ЖАКШЫЛЫКОВ 1: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАКШЫЛЫКОВ Алымкул [1890, Бишкек уезди, Ак-Суу болушу (азыркы Сокулук р-ну, Белек айылы) – 1938, Фрунзе) – Кырг-нда Совет бийлигин орнотууга ж-а чыңдоого активдүү катышкандардын бири.

Сов. парт.мектепти(1928–30),О. Азия коммунисттик ун-тинин курсун (1933, Ташкент), Москва соц. жер иштетүү ак аде м и я с ын (1935) бүтүргөн. 1916–17-ж. Чөмүч суу сактагычында жумушчу болуп эмгектенип, орус революционерлери м-н таанышкан. 1918-ж. большевиктер партиясына өтүп, Сокулук аймагын большевиктик алгачкы парт. ячейканы уюштурган. 1920-жылдан «Жардыжалчы» уюмунун, ревкомдун, Сокулук, Аламүдүн р-ндорунун аткомунун, Сокулук р-ндук жер-токой бөлүмүнүн, ВКП(б)нин Фрунзе ш-дык, Аламүдүн, Нарын р-ндук жумушчу-дыйкан инспекцияларынын төрагасы, жооптуу секретары, контроль комиссиясынын жооптуу секретары, «Кыргыз токой» трестинин директору болуп иштеген. Кыргыз АССР БАКтын мүчөсү (1936). 1936-ж. жалган жалаа м-н партиядан чыгарылып, 1937-ж. 30-декабрда атууга буйрулган. 1957-ж. акталган. Сокулук аймагында кедейлерге жер бөлүштүрүү, отурукташтыруу, колхоздоштуруу, мектеп куруу иштерин жетектеген. Сокулук р-нунун борборундагы мектеп-гимназияга ысмы берилип, айкели орнотулган. З. Бейшеев.