ЖААЧЫ 1: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖААЧЫ , б а т а ч ы (Mantodea же Mantopte- ra) – жырткыч курт-кумурскалар түркүмү. Уз. 11 смге жетет. Алдыңкы бир жуп бутунда жем кармоочу тикенекчелери болот. Башы өтө кыймылдуу, көзү чоң, мурутунун түбүндө 3 жөнөкөй көзү жайгашкан. Канаттары жакшы өрчүгөн, бирок кээ бир түрүнүкү начар же жокко эсе. Көпчүлүгүнүн түсү чөйрөгө жараша өзгөрүп турат. 2000ден ашуун түрү белгилүү. Тропик ж-а субтропик өлкөлөрдө көп. КМШ өлкөлөрүнүн түштүгүндө 20га жакын, Кырг-нда 6–7 түрү жашайт. Жырткыч, негизинен курт-кумурскалар м-н азыктанат. Жемин астыңкы бутун сунуп күтүп отурат (батачы аталышы ошондон). Денесинин түзүлүшүнө карата көпчүлүк жерлерде «келин жүгүн» деп да аташат. Зыяндуу курткумурска м-н азыктанып пайда, аары м-н чабармандарды жеп зыян келтирет.