ЖАКШЫЛЫК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАКШЫЛЫК Сарык уулу (1880, азыркы Ысык- Көл обл., Түп р-ну, Шаты айылы – 1934, ошол эле жер) – семетейчи. Өмүрү ж-а чыг-лыгы ж-дө жазылып калган материал жок. Эл ичинде «Кара ырчы» деген ат м-н таанымал болгон. 1929-ж. Х. Карасаев, Б. Жаркынбаев ж-а О. Мамырканов Ж-тын айтуусунда «Семетей» м-н «Сейтекти» жазып алышкан. Ал кол жазма 12 китепче (дептер) болуп, КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат. Ж-тын «Семетейинде» жалпы сюжеттик нук сакталган, Канчоро м-н Күлчоронун образдары С. Каралаев, Тоголок Молдо, Шапак Рысменде уулу сыяктуу манасчылардын варианттарынан өзгөчөлөнүп турат. Ж-тын «Жылдыз» аттуу поэмасы эл арасына кеңири тараган.
Ад.: Кыргыз адабиятынын тарыхы. II т. Б., 2002.