ЖАЛБЫРАК ЖАЙГАШУУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЛБЫРАК ЖАЙГАШУУ , ф и л л о т а кс и с – жалбырактын сабакта жайгашуу тартиби. Ал өркүндүн түзүлүшүнүн симметриясын чагылдырат. Өсүү конусундагы жалбырак түйүлдүгүнүн орун алышына көз каранды, демейде систематикалык белги болуп эсептелет. Жалбырак сабакка күн нуру жакшы тийгидей ыңгайланып жайгашат. Ж. ж-нун 3 түрү белгилүү. Кезектешип жайгашууда сабактын ар бир муунуна бирден жалбырак (кайың, күн карама, ит мурун), тушташ жайгашууда ар бир муунда экиден жалбырак өсүп, жалбырактарынын бири экинчисинин каршысына орношот (сирень, зараң), чалгычтай же тегерек жайгашууда муунда үч же андан ашык жалбырак жайгашат (элодия, кырк муун, рута).