ЕВРОПАДАГЫ КООПСУЗДУК ЖАНА КЫЗМАТТАШТЫК БОЮНЧА УЮМ (ЕККУ): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page ЕВРОПАДАГЫ КООПСУЗДУК ЖАНА КЫЗ-МАТТАШТЫК БОЮНЧА УЮМ (ЕККУ) to ЕВРОПАДАГЫ КООПСУЗДУК ЖАНА КЫЗМАТТАШТЫК БОЮНЧА УЮМ (ЕККУ)) |
(Айырма жок)
|
03:37, 23 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЕВРОПАДАГЫ КООПСУЗДУК ЖАНА КЫЗМАТТАШТЫК БОЮНЧА УЮМ (ЕККУ), ОБСЕ – коопсуздук, экономика, илим, технологиялар ж-а адам укугу багытында кызматташуу үчүн түзүлгөн эл аралык форум. 1975-жылы Хельсинки конференциясында Европадагы коопсуздук ж-а кызматташтык боюнча кеӊешме (ЕККК) катары түзүлгөн (ЕКККны ЕККУ деп атоо тууралуу чечим 1994-жылы Будапешт жолугушуусунда кабыл алынган). Европанын, Азиянын ж-а Түндүк Американын 55 өлкөсү кирет. Жумушчу органы – мүчө өлкөлөрдүн туруктуу өкүлдөрүнөн турган Туруктуу кеӊеш, анын отурумдары жума сайын Вена шаарында өткөрүлөт. ЕККУда төрагалык кылуу (мүчө өлкөнүн тышкы иштер министри) кезек м-н жүргүзүлөт.