ЕНИСЕЙ ЖАЗУУЛАРЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
мNo edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''ЕНИСЕЙ́Й ЖАЗУУЛАРЫ''' – Енисей дарыясынын жогор­ку өрөөндөрүнөн табылган жана байыркы түрк элдеринин, анын ичинде байыркы кыргыздар 6–10-кылымдарда колдонгон рун жазуусунун эстеликтери. Жазуу эстеликтери Азиянын борбордук бөлүгү деп тааныл­ган Тува автономиялуу республикасынын жана Хакас автономиялуу облусунун аймактарынан табылган. Рун жазуу эс­теликтеринин көбү негизинен Енисей дарыясынын өрөөнүнөн катталгандыктан, ал шарт­туу түрдө Енисей жазуулары же Енисей эстеликтери деп аталган. Енисей жазууларынын мазмунун дээрлик эпитафиялык эсте­ликтер түзөт. Енисей жазуулары илимде 18-кылымдын 2- жарымынан тар­тып белгилүү бол­гон. Жогоруда аталган аймактан табылган эстеликтердин саны 200гө жакын. Е. ж-нда 4 үндүү тамга болуп, үнсүз тыбыштар каткалаӊ ж-а жумшак түгөйлөрү ар­кылуу белгиленгендиктен, үндөштүк жоон ж-а ичке 8 үндүү тыбышты билдирген. Сөздөрдө ай­рым учурда «э» тыбышын белгилөө үчүн өзүнчө тамга да колдонулган. Енисей жазууларында 16 үнсүз ты­быш белгиленген, а. и. б, г, д, й, к, л, н, р, с, т (он тыбыштын) жумшак түгөйлөрү атайын там­галар м-н жазылган. Мындай комбинациялык варианттардын белгилениши сөздөрдүн үндөшүү­сүн туура баамдоого негиз болгон. Эстеликтерде г, д, ж, л, р, п тыбыштары м-н башталган сөздөр жолукпайт. Сөздөрдүн ичинде же аягында бар­дык үнсүз тыбыштар колдонулган. Азыркы кыргыз тилинде өздөштүрүлгөн в, х, ф, ж, ц сыяктуу тыбыштар Енисей жазууларында болгон эмес. | ||
[[File:ЕНИСЕЙ ЖАЗУУЛАРЫ43.png | thumb | Мойгын өрөөнүнөн т а бы лг ан ж аз уу эстеликтин эстамп – көчүрмөсү. Д. Д. Ва­сильевдики боюнча берилди.|left]] | |||
[[Категория:3-том, 172-214 бб]] |
10:40, 22 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЕНИСЕЙ́Й ЖАЗУУЛАРЫ – Енисей дарыясынын жогорку өрөөндөрүнөн табылган жана байыркы түрк элдеринин, анын ичинде байыркы кыргыздар 6–10-кылымдарда колдонгон рун жазуусунун эстеликтери. Жазуу эстеликтери Азиянын борбордук бөлүгү деп таанылган Тува автономиялуу республикасынын жана Хакас автономиялуу облусунун аймактарынан табылган. Рун жазуу эстеликтеринин көбү негизинен Енисей дарыясынын өрөөнүнөн катталгандыктан, ал шарттуу түрдө Енисей жазуулары же Енисей эстеликтери деп аталган. Енисей жазууларынын мазмунун дээрлик эпитафиялык эстеликтер түзөт. Енисей жазуулары илимде 18-кылымдын 2- жарымынан тартып белгилүү болгон. Жогоруда аталган аймактан табылган эстеликтердин саны 200гө жакын. Е. ж-нда 4 үндүү тамга болуп, үнсүз тыбыштар каткалаӊ ж-а жумшак түгөйлөрү аркылуу белгиленгендиктен, үндөштүк жоон ж-а ичке 8 үндүү тыбышты билдирген. Сөздөрдө айрым учурда «э» тыбышын белгилөө үчүн өзүнчө тамга да колдонулган. Енисей жазууларында 16 үнсүз тыбыш белгиленген, а. и. б, г, д, й, к, л, н, р, с, т (он тыбыштын) жумшак түгөйлөрү атайын тамгалар м-н жазылган. Мындай комбинациялык варианттардын белгилениши сөздөрдүн үндөшүүсүн туура баамдоого негиз болгон. Эстеликтерде г, д, ж, л, р, п тыбыштары м-н башталган сөздөр жолукпайт. Сөздөрдүн ичинде же аягында бардык үнсүз тыбыштар колдонулган. Азыркы кыргыз тилинде өздөштүрүлгөн в, х, ф, ж, ц сыяктуу тыбыштар Енисей жазууларында болгон эмес.
