ЖАДГАЛ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАДГАЛ , Ж и д г и л – тарыхый топоним, о. кылымдарда азыркы Чаткал өрөөнүндө жайгашкан өзөн, шаар, аймактык комплекстин (округ, облус) аталышы. Ж. ж-дөгү негизги маалыматтар араб, фарси тилдериндеги геогр. ад-ттарда кезигет. Ал-Истахри (920-ж.) Ж-ды өзөн ж-а Ферганага караган облус деп белгилейт. Ибн-Хаукал (10-к.) б-ча Ж.– облус, анын борбору – Ардланкет. «Худуд ал-Алам» – «Ааламдын чыгыштан батышка чейинки чек аралары тууралуу китеп» (982–983-ж. жазылган автору белгисиз ) аттуу китепте Ж. – Фергананын тоо арасындагы бир району, анын чакан шаарлары, көп кыштактары, кендери бар экени, анда жылкы м-н кой асыралары айтылат. Кийин, 16-к-да молдо Сайф-аддин Аксыкенти тажик тилинде жазган «Мажму-ат-таварих» («Тарыхтар жыйнагы») эмгегинде Ж-да 3 шаар болгону баса белгиленет. Археол. изилдөөлөрдөн кийин Күлбөскан (байыркы Ардланкет), Үч-Булак, Чанчаркандагы эски коргондор 10–11-к-дагы ири шаарлардын орду, маанилүү тоо-металлургия комплекстеринин болгондугу ырасталды. Булардын ар биринде цитадель, шахристан, рабат болгон. Ж. м-н Чаткал бир эле аталыштын эки түрдүү жазылышы. Араб алфавитинде «ч» тыбышынын жоктугунан араб-фарси ад-ттарында номендин башкы тыбышы «ж» тамгасы м-н жазылган болуу керек (С. Өмүрзаков, 1982) деп божомолдонот.