ЖАКБОЛОТ ЯШМА КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАКБОЛОТ Я́ШМА КЕНИ Нарын р-нунда, Нарын ш-нан 55–60 км түн.-чыгыш тарапта, Туюк- Суу ж-а Жакболот сууларын бөлүп турган белде, деңиз деңг. 3000 м бийикте жайгашкан. 1966-ж. табылган. Кен аймагын ордовик мезгилинин башталышында пайда болгон чөкмө тектер түзөт. Кен гематит-кремнийлүү ж-а кремнийхлорит-чополуу сланецтердин арасында, яшма линзаларынан турган узун тилкени түзүп жатат. Яшманын өңү ачык кызыл, көгүш кызгылтым, боз ж-а каралжын темгилдүү. Блоктуулугу 5Ч10Ч10 см. Оңой сайкалданат. Жылмаланган бет түрдүү түстө кубулуп, кооз оймо-чийме пайда болот. Болжолдуу ресурсу ондогон миң м3ге жетет. Яшмадан белектик кооз буюмдарды жасоого болот.