ЖАЙЫЛМА 1: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАЙЫЛМА – дарыя өрөөнүнүн таманынын суу кирген мезгилде гана суунун алдында калуучу бөлүгү. Суу нугу м-н тектирдин аралыгында пайда болот. Төмөнкү (жыл сайын суу капта­ган) ж-а жогорку (бир нече жылда бир, суу өтө жогорку деңгээлге жеткенде) Ж. болуп бөлүнөт. Ж. суу нугунун каптал жылышууларынын не­гизинде аллювий чөгүндүлөрүнүн топтолушунан пайда болот. Ж-нын дарыя нугунан бийикт. ондогон смден бир нече мге чейин жетет. Неги­зинен агын суу шилендилеринен турат. Көп учур­да топурак кыртышы калыптанып, чөп, бадал, токойлор өсөт. Кээде чымдашпаган шагыл-таш­тардан турат. Анда нукту жээктей жаткан жал­ча-дөбөлөр, байыркы меандрдын издери, кал­дык көлдөр, саздак жерлер кездешет. Түздүк аркылуу аккан дарыянын Ж-сынын туурасы ондогон кмге жетет. Тоо дарыяларында Ж. адат­та айрым бөлүктөрүндө гана кездешет. Ж-да көбүнчө күрдүү аллювий топурактары өрчүйт. Табигый өсүмдүктөрдөн шалбаа, дарак-бадал­дар (тал, терек, жийде, чычырканак ж. б.) өсөт. Ж-га чөп жакшы чыгат, ошондуктан ал жайыт, чабынды, огород катары кеңири пайдаланылат.
Түш. Кырг-нда Ж-га көбүнчө шалы эгилет.