ЖАЙЛОО: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЙЛОО – жайкы конуш, мал жайыты. Ж-го абасы салкын, чөбү мол, суусу кенен жерлер тандалат. Ж. ички ж-а сырткы болуп бөлүнөт. Ички Ж-го бөксө тоолордогу, сырткы Ж-го алыскы бийик тоолордогу (Ысык-Көлдүн сырты) жайыттар кирет. Ж-нун чөбү жагымдуу ж-а сиңимдүү болгондуктан, мал тез эттенип, организми чың болот. Ж-до негизинен бетеге, шыбак, доңуз сырты, тулаң ж. б. ар түрдүү чөптөр өсөт. Алардын курамында 8–10% протеин кармалат. Кырг-ндын Ж-лору деңиз деңг. 2500– 3000 м бийиктикте орун алган, мис., Ак-Сай,

Арпа, Кара-Төр, Көлтөр, Ашуу-Төр ж. б. Бийик тоо арасы төр, ат жайлоо делет. Ж-лордун чөбүнүн түшүмдүүлүгү бирдей эмес, мис., ат Ж-лордо гектарынан 1,1 цден 14,9 цге чейин, бөксө тоолуу Ж-дон 5,3–18,3 цден чөп алынат. Ж. чөбү өсүп, сабак байлардын астында малга жегиликтүү, гүлдөп баш алганда күчтүү келет. Бөксө Ж-лордогу 1 ц кургак чөптө 45–80 тоют бирдиги, 7–10 кг сиңимдүү белок болот. Ж. чөбүндө иод аз. Ж. ар кандай бийиктикте болгондуктан, бийик тоолуу Ж-го кой, бөксө тоолорго уй м-н жылкы жаюу сунуш кылынат.