ЖАМИ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАМИ Абдурахман Нураддин ибн Ахмад (7. 11. 1414, Иран, Нишапурга жакын, Жам ш. – 9. 11. 1492, Герат, азыр Афганстан) – фарсы ж-а тажик акыны, философ. Гераттагы Дилкаш медресесин бүтүргөн. Самарканддагы Улукбектин
медресесинде окуп жүргөндө илимпоздор м-н аралашып, бат эле таанылган. Гератка кайра барып, ак сарайдагы кызматтан баш тартып, суфизм жолуна түшкөн. Ислам динин бекем тутууга, адилет жүрүүгө үндөгөн. Чыгармаларында элдин азаптуу турмушуна жаны кейип, бийлик өкүлдөрүнүн зомбулугун ашкерелеген. Султан-Хусейн Байкаранын (1468) бийликке келип, анда Алишер Навоинин вазир болушу Ж-нин абалын жакшырткан. Алгачкы чыгармалары:
«Алтын чынжыр» поэмасы (1472), прозалыкмистикалык трактаттары, уйкаштык ж-а өлчөм, ыр түзүү б-ча колдонмо. Диний филос. ырларында суфизмдин дүйнөлүк маанисин көтөрүүгө умтулуп, билимге, ыйманга чакырган. Ж-нин адабий ишмердигинин гүлдөгөн учуру
«Сыр кенчи» (1457), «Кудуреттин жарыгы» аттуу диний филос. касыйдаларын жараткан мезгилге (1471-жылдан кийин) туура келет. Ибн Синанын рационализмин ж-а ыйык суфийлердин таржымал жыйнактарын сындаган. Ж-нин даңкын чыгарган чыгармалары – лирикалык үч жыйнак (1479–91) м-н жети дастандан турган
«Хавтавранг» («Чоң жетиген») аттуу китеби.
«Искендердин акылмандуулугу жөнүндөгү китеп» (1486–87) деген дастанында элдердин тең укуктуулугу идеясын көтөргөн. Башка поэмаларында да Ж. өз эл-жерин сүйүүгө, өз ара ынтымакка, адилеттик м-н жоомарттыкка чакырган. «Саламан менен Абсалал», «Жусуп менен Зулайка», «Лайли-Мажнун» поэмалары нагыз
чындык м-н ыйман жолунда жазылган. Акыркы жылдардагы «Бахарстан» (1487), «Музыка жөнүндө трактат» чыгармалары Саадинин
«Гүлстанына» жооп болгон. Ж-нин гуманисттик чыг-лыгынын этикалык бийик идеалы фарсы тилиндеги ад-ттын ж-а дүйнөлүк мусулман ад-ттарынын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген.
«Лайли-Мажнун», «Жусуп менен Зулайка» ж. б.
чыгармалары кыргыз элине эзелтен белгилүү.
Чыгармалары көп тилдерге которулган. 1964-ж. СССРде Ж-нин 550 жылдык мааракеси өткөрүлгөн.
Чыг.: Избр. произведения: В 4 т. Душ., 1971–1981.
Ад.: Джами А. / Сб. статей. Душанбе, 1964; Афсахзод А. Лирика Абд ар-Рахмана Джами. М., 1988. А. Садыков.