ЖАЛПЫ ЭКОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАЛПЫ ЭКОЛО́ГИЯ – ар түрдүү экол. билим­дерди бирдей негизде бириктирген ил. багыт. Анын өзөгүн теор. экология (экология тармак-


тарынын жалпы мыйзам ченемин аныктайт) түзөт. Табигый экол. процесстердин көбү түрдүү себептерге байланыштуу өтө жай өтөт. Аны изилдөөдө жалаң байкоо жүргүзүү жетишсиз, ага сынак да талап кылынат. Бирок сынак мүмкүн­чүлүгү экологияда чектелүү гана. Ал үчүн модел­дештирүү (айрыкча матем. моделдештирүү) ке­ңири колдонулат. Ал маалыматтарды иштеп чы­гуу ж-а материалдарды терең талдоо ишин теор. экология ж-а матем. экология карайт, к. Экология.