ЖАБЫРЛАНУУЧУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАБЫРЛАНУУЧУ – кылмыш кесепетинен моралдык, мүлктүк зыян тарткан же денесине залал келтирилген адам. Тергөөчү же судья кылмыштуу окуяны иликтөө м-н Ж. тарапты аныктайт. Ж. жазык иш б-ча көрсөтмө берүүгө, далил келтирүүгө, өтүнүч м-н кайрылууга, тергөө аяктагандан кийин иштин материалы м-н таа­нышууга, соттук териштирүүгө катышууга, тер­гөөнүн, соттун чечимдерине каршы арыздануу­га, судьяны, экспертти, котормочуну, сот оту­румунун катчысын, прокурорду, тергөөчүнү жа­зык ишке катышуудан четтетүүнү сурап арыз берүүгө укугу бар. Ж. катары адам гана эсепте­лет. Кылмыш кесепетинен Ж. каза болсо, анын туугандарынын бири тергөөчүнүн же судьянын чечими м-н Ж. деп табылат. Бир иш б-ча Ж. жарандык доогер да болушу мүмкүн. Ж-нун укугу жарандык доогердикинен кенен. Ж. өз көрсөтмөсүндө жалган айтканы же көрсөтмө­дөн баш тартканы үчүн жазага тартылат.