ЖАЛГЫЗ-ӨРҮК НЕФРИТ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЛГЫЗ-ӨРҮК НЕФРИ́Т КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Ала-Бука р-нунда, Каба кыш-нан 10 км түндүктө, Кан-Сай коктусунун башында жайгашкан. Кен аймагын таш көмүр мезгилинин башталышында пайда болгон акиташ тектери түзөт. Аларды гранит-диорит интрузиясы жиреп чыккан. Акиташ тектери интрузия м-н кошулган жерлерде мраморлошуп, айрым жерде доломиттешип калган. Бул зонада калыңдыгы 1 м, уз. 10 мге жеткен эпидозиттин тулкулары кезигет. О. эле мында, калыңдыгы 1 смге жеткен тарамдар түрүндөгү нефрит бар. Нефрит ачык жашыл түстө. Андан асем буюмдарды жасоого болот.