ЖАМБЫЛ 1: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАМБЫЛ Жабаев (28. 2. 1846, азыркы Казакстан, Жамбыл обл., Жамбыл тоосунун этегинде – 22. 6. 1945, Алматы) – казак акыны. Асан Кайгы, Букар ырчы, Жөжө, Балта, Шернияз, Шортонбай, Дулат, Доскожо, Майкөт ж. б. акындарды үлгү туткан. Ошону м-н эле бирге, канатташ кыргыз элинин сөз өнөрүн мыкты билген. Кыргыз жерин аралап ырдап, өлөң айтып, күү чертип, өнөрүн элге тааныткан. Акындын рев-яга чейинки чыгармалары өз оозунан ж-а шакирттеринен жазылып алынган. Кылым жашап, эки доордун күбөсү болгон акын мезгил м-н өмүр тууралуу ой толгоп, заман чындыгын, эл турмушун ырга кошкон. Дастан да айткан. Ж-дын чыг-лыгы тематикага бай, чыгармаларынын мазмуну терең, көркөмдүгү жогору болгон. «Замана агымы», «Жаштар алдындагы сөз», «Өмүр жөнүндө ыр», «Ала-Тоо», «Советтер Союзу» ж. б. ырлары белгилүү. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Ж. элди жеңишке үндөгөн оптимисттик, патриоттук ырларды жараткан («Москвага», «Ленинграддык балдарым», «Алгадай тууралуу ыр» ж. б.). Ж-дын ырлары чет тилдерге, а. и. кыргыз тилине да которулган. СССР мамл. сыйл. лауреаты (1941). Ленин ордени, башка ордендер м-н сыйланган. Жамбыл обл. анын ысмында.
Чыг.: Тандалган ырлар. Ф., 1955; Избранные произведения. А.-А., 1958.
Ад.: Исмаилов Е. Акыны. А.-А., 1957; Очерк истории казахской советской литературы. М., 1960. А. Садыков.