ЖАМАНКУЛ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАМАНКУЛ Бөрүбай уулу (1884, азыркы Чүй обл., Кант р-ну, Чоң-Далы айылы – ө. ж. б.) – төкмө акын. 1912-ж. Шабдан баатырдын ашында жар чакырып, кыргыз-казакка ырчы катары белгилүү болгон. Кырг-ндын түн.-түштүгүнөн, коңшу элдерден көптөгөн ак таңдай акындар чогулган чоң жыйындарда акындык өзгөчөлүгүнөн, үнүнүн күчтүүлүгүнөн ж-а тембринин кооздугунан улам жарчылыкты көбүнчө ага ыйгарышкан. Анын адабий мурасы бизге өтө аз санда жеткен, эл оозунда калган ырлары эл мүдөөсүн көрө билген чоң ырчы экенин айгинелейт. Буга анын 1916-жылкы көтөрүлүш учурундагы элдин башына түшкөн мүшкүлдү реалдуу сүрөттөгөн ыры айкын мисал. Ал өз мезгилинде көп акындар м-н айтышкан. Алардын ичинен Найманбай ырчы м-н айтышканы гана чакан көлөмдө сакталган. Ж. «Манас», «Семетей» эпосторун да мыкты аткарган. Анын чыгармалары 1946-ж. Бишкекте басылып чыккан «Кыргыздын эл акындары» аттуу китепке киргизилген.