ЖАН-БУЛАК КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАН-БУЛАК КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ – Нарын р-нунда, Нарын ш-нан 20 км батышта, Жан- Булак кыш-нан 1,5 км чыгышта, деңиз деңг. 2050–2100 м бийикте жайгашкан. 1976-ж. Түн. Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Төртүнчүлүк мезгилдин аягында пайда болгон кумшагыл катмары Нарын д-нын биринчи, экинчи, үчүнчү ж-а төртүнчү тектирин түзөт. Кумшагылдын жалпы калыңдыгы аныкталган эмес, изилденген калыңдыгы 4–15 м. Кум-шагылды жаап турган кумайлуу топурактын калыңдыгы 0,1–2,4 м. Орт. гранулометрдик курамы: 500–70 мм – 43,2%, 70–5 мм – 42%, 5 ммден майдасы –14,8%. Кум-шагыл «300» маркадагы бетон алууга жарамдуу. Бекитилген запасы: А – союзунун секретары болуп иштеген. 1954-ж. СССР жазуучулар союзунун алдындагы жогорку курста окуган. Адабий ишмердиги 1940- жылдары башталган. Учурунда ырлары, очерктери, фельетондору ж-а аңгемелери респ. гезитжурналдарга үзгүлтүксүз басылып турган. 1951-ж. балдар үчүн жазылган «Балалык» деген биринчи ыр жыйнагы жарыкка чыккан. Кийин «Бакыт гүлдөрү» (1951), «Ак козу» (1956), «Дуровдун бурчу» (1958), «Зоопаркта» (1960), «Өскөн жер» (1957), «Сыймык» (1961), «Жыргалым» (1965), «Бермет» (1967), «Көз нурларым» (1973), «Сүйүнөм» (1975) ж. б. ыр жыйнактары жарык көргөн. Ж. – «Ажырагыс достор» (1953), «Назарбектин классташтары» (1957), «Жети жылдыктын жеткинчектери» (1961), «Дагы кол чабылды» (1963), «Тилектештер» (1966) аттуу повесттердин автору. Жазуучунун негизги темасы – достук, кыргыз жергеси, анын жаратылыш байлыктары, балдардын Ата журтка болгон сүйүүсү, эмгекке тарбиялоо. Ж. «Бала менин өмүрүм» аттуу тандалган жыйнагы үчүн Кырг-н Ленин комсомолу сыйл. алган (1972). Ж-дин сценарийи б-ча бир нече фильм ж-а телефильм тартылган. Ж-дин айрым китептери орус, украин, өзбек, эстон, азербайжан, түркмөн, казак, татар, якут ж. б. тилдерге которулган. Эмгек Кызыл Туу, 2 «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.