ЖАКШЫЛЫКОВ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАКШЫЛЫКОВ Талгар (23. 10. 1964-ж. т.‚ Казак ССРи, Алматы обл., Балкаш р-ну, Куйган кыш.)

– опера ырчысы (бас)‚ КРдин эл арт. (2003). 1984–86-ж. Караколдогу Ы. Туманов атн. муз. окуу жайында окуган. 1987–93-ж. А. Малдыбаев атн. Кыргыз улуттук опера ж-а балет театрынын хорунда ырдаган. 1993-ж. Б. Бейшеналиева атн. КМИИни бүтүргөндөн 2001-ж. чейин Кыргыз улуттук опера ж-а балет театрынын солисти, 2001-жылдан Казакстандын Астана ш-ндагы опера ж-а балет театрында эмгектенет. 1998–2000-ж. Италиянын Кальи ш-ндагы Марво Дель Монако академиясында сабак алган. Кыргыз улуттук опера ж-а балет театрында аткарган ролдору: король Рене (П. Чайковский‚ «Иоланта»)‚ Тегирменчи (А. Даргомыжский‚ «Cуу периси»)‚ Кончак (А. Бородин‚ «Князь Игорь»)‚ Мефистофель (Ш. Гуно‚ «Фауст»)‚ Тейитбек (Н. Давлесов‚ «Курманбек»)‚ Коңурбай (В. Власов‚ А. Малдыбаев‚ В. Фере‚ «Манас») ж. б. Дүйнөлүк ж-а жерг. композиторлордун ырларын‚ романстарын чебер аткарат. Көптөгөн чет өлкөлөрдө гастролдо болгон.