр, кирпи; Пиреней жарым аралынын түштүк жагында май­мылдардын тукумуна кирүүчү куйруксуз мака­ка (магот) бар. Канаттуулары: тоо тааны, кар­лыгач, чабалекей, көкшалкы, таранчы, көк са­гызган, көк жору.

Антропологиялык курамы. Европада 44 өлкө жай­гашкан. Анын калкынын жалпы саны 804 млн (2005). Европанын дээрлик бардык калкы епропеоид расасына кирет. Ал бир нече майда расаларга бөлүнөт: атлантика-балтика (Скандинавия өлкөлөрүнүн, Улуу Британия, Ирландия, Ис­ландия, Нидерланд, Түндүк Германия, ошондой эле Эсто­ния, Латвиянын калкын камтыйт), орто европалык (Батыш Европанын борбордук бөлүгүнүн, КМШнын Евро­па бөлүгүнүн калктары), балкан-кавказдык (Босния ж-а Герцеговина, Македония, Хорва­тия, Словения, Сербия ж-а Черногория, Түндүк Гре­кия, Австриянын түштүгү, Италиянын түндүгү, Кара деӊизден батышта, чыгышта ж-а түндүктө жашаган калктар), инди-жер ортолук деӊиздик (Испания, Италиянын басымдуу бөлүгү, Фран­ция, Түштүк Грекия, Жер Ортолук деӊиздин арал­дары), ак деӊиз-балтикалык (Литва, бир аз Латвия, КМШнын европалык бөлүгүнүн түндүгү бүт) ж-а уралдык (лопари, коми, мари, мордва, уд­мурт).

Этностук курамы. Европа элдеринин басымдуу көпчүлүгү индиевропалык тил уясына кирген бир нече топко (славян, балтика, герман, кельт, роман, грек, армян, иран о.шондой эле индиарий тил топтору) бөлүнөт. Славяндар Чыгыш ж-а Түштүк Чыгыш Европаны мекендешип, чыгыш, батыш ж-а түштүк топчолорунан турат. Чыгыш славяндарга орустар, украиндер (русиндер), беларустар; ба­тыш славяндарга поляктар ж-а кашубдар, чех­тер, словактар, лужистер; түштүк славяндарга бол­гарлар, македондор, словендер, сербдер, хорват­тар, босниялыктар, черногориялыктар кирет. Балтика тилдер тобуна литвалыктар, латыштар таандык. Герман тилдер тобундагы элдер неги­зинен Борбордук ж-а Түндүк Европада жашашып, батыш ж-а түндүк топчолоруна бөлүнөт. Батыш топчосуна немистер, австриялыктар, герман-швейцария­лыктар, люксембургдуктар, эльзастыктар ж-а лотарингиялыктар, нидерланддар (голланддар), фламанд, фриз, идиш (европадагы еврей тили), англис тилдүү (англичандар, шотланддар ж-а англ ж-а шотланд-ирланддар) элдер ж. б.; Түндүк топчосуна дандар, фарерлер, шведдер, норвегдер, исланддар кирет. Кельт тилдер тобундагы эл- ислам, еврейлер иудаизм динин тутушат.

Европанын саясий бөлүнүшү

Таблицасы бар

  • Азиялык бөлүгү м-н бирге

Ад.: Ерамов Р. А. Западная Европа. М., 1960; Доб­рынин Б. Ф. Физическая география Западной Европы. М., 1948; Мильков Ф. Н., Гвоздецкий Н. А. Физиче­ская география СССР. Общий обзор. Европейская часть СССР. Кавказ. М., 1969; Магидович И. П. История исследования Европы. М., 1970; Физическая геогра­фия материков и океанов /Под ред. А. М. Рябчикова. М., 1988; Романова Е. П. Современные ландшафты Европы. М., 1997; Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н. Физическая география материков и океа­нов. М., 2004.

Ө. Бараталиев. Ш. Керимова.