ЖАЛПЫ ЭЛДИК ТИЛ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЛПЫ ЭЛДИК ТИЛ – бир тилде сүйлөгөн элдин өкүлдөрүнө бирдей даражада түшүнүктүү ж-а мүнөздүү тил. Ж. э. т. – ошол элдин күндөлүк турмушунда колдонулуп, пайдаланылуу чөйрөсү ж-а стили жагынан чектелбеген, жалпыга түшүнүктүү тилдик факты. Анын негизин тектеш диалект, айтымдар түзөт. Өз ара жакын диалектилердин бирөө Ж. э. т. абалына чейин
өнүгүп, экинчиси диалект б-ча жашай берет. Айрым учурда тигил же бул уруу башка уруулар м-н байланышпай, өз алдынча өнүгө берип, элге айланып, анын тили ошол элдин Ж. э. т-ин түзүп калат. Башында Ж. э. т-де сүйлөгөн эл аймагы жагынан ар түрдүү мамлекеттин курамына кирип калып, узак убакытка өз ара байланышы
үзүлүп калса, анда алардын ар биринде өз алдынча өзгөчөлүктөргө ээ болгон Ж. э. т. пайда болот. Буга бурят, халка-моңгол тилдери мисал. Тилдин өнүгүшүнө, байышына ж-а жазуусунун такталышына, Ж. э. т-дин адабий нормаларынын калыптанышына мамл. түзүлүш өбөлгө түзөт. Ж. э. т-дин толук такталган, калыптанган, жазууга эгедер формасы – улуттук адабий тил.
С. Мусаев.