ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ – билим берүүчү мектептерде бардык балдарды милдеттүү түрдө (тиешелүү минимум көлөмүндө) жалпы окутуу. Ж. б. б. мамлекет тарабынан камсыз кылынат. Жалпыга бирдей билим берүүнү 16-к-да Т. Мор сунуш кылган. 18-к-да Улуу француз рев-ясы балдарды милдеттүү түрдө окутууну жарыялаган. К. Маркс м-н Ф. Энгельс «Коммунисттик партиянын манифестинде» (1848) бардык балдарды коомдук негизде акысыз окутуп-тарбиялоо талабын коюшкан. Париж коммунасы муну иш жүзүнө ашырууга аракет жасаган. Башталгыч мектептердин көлөмүндө балдарга милдеттүү түрдө Ж. б. б. мыйзамдары Данияда (1814), Швецияда (1842), Норвегияда (1848), АКШда (1852–
1900), Японияда (1872), Англияда (1880), Францияда (1882) ж-а Латын Америка өлкөлөрүндө 20-к-да кабыл алынган. Россияда 16 жашка чейинки улан-кыздарга жалпыга милдеттүү ж-а акысыз кесиптик билим берүү талабы РСДРП-нин 2-съездинде кабыл алынып (1903), партиянын Программасында коюлган. 18-к-дын аягы – 19-к-дын башында Кырг-ндагы ислам дин
өкүлдөрү жерг. элдин тестиер балдарын мечит, медреселерге окута баштаган. Кыргыз балдары Караколдогу ж-а Пишпектеги башталгыч окуу жайларынан төрт жылдык билим алышкан. Кийин ал 1914-ж. жогорку башталгыч окуу жайына айланган (к. Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы). СССРде милдеттүү башталгыч билим берүү 1930-ж. башталып, 1934-ж. бардык жерде ишке ашкан. Кыргыз АОсунун обл. элге билим берүү бөлүмү 1924-ж. түзүлүп, 1927-ж. Кыргыз АССРинин, 1937-ж. Кыргыз ССРинин, 1946-ж. Кыргыз ССРинин Агартуу эл комиссариаты, 1962-ж. Кыргыз ССРинин Агартуу министрлиги, 1988-ж. Кыргыз ССРинин Элге билим берүү министрлиги болуп өзгөргөн. 1933– 37-ж. СССРде жалпыга милдеттүү жети жылдык билим берүү каралып, негизинен 1956-ж. аткарылган. 1958-ж. жети жылдык билим берүүнүн ордуна жалпыга милдеттүү сегиз жылдык билим берүү киргизилип, 1962–63-ж. турмушка ашырылган. КПССтин 24-съездинин директиваларына ылайык 9-беш жылдыктан баштап жалпыга милдеттүү он жылдык орто билим берүү жүзөгө ашкан. Кийин ал 1992–93-окуу жылында он бир жылдык окуу мөөнөтүнө өткөн. Базалык жалпы билим берүү милдеттүү ж-а акысыз болгон. 1991-ж. 1794 мектеп болсо, 2006-ж. 2066га жеткен. 1994-ж. билим берүү мекемелерин лицензиялоо системасы киргизилген. 1995-ж. Улуттук тест жүргүзүү борбору түзүлгөн. Ал жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн билимдерине талдоо жүргүзөт. Билим берүүнү реформалоо процессинде өлкөнүн 2025- жылга чейинки билим берүү стратегиясын аныктаган Мамл. билим берүү доктринасы (2000),
«Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейин
өнүктүрүүнүн комплекстүү негиздери» улуттук программасы (2001), Жакырдыкты кыскартуунун улуттук стратегиясы (2003–05), «Айыл мектеби» комплекстүү программасы (2003) иштелип
чыккан. КРдин Өкмөтү 2015-ж. чейин бардыгы
үчүн билим берүү б-ча улуттук планды, 2010-ж.
чейин КРдин билим берүү тармагын өнүктүрүүнү бекиткен. 2003-ж. «Сапаттуу жана жеткиликтүү базалык жалпы билим берүү жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Кырг-ндын жарандарынын акысыз базалык жалпы билим алуусуна кепилдик берген бул документтерде билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн кыска (5 жылдык) ж-а узак мөөнөттүү (10–15 жылдык) максаттары көрсөтүлгөн, коюлган максаттарга жетүүнүн стратегиясы түзүлүп, тактикасы аныкталган. 2006-ж. окуу предметтери б-ча мамл. стандарттар жаңыртылды. 2008/09-окуу жылында Ж. б. б. мекемелеринде 1 млн 160 миң бала окуган. Майып, жетим ж-а кароосуз калган балдар үчүн жалпы билим берүүчү 37 мекеме иштеген. Жалпы билим берүүчү адистештирилген 20 мекемеде (а. и. 14ү интернаттык типтеги) 3, 8 миң жеткинчектер ж-а өспүрүмдөр тарбияланууда. КРдин Билим берүү министрлиги тарабынан Улуу Британиянын «Балдарды сактагыла» эл аралык фонду м-н бирдикте өзгөчө муктаждыктагы балдарды массалык мектептерге интеграциялоого жардам көрсөтүлүп, облус аралык психол.-мед.- пед. консультациянын базасында Инклюзивдик билим берүү ресурстук борбору иштей баштаган.
Өлкөдөгү жалпы билим берүүчү мекемелердин 80%тен көбүн айыл мектептери түзөт (2008). 1991–2003-ж. кыргыз, орус, өзбек ж-а тажик мектептери үчүн 15 млн 8 миң нуска 460 аталыштагы окуу китептери басылып чыккан. Натыйжада республика б-ча мектептер окуу китеп м-н 77,4% камсыз болгон. О. эле маалыматтык-коммуникациялык технология, б. а. Ж. б. б. мекемелерин компьютерлештирүү, интернет тармагына кошуу улантылууда. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо системасы жаңыртылып, системалык мониторинг ишке
киргизилүүдө. Окуу пландарынын ж-а окуу программаларынын мазмунун кайрадан иштеп чыгуу зарылдыгы бар. Ж. б. б. тармагын реформалоону жүргүзүүдө педагогдук кадрлар өзгөчө роль ойноодо. 2009-ж. республикада 73 миң мугалим эмгектенген. Алардын кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуу Кыргыз билим берүү академиясында жүзөгө ашырылат.
М. Молдалиева, А. Элебесова.