ЖАЛПЫ АСКЕРДИК МИЛДЕТ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЛПЫ АСКЕРДИК МИЛДЕТ – өз өлкөсүнүн куралдуу күчтөрүндө мыйзам чегинде аскердик кызмат өтөө милдети. КРдин жараны болгон бардык эркектер тегине, мүлктүк ж-а кызматтык абалына, билимине, тилине, динине, расасына, улутуна, жашаган жерине, саясий ж. б. ынанымдарына карабастан, мамлекеттин Куралдуу Күчтөрүнүн катарында аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү. Тынчтык мезгилде 19 жаш-
тан 40 жашка чейин мед. же башка атайын даярдыктан өтүшкөн, КРдин жарандары болгон аялдар да аскердик каттоого алынып, аскердик жыйындарга тартылып ж-а аскер кызматына ыктыярдуу кабыл алына алат. Согуш мезгилинде КРдин Президентинин чечими б-ча аялдар көмөкчү ж-а атайын кызмат өтөө үчүн Куралдуу Күчтөргө чакырылышы ыктымал. Аскерге чакырылгандар ата мекенин, элин сүйгөндүгүн, ага берилгендигин, жан дили м-н кызмат кылууга умтулгандыгын билдирип, аскердик ант беришет. Аскердик кызмат КРдин Куралдуу Күчтөрүндө анык аскер кызматынан ж-а запастагы кызматтан турат. Өлкөнүн жарандары КРдин мыйзамдарына ылайык альтернативалык (аскерден тышкары) кызматка чакырылышы мүмкүн.