ЖАНДАНДЫРУУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАНДАНДЫРУУ – айбанатты, жаратылыш көрүнүштөрүн же жансыз нерселерди сүрөттөөдө аларды адам сыяктуу ойлотуп, кайгыртып (антропоморфизм) көрсөтүүчү стилдик ыкма же каражат (мис., «Аскасы бийик тоо ыйлап, арс­тан Манас өлгөндө, карагай ыйлап, тал ый­лап...»). Ж. көркөм ад-тта сүрөттөлүп жаткан окуяны же кубулушту элестүү, даана чагылды­руу үчүн пайдаланылат. Ал фольклордо да, көркөм ад-тта да арбын учурайт (мис., «жүрөк ырдайт», «суу күлөт», «асман ыйлайт»).