ЖАА ЭЛЕКТР МЕШИ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАА ЭЛЕ́КТР МЕШИ – металл ж. б. материалды эритүүдө электр жаасынын жылуулугу колдонулуучу ө. ж. меши. Алгачкы Ж. э. м. 1898– 1901-ж. Францияда ж-а Италияда курулган. Бул меште жогорку темп-раны (2500°Сге чейин) алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ысытуу ыкмасы б-ча түз ысытылуучу (электр жаасы электрод м-н ысытылуучу нерсенин ортосунда күйөт), кыйыр ысытылуучу (электр жаасы металлдан бир канча аралыкта электроддордун ортосунда күйөт) ж-а жабык жаа (жаа электрод чөктүрүлгөн катуу

шихтанын катмарынын алдында күйөт) болуп бөлүнөт. Ө. ж-да түз ысытылуучу ыкма кеңири таралган (негизинен болотту эритүүдө). Мындай мештин сыйымд. 350 т га жетет. Жогорку сапаттагы болотту, металлды ж-а эритмени алуу үчүн вакуумдук Ж. э. м. колдонулат. Мында электрод катары сомдолуп пресстелген, куюлган, согулган же тапталган титан, болот, ниобий материалдары пайдаланылат. Ал эми күкүм түрүндөгү майдаланган металлдарды эритүү үчүн вольфрам же графит сыяктуу материалдан жасалган вакуумдук Ж. э. м. колдонулат. Меш электр энергиясын трансформатордон алат.