ГРОПИУС: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

04:13, 23 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГРО́ПИУС Вальтер (18. 5. 1883, Берлин – 5. 7. 1969, АКШ, Массачусетс, Бостон) – немец архитектору ж-а арх-ра теоретиги. Мюнхен м-н Берлиндеги Жогорку тех. мектептен окуган (1903–07). Чыг-лыгынын өсүшүнө П. Беренстин таасири тийген. 1918-ж. Веймардагы Колдонмо ж-а сүрөт иск-во мектебин башкарган. 1937–

В. Гропиус, А. Мейер. Альфельддеги «Фагус» бут кийим фабрикасынын имараты. 1911–16.

52-ж. Кембриждеги (АКШ) Гарвард ун-тинин арх-ра бөлүмүнүн проф. (1938-жылдан жетекчи). Функционализмге негиз салгандардын бири. Арх-ранын рационалисттик принциптерин иштеп чыккан. Г. бир катар маанилүү курулуш, имараттарды долбоорлогон ж-а курдурган: Альфельддеги «Фагус» буткийим ф-касы (1911, А. Мейер м-н бирге), Дессаудагы «Баухауз» имараты (1925–26), Улуу Британиядагы Импингтон кыштак коллежи (1936–39, М. Фрай м-н бирге), АКШдагы Питсбургга жакын жердеги Нью-Кенсингтон өнөр жай посёлкасы (1941, М. Брёйер м-н бирге), АКШ элчилигинин Афиныдагы имараты (1957–61) ж. б.