ЖАНР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАНР (фр. genre – тек, түр, уруу) – адабий өсүштүн тарыхый узак жолунда жаралган ар кыл чыгармалардын окшош белгилеринин негизинде обочолонгон атайын топтору, типтери. «Ж.» термин катары көп убактан бери (16-к-дан) колдонулганына карабастан, алигиче так ил. аныктама ала элек. Айрым ад-тчылар Ж. деп ад-ттын тектерин (лирика, эпос, драма) көрсөтүшсө, кээ бири Ж-ды адабий тектерге эмес, алардын ар биринин жеке-жеке түрлөрүнө (элегия, поэма, аңгеме, роман, комедия ж. б.) колдонууну ылайык табышат. Кийинкиси көбүрөөк колдоого алынууда. Демек Ж. – адабий тектердин ички тармактарынын, түрлөрүнүн жалпы аты. Адабий тектер тигил же бул ички айкын бөлүктөргө ажыроочу жанрдык формалар аркылуу ишке ашат. Ж. бул жагынан адабий тектерди жиктөөнүн башкы бирдиги катары кызмат аткарат. Ж. көркөм чыгармалардын композициялык-сюжеттик түзүлүшү, образ жасоо ыктары, тил курулушу, ыргак-кырааттын уюшулушу өңдүү мазмун м-н форманын көп сандаган элементтеринде туруктуу кезигип ж-а кайталанып туруучу белгилердин бирдигин туюндурат. Ад-тта лирикалык тектин жанрдык формалары: арноо, коштошуу, кордоо ырлары, элегия, эпитафия, сонет; эпикалык тектик – миф, жомок, аңгеме, повесть, роман; драмалык тектик – интермедия, водевиль, комедия, трагедия ж. б. Көлөмү ж-а курулушу жагынан лирикалык Ж. (чакан), эпикалык Ж. (кеңири) деп бөлүнөт. Көпчүлүк Ж-лар ич ара төмөнкүдөй майда түрлөргө жиктелет: лирикалык ырлар композициялык тибине карай – сонет, казал, бейт, рубайи, ал эми тематикалык багытына карай саясий, гражд., сырдаштык, филос., пейзаждык ж. б., романдар тематикасына карай тарыхый, турмуштук, окуялуу, ил.-фантастикалык, образдарынын мүнөзүнө карай сатиралык, аллегориялык, публ. ж. б-га ажырап кетет. Адабий процессте Ж. тынымсыз өсүп-өнүгүп турат. Ар бир тарыхый доор Ж-дык формалардын салттуу белгилерин сактоо м-н алардын ички турпатына, табиятына мүнөздүү өзгөчөлүк кийирет. Бир жагынан бул ар бир ад-ттын улуттук бөтөнчөлүгүнө негизделсе, экинчи жагынан жазуучунун коомдук позициясына, адабий процесстеги ойногон ролуна байланыштуу болот. К ө р к ө м с ү р ө т – белгилүү бир теманын айланасында көркөм өнөр тармагын мүнөздөөчү түшүнүк. Көркөм сүрөт өнөрүн Ж-ларга бөлүү анын турмуш чындыгын терең үйрөнүүсүнө шарт түзгөн ж-а чагылдыруу каражаттарын иштеп чыгып өнүктүргөн. Ж. сүрөттүн предметин (портрет, натюрморт, пейзаж, тарыхый же согуш темасы), кээде сүрөттүн мүнөзүн (карикатура, шарж) чагылдырат. М у з ы к а д а – аткаруу ыкмасына жараша (вокалдык-жеке, ансамблдик, хордук; вокалдык-аспаптык, аспаптык-жеке, оркестрлик), турмуш-тиричилик Ж. (марш, бий, бешик ыры ж. б.), мазмуну б-ча (лирикалык, эпикалык ж-а драмалык), аткаруу орду ж-а шарты б-ча (театрдык, концерттик, камералык, киномузыка ж. б.) бөлүнөт. Т е а т р д а негизинен драматургия Ж-ы – трагедия, драма, комедия; өз кезегинде алар водевиль, комедия-памфлет, лирикалык комедия ж. б-ча бөлүнөт. Балетте эпикалык, лирикалык, балет-поэма, балет-роман, балет-жомок ж. б. Ж-лар бар. 20-к-дан Ж-да өз ара аракеттенүү ж-а түрүн өзгөртүү процесси ыкчам жүрүүдө.
Ад.: Щепилов Л. Введение в литературоведение. М., 1968. Поспелов Г. Н. Проблемы исторического развития литературы. М., 1972; Фрейденберг О. М. Поэтика сюжета и жанра. М., 1997; Назайкинский Е. В. Стиль и жанр в музыке. М., 2003. А. Садыков.