ЖАКШЫЛЫКОВ 2: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАКШЫЛЫКОВ Асан (6. 10. 1949-ж. т., На­рын обл., Нарын р-ну, Миң-Булак айылы) – кыргыз эл жазуучусу (2007), акын, драматург, прозаик-эссеист, котормочу, коомдук ишмер, Кырг-н Ле­нин комсомолу сыйл. лау­реаты (1979), КРдин мад­тына эмг. сиң. ишмер (1995), Акындардын дүйнөлүк кон­гр есси нин мүчөсү (1992; Штаб-квартирасы Лондон­до), КРдин билим берүүсү­нүн отличниги (1999). Фрун­зедеги политех. техникумду (1

968), К. И. Скрябин атн. КАЧИни (1976), СССР

жазуучулар союзунун Москвадагы Жогорку ада­бий курсун (1985) бүтүргөн. 1968–70-ж. Нарын р-нунун Куйбышев атн. колхоздо гидротехник, комсомол уюмунун секретары, 1970–74-ж. ЛКЖС БКда жооптуу кызматта иштеген. 1974–83-ж. Кырг-н жазуучулар союзунун жаштар м-н иштөө секциясынын жетекчиси, 1986–89-ж. СССР ада­бий фондусунун Кырг-ндагы бөлүмүнүн дирек­тору, 1989–91-ж. Кырг-н жазуучулар союзунун секретары, 1991–95-ж. 1-секретары, 1995–97-ж. төрагасы, 1996-жылдан Кыргыз улуттук теле­радиокомпаниясында «Рух» продюсердик бор­борунун директору, 1997-ж. «Обо» гезитинин башкы редактору, 1997-жылдан КОФ Пен-клу­бунун президенти. «Таңдын ырахаты» аттуу туң­гуч ыр жыйнагы 1969-ж. жарык көргөн. Ал «Улуу шашке» (1977), «Бейпил көктөм» (1979), «Белес» (1981), «Макмал төр» (1983), «Ыклас» (1985), «Ысык-Көл сонатасы» (1989) аттуу ыр­лар ж-а поэмалар жыйнактарынын, «Мээрим» (1987) аттуу ыр м-н жазылган романдын ав­тору. Балдар үчүн «Жайлоодо» (1977), «Жазгы байыр» аттуу ыр китептери, тандалмаларынын 5 томдугу (1999–2000), «Учкул ойлор – Крыла­тые мысли» (2003), «Ыр дүйнө жана элет аңге­мелери» (2005) бар. «Кыргыз көчмөн цивилиза­циясы», «Манас дүйнө таанымы» (2005), «Кыр­гыз жолу», «Айкөлдүк, салттуулук, сулуулук» (2006), «Ыр чабыт» (2008) аттуу китептери жа­рык көргөн. «Көкөй кести» драмасы Нарын дра­ма театрында (1993) коюлган. Ж. лироэпика­лык акын, ал мазмун ж-а форма жагынан эл­дик салттуулукта да, эркин ырларда да бирдей эргүү м-н кеңири филос. ой жүгүртөт. «Эстутум» ж-а «Кыргыз жолу» деген китептеринде кыр­гыз таанууга өзгөчө жол издеп, кыргыз фоль­клорун, тарыхын, дүйнө таанымын, көчмөн ци­вилизациясын өзгөчө өңүттө изилдейт, дүй­нөлүк диндердин негиздөө маселелерин салыш­тырууга аракеттенет. Көптөгөн ырлары ук­раин, белорус, моңгол, казак, англис тилдери­не которулган. Орус тилинде «Пути земные» (1993), «Побеги доброты» (1989), «Жизнь» (1992), «Восхождение к чистоте» (2005) ж. б. китеп­тери жарык көргөн. Лирикалык ырларына обон чыгарылган, романстар жазылган. А. С. Пуш­кин, Р. Тагор, Л. Леонов, Э. Межелайтис,


Б. Олейник, Г. Эмин, Абай, Я. Смеляков ж. б. акындардын айрым чыгармаларын кыргыз ти­лине которгон. Медаль м-н сыйланган. Ы. Кадыров.