ЖАКЫНДАН НАЧАР КӨРҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАКЫНДАН НАЧАР КӨРҮҮ , г и п е р м е т р о­п и я – көрүү кемчилдиги, буюмду жакындан бүдөмүк көрүү. Мында буюмдан чагылган нур көздүн тор кабыкчасына түшпөстөн, анын арты­на өтүп кетет. Ж. н. к. көздүн тунук чели м-н ж-а чечекейинин сындыруу күчүнүн начарлыгы­на же көздүн алдыңкы-арткы огунун кыскалы­гына байланыштуу болот. Дээрлик бардык бал­дар төрөлгөндө жакындан начар көрөт, бирок өсүү ж-а өрчүү процессинде (10 жаш чамасында) көпчүлүгүнүн көрүүсү калыбына келет. Анын ки­чине ж-а орт. даражасында (+3 диоптрийге че­йин) көздүн курчтугу адатта өзгөрбөйт, ошон­дуктан атайын көз айнек м-н жөнгө салуунун зарылчылыгы жок. Жогорураак даражасында (диоптрий +5тен ашканда) кээде көздүн курчту­гу начарлайт, көз айнек тагынганда көрүү ка­димки абалына келбейт. Ал күчөгөндө, көз ай­нек пайдаланбаган кишинин көзү бат чарчап, башы ооруйт, чекеси уюп, көздө басым байка­лат, окуганда тамгаларды ажырата албай ка­лат. Окууну токтоткондо көрүү убактылуу ка­лыбына келет. Мектеп окуучуларында баш оору пайда болсо, врачка кайрылуу зарыл. Ж. н. к. байкалган балдар көз айнек тагынуусу керек. Айрым учурда ал күчөп кетсе, баланын көзү чалыр болуп калат.