ЖАЙЫЛГАН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЖАЙЫЛГАН – Талас обл-нун Манас р-нундагы кыштак. Покровка айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 725 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Покровка кыш-нан 3 км түн. тарапта. Жамбыл т. ж. бекетинен 30 км. Кыштак 1900-ж. негизделген. Калкы 1289 (2007); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.