ЖАБУУ ИШТЕРИ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАБУУ ИШТЕРИ – имараттын чатырын орнотуп, үстүн жаап ж-а жабуу материалдарын даярдоочу курулуш иштери. Үйлөрдү жабуудан мурда темир-бетон такталарынын бетин цемент же асфальт-бетон м-н тегиздейт, андан соң буудан, жылуулуктан сактоочу материалдар жабыштырылып, коргоочу катмар төшөлөт. Буудан сактоочу катмар катары пергамин, рубероид (кара кагаз) салынат. Жылуулоо катмары көңдөй такталардан турат. Алардын ортосундагы жиктер мастика м-н толтурулуп, үстүнө материал жабыштырылат. Жабыштыруу үчүн ысык же муздак мастика колдонулат. Жабуучу материалдар суу өткөрбөөчү, суукка чыдамдуу, отко күйбөөчү сапаттарга ээ болуп, наркы төмөн ж-а эмгек аз чыгымдалууга тийиш. Алар орг. материалдан (тактай, битум, кара май сиңирилген калың кагаз), силикаттан (шифер, черепица, асбест-цемент) ж-а металлдан жасалат. Жабуучу материалдар орг. илээшкек заттардан – битум, кара май, гудрокам ж-а битум полимерлери сиңирилген картон кагаздардан, айнек булалардан жасалат. Кара кагазды нефть (мунайзат) битумуна салып, анын бир бетине кайра нефть битумун шыбап, рубероид чыгарылат. Картонду кара майга салып, беттерине ошол эле кара майды шыбаганда толь алынат. Анын эни 750, 100 ж-а 1025 мм болот. Асбест м-н портланд цементинен жасалган астбест-цемент узакка чыдамдуу келет. Ошондуктан турак үйлөрдүн, имараттардын ж-а коомдук жайлардын үстүн жабууда колдонулат. Ө. ж. имараттары – негизинен кара кагаз, рубероид, пергамин ж-а гидроизол; турак-үйлөр асбест-цемент такталары (шифер), металл черепицалар ж-а бышырылган жука черепицалар м-н жабылат.