ЖАЙСАҢ ЫРЧЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАЙСАҢ ЫРЧЫ – алгачкы манасчы. Ж. ы-нын тарыхта болгондугу ж-дө маалыматтар жок. 14– 18-к-да Жайсаң деген ат Юань династиясынын (1260–1368) мезгилиндеги кытайдын «Цзайсян» деген даражасына байланыштуу пайда болгон. Бул даража термин (зайсан) кийинчерээк 14– 15-к-дан тартып ойроттор м-н моңголдордун арасына кеңири тарап, алардын феодалдык ак сөөктөрүнө да колдонула баштаган. Кийин кыр­гыздарга ойрот-моңголдор аркылуу кирип, эн­чилүү ат катары колдонулуп калган. С. Орозба­ковдун варианты б-ча Ж. ы. Манас м-н Ка­йыпдаңдын урушунан кийинки окуяда эскерил­ген. Манас Кайыпдаңды согушта жеңип, анын кызы Карабөрктү алганда тигилген боз үйдүн жасалгасын: «Салтанатын көргөндө, Жайсаң ырчы дегени, Жалаң үйдүн порумун, Жарым күнү ырдаган» деп, ырчынын аты аталат. «Манас» эпосун алгач айтып чыккан ырчы болушу мүм­күн, бирок бул пикирди негиз катары кароого болбойт» деген М. Ауэзов. Жумгалдык Бүбү Ма­риям Муса кызынын айтуусунда «Жайсаң» ат­туу 10 томдон турган китеби жарык көргөн (2009).


Ад.: Ауэзов М. Киргизская народная героическая поэма «Манас»//Киргизский героический эпос «Манас». М., 1961; Юнусалиев Б. «Манас». // Манас. 1-китеп. Ф., 1958; Бартольд В. В. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1997; Үмөт уулу Жайсаң. Айкөл Манас. Дастан. 1– 10-китеп. Б., 2009. Т. Бакчиев.